Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:42

Дүйнөдө жакырлар 115 миллионго көбөйөт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Пандемиядан улам дүйнө жүзүндө жакырчылыктын деңгээли соңку 20 жыл ичинде биринчи жолу жогорулаганы турат. Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасына ылайык, быйыл күнүнө 2 долларга жетпеген акчага күн көргөн адамдардын саны 115 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн.

Коронавирус пандемиясы ансыз да дүйнөнүн булуң-бурчундагы ар кыл жаңжалдардан жана климаттын өзгөрүшүнөн улам оңой менен азайбай жаткан жакырлардын катарын ого бетер калыңдатып койду.

Дүйнөлүк банктын “Жакырчылык жана жалпы бакубаттуулук” аттуу жаңы баяндамасына ылайык, быйыл дүйнө жүзүндөгү өтө жакыр катмарга дагы 88-115 миллион адам кошулушу мүмкүн. Бул дүйнө калкынын 1,4 пайызы дегенди билдирет. 2021-жылы андай адамдардын жалпы саны 155 миллионго көбөйүшү ыктымал.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, күнүнө 1,90 долларга күн көргөн адамдар өтө жакыр деп саналат. Эгер быйылкы жоромол ырастала турган болсо, анда дүйнөдө жакырчылыктын деңгээли 1998-жылдан бери биринчи жолу жогорулаган болот.

20 жыл мурда Азиядагы финансылык кризистен бери дүйнөдө жакырлардын саны азайып бара жаткан.

Баяндамага ылайык, колунда жоктордун катарына жаңы кошулган адамдардын көбү жакыр өлкөлөргө туура келет. Мурда өтө жакыр катмар көбүнесе айыл жергесинде жашаса, быйыл жакырчылык шаардыктарды да тооруп турат.

“Жакырлардын катарына жаңы кошулган адамдардын коронавирус пандемиясына чейинки кедейлерден айырмасы бар. Алар мурдагылардан билимдүүрөөк, адаттагыдай айыл эмес шаар жергесинде жашайт. Кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактарында иштешет. Мындай маалымат өкмөттөргө жакырчылык менен күрөшүү саясатын иштеп чыгууга жардам берет”, - деди Дүйнөлүк банктын жакырчылык тармагын тейлеген жетекчиси Каролина Санчес-Парамо.

2017-жылы дүйнөнүн 7,8 миллиарддай калкынын 9,2 пайызы өтө жакыр деп эсептелген. Дүйнөлүк банк 2020-жылы бул көрсөткүчтү 7,9 пайызга, 2030-жылы дээрлик 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландаган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам быйыл өтө жакыр адамдардын саны тескерисинче көбөйүп, дүйнө калкынын 9,1-9,4 пайызын түзүп калышы мүмкүн.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам быйыл дүйнөнүн дээрлик ар бир өлкөсүндөгү эң жакыр катмардын кеминде 40 пайызынын кирешеси азаят.

Дүйнөлүк уюм эгер өкмөттөр тиешелүү чараларды кабыл албаса, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым ого бетер күчөй турганын, коомдун аялуу катмарынын болочок кризистерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгү ого бетер азаярын эскертти.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банк Европа жана Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү быйыл 2008-жылдан берки эң оор рецессия күтүп турганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, быйыл бул өрөөндөгү өлкөлөрдүн экономикасында жалпысынан 4,4 пайыздык төмөндөө болот. Мындай жагдай чөлкөмдө күнүнө 3,20 долларга күн көргөн жакыр адамдардын санын 2,2 миллионго көбөйтүп коет. Алардын 1,4-1,9 миллиону Борбор Азияга туура келет.

Индиянын Калькутта шаары, 6-август 2020-жыл.
Индиянын Калькутта шаары, 6-август 2020-жыл.

Буга чейин Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) да быйыл коронавирустан улам сооданын солгундаганы, бизнестин токтогону дүйнөлүк экономиканы 5 пайызга чейин төмөндөтүп коерун билдирген.

ЭВФтин баяндамасында Кыргызстан пандемия экономикасына кыйла сокку урган мамлекеттердин катарынан орун алган. Ага ылайык, быйыл өлкөнүн ички дүң жыйымы 4% төмөндөшү мүмкүн. Бул Борбор Азиядагы эң начар көрсөткүч.

Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристалина Георгиева алдыңкы айларга карата жоромолдор жакшырып баратканын, бирок дүйнө каатчылыктан чыга элек экенин 6-октябрда айтты.

“Дүйнөлүк экономика эң терең кризистен бир аз калыбына келе баштады. Бирок кыйынчылык бүттү деп айтууга эрте. Бардык өлкөлөргө өйдө көтөрүлүү үчүн узак, тайгак жолду басууга туура келет. Артка чегинүүлөр да болушу мүмкүн”, - деп билдирди Георгиева.

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономиканын төмөндөп, жакырлардын катары калыңдап жатканда чириген байлардын байлыгы тескерисинче көбөйүп жатканы маалым болду.

Швейцариядагы UBS банкынын жаңы баяндамасына ылайык, апрель-август айларында дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 27,5 пайызга көбөйүп, 10,2 триллион долларга жеткен. Бул тарыхтагы эң жогорку чек. 2017-жылы бул чек 8,9 триллион долларды түзүп турган. Мындан тышкары быйыл 2017-жылга салыштырмалуу миллиардерлердин саны 2158ден 2189га көбөйгөнү да белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG