Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

Өкмөт салык мыйзамдарын өзгөртүүгө белсенди


Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш жана өкмөт салыкка байланыштуу жоон топ мыйзам долбоорлорун алып чыкты. Мыйзамдар пакети кризистен жабыр тарткан ишкер чөйрөнү колдоо максатын көздөйт.

Жыл башында миллиарддаган салык чогулбай калган жана жылдык планды аткаруу коркунучта турат. Ошол эле учурда адистер коррупцияга каршы күрөштүн алкагында бизнесмендерди текшерүү күчөгөнүн эскертүүдө.

Жаңы өзгөртүүлөрдүн карааны

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 11-ноябрдагы жыйынынын күн тартибине сегиз мыйзам долбоору коюлса, анын бешөө Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу болду.

Документтер ар кандай аталганы менен негизинен отчеттуулукту, текшерүүлөрдү, аудитти жана талаш маселелерди чечүүнү жеңилдетүүнү максат кылары белгиленди.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзам долбоорлордун бири Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизерин айтты:

Бекболот Алиев.
Бекболот Алиев.

«Киргизилип жаткан мыйзам долбоорунун саясаты бул салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган. Эң негизги эки өзгөртүүнү алып кирип жатабыз. Биринчиси - киреше салыгынын минималдык өлчөмүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө колдонулган эмгек акысынын минималдык өлчөмүн карап чыгуу. Экинчиси - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчетторду тапшыруу менен чакан орто бизнес үчүн ай сайын шайкеш келтирүү. Тагыраагы ушул эки отчетту бир отчет кылып туруп, үч айлык мөөнөттү кайра бир айга түшүрүү».

Жыйында бул мыйзамга айрым эл өкүлдөрү каршы чыгып, отчеттуулукту мурдагыдай эле калтыра турууну сунушташты. Депутат Дастан Бекешев мындай жүйө келтирди.

«Мен сунуштарды бердим. Тилекке каршы, өкмөт аны эске алган жок. Ар ай сайын отчет кылган да туура эмес. Социалдык фондго отчетту андан көрө кварталдык мөөнөткө өткөрүш керек. Кесиптештеримди отчетту үч айлык мөөнөттө эле калтырып турууга чакырат элем, келечекте Социалдык фондду да кварталдык отчетко алып барышыбыз кажет».

Андан ары Салык кызматы менен Социалдык фонддун өкүлдөрү мыйзам долбоорун коргоого аракет кылышты. Ага карабай документти кароо кийинки отурумдарга жылдырылды.

Дагы бир мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев өкмөттүн атынан демилгелеп чыкты. Анда салык маселесине байланыштуу талаш-тартыштарды кадимки сот аркылуу эмес, орусча айтканда «третейский суд», кыргызча айтканда «бейтарап сот» менен чечүүнү сунуш кылды.

«Бизде сотко таптакыр ишенич жок. Бул жашыруун деле эмес. Ага чет элдик инвесторлор эле эмес, жергиликтүү жарандар деле ишенбейт. Ошондуктан биз ошол эле инвесторлорду сактап калуу, аларды дагы да тартуу максатында ушул долбоорду киргизип жатабыз. Салык жагынан кандайдыр бир талаш жаралса, аны «бейтарап сот» гана чечсин деп жатабыз. Ишкана бир өкүл чыгарат, Салык кызматы бир өкүл чыгарат, экөө биригип дагы бир кишини соттукка тандашат. Талашты ошол үч киши гана чечет жана алардын чечими андан ары даттанууга жатпайт, башкача айтканда шаардык, облустук жана Жогорку сотко кетпейт».

Марлен Маматалиев азыр деле Кыргызстанда Эл аралык бейтарап сот иштей турганын, болгону анын чечими мыйзамдарга ылайык соңку чечим катары юридикалык күчкө ээ эместигин билдирет. Башкача айтканда, андан ары тараптар кадимки сот аркылуу соттошууну улантат.

Жыйында айтылгандай, 2015-жылдан 2018-жылга чейин Салык кызматы менен ишкерлердин ортосундагы салыкка байланыштуу 640 соттук талаш-тартыштын 96% бизнесмендер утулуп калган. Бул ишкер чөйрөнүн жана инвестордун нааразылыктарды жараткан.

2019-жылы 12 млрд. сомдук салык талашка түшүп, анын 7 млрд. 76 млн. сомун салык төлөөчү, 5 млрд. 51 млн. сомун Салык кызматы утуп чыккан.

Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сотунун төрагасы Шамарал Майчиев да мыйзам долбоорун жактады.

«Биздин бейтарап сот 2004-жылдан бери иштейт. Жылына 100дөй ишти карайбыз, жалпы 1200дөй ишти караганбыз. Биздин чечим азыр 152 өлкөдө таанылат, бирок биз караган иштер 18 өлкөгө тиешелүү маселелер болгон. Эгер Кыргызстанда, бейтарап соттун чечими соңку чечим болсо, анын эмнеси жакшы болмок? Биринчи кезекте, биз эки-үч айдын ичинде, өтө кыска мөөнөттө карайбыз. Бул мамлекетке да, салык төлөөчүгө да жакшы. Экинчиден, бизде 70% чечимдер тынчтык келишими менен эле аяктайт. Эмне үчүн? Так ошол соңку чечим деген түшүнүк, тараптарды мүмкүн болушунча келишүүгө түртөт. Эгер тараптардын кайра даттануу мүмкүнчүлүгү болсо, ал күчү жана ресурсу түгөнгүчө соттошуп жүрө берет».

Ошентсе да соңку мыйзам долбооруна Жогорку сот каршы чыкканы айтылды. Алардын өкүлчүлүгү келбей калгандыктан бул мыйзамды кароо да кийинкиге калды. Калган мыйзам долбоорлорунун да айрымдары артка жылса, кээлери экинчи-үчүнчү окуудан өттү.

«Салык төгүүчүлөрдү коргоп калуу керек»

Салыкка байланыштуу мыйзамдар пакетинин арасында мурдагы өкмөттүн тушунда кабыл алынган документтер да бар. Бирок көбү 5-6-октябрдагы башаламандыктарда абактан чыгып, өкмөттүн башына келген Садыр Жапаровдун тушунда демилгеленгени көрүнүп турат. Документтер Жапаров президенттин милдетин аткара баштагандан кийин парламентте биринчи окуулардан өткөн.

Депутат Акылбек Жапаров муну соңку экономикалык кризис менен байланыштырып, кубаттады:

«Өкмөт азыр кардиналдуу реформаларга даярданып жатат. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, биз кризис учурунда жашап жатабыз. Өлкөбүз импортко көз каранды, соода-сатык боюнча бир топ маселелерибиз бар. Соода жана тейлөө ички дүң өнүмүбүздүн 52% түзөт, ушулар кыйналса анда салык да кемийт. Ошондуктан азыр салык төлөөчүлөргө да жеңилдиктерди берип, салык чогулта турган органдарды тескеп, аларга да мүмкүнчүлүк бере турган ортодогу механизмдерди иштеп чыгалы деп жатышат. Ошонун ичинде аудиторлор боюнча да мыйзам долбоору бар. Маселен, Салык инспекциясы салык төлөөчүлөрдүн ирилерин, 7-8% гана текшерип жатат. Эми жаңы мыйзамга ылайык, калган ишканалар өздөрү көз карандысыз аудит кылса, аларды кайра текшерүүгө чектөө коюлат. Биз Кыргызстан 90% салыктын эсебинен жашайбыз. Мурдагы президенттер, өкмөт башчылар «менин тушумда чечилбесин, кийин карагыла» деп келе берип, экономикадагы «оорулардын» баары быйыл жарылды. Анан азыркы өкмөт айла жок «хирургиялык операцияга» барып, айрым учурларда «реанимацияга киргизиш керек», эптеп ошол салык төлөөчү сактап калыш керек. Мына азыр ошонун аракеттери башталып жатканы байкалууда».

Бирок ошол эле кезде ишкерлерге жана салык төлөөчүлөргө жеңилдик берилип жатканына ишенбей жаткандар да бар. Кыргызстандын агроөнөр-жай комплексин өнүктүрүү бирлигинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов буларга токтолду.

«Биринчиден, ишкерлерлердин эң чоң проблемасы болгон чек ара, экспорт маселелери чечилген жок. Экинчиден, өкмөт башчыбыз, президенттин милдетин аткаруучу экономикалык мунапыс деп, «мамлекеттин бюджетин толтурабыз, кустурабыз» деп чакырык жасап жатат. Муну тилекке каршы Финполиция, Башкы прокуратура болсун, башкача түшүнүп, башкача аракеттерди көрүп жатат. Бир жагынан «текшерүүлөргө мораторий кирди» деп, экинчи жагынан кайра эле ишкерлерди текшерип жатышат. Азыр бизнес кереги барбы же кереги жокпу? Ишкерлер азыр мына ушул суроого жооп таба албай турат. Кереги болсо анда колдоо жасалсын, кереги жок болсо анда аларды тинтип жата беришсин», - деди ал.

2020-жылдын бюджети кайра такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматы быйыл 75 млрд. 828 млн. сом салык чогултуу планын бекиткен. Жыл башында мекеме 4-5 млрд. сом чогулта албай калса, он айдын жыйынтыгында планга 98,8% жете келди.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков «Азаттыкка» мындайча комментарий берди:

«Ооба, март-апрель айларындагы эсепте чоң суммада жетишпестик байкалган. Бирок биз июль-август айларынан баштап, күзгү айлардан планды ашыра аткарып, ордун толуктайбыз деп план койгонбуз. Азыр ошол акыркы айларда ай сайын 1-2 млрд. сомдон ашык аткарып жатабыз. Мына он айга 63 млрд. 376 млн. сом план коюлган болсо болсо, биз бул аралыкта 62 млрд. 646,1 млн. сом аткардык. Болгону 730 млн. сом жетпей калдык. Ушул жүрүш менен жыл жыйынтыгында планды толук аткарып жетишебиз деп эсептейбиз».

Салыктан башка Бажы мекемесинде да төлөм чогултууда маселе бар. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 10 айдын жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматы планды 9 млрд. сомго кем аткарды.

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн 11-ноябрдагы чыгарылышында экономиканын абалы талкууланды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG