Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Кадамжайда эл сурьма комбинатын сатууга каршы


Убагында миңдеген кишини жумуш менен камсыз кылган Кадамжай сурьма комбинаты Жогорку соттун чечими менен банкрот деп табылып, анын сатылышына каршы болгондор кайрылуу таратышты.

Комбинат мындан 15 жыл мурда казакстандык компанияга сатылып, казынага киреше алып келери айтылган.

Азыр болсо 300гө жакын жумушчунун алды алты ай, арты бир жылдан берки маяналары берилбей жумуштан бошотулуп жатат. Соттун чечимине ылайык комбинатты башкаруу атайын администраторго өткөрүлгөн.

Кадамжай сурьма комбинаты 2005-жылы 300 млн. сом карызы менен казакстандык компанияга сатылган учурда эгер ишкана жанданып кетпесе, карызынан кутулбаса, аны кайра мамлекетке кайрадан өткөрүп алуу шарты коюлган. Бирок 2013-жылга чейин комбинат 6 млн. тоннадай руда иштетип карызынын дээрлик көпчүлүгүнөн кутулган.

2016-жылдан баштап комбинатта бир да иш аткарылбай, толугу менен токтоп турган десек да болот. Учурда комбинаттын мамлекеттик салык жана социалдык милдеттенмелер үчүн карызы жумушчулардын маянасы туумдарын кошпогондо 100 млн. сомдон ашкан.

Ушул жылдын июнь айында райондук, облустук соттор жана Жогорку сот Кадамжай сурьма комбинатын ишмердик жүргүзүүгө жарамсыз, банкрот деп жарыялаган. Учурда Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент соттун чечиминен кийин атайын администратор дайындап, мекеменин мүлкүн тизмектөө иштери жүрүп жатат.

Сот чечиминен кийин жумушунан бошоп калган 300дөй киши менен Кадамжайдын жарандык активисттери Башкы прокуратурага, Экономика министрлигине кайрылуу жасап, уникалдуу ишкананы сактап калууну, банкрот деп жарыялоо жараянын, учурдагы атайын администратордун башкаруу аракеттерин карап чыгууну суранышууда.

Жарандык активист Аким Маратов буларды айтты:

"Бул ишкананы банкрот деп таап, мүлкүн кескилеп сатып жиберүү өкмөт үчүн оңой. Бирок элге кыйын болот. Андан көрө иштеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, карызын жеңилдетип же төлөө мөөнөтүн узартып беришсе болмок. Дароо эле жок кылып салбай, иштеп кетүү жолдорун карап, шарттарды жаратса Кадамжайдагы канча үй-бүлөгө жумушчу орун түзүлмөк. Азыр атайын администратор комбинаттын объектилерин бөлүп-бөлүп сатып, ошонун аркасынан мамлекеттин карызын төлөгөнү жатат. Бирок реструктуризация жүргүзүп, комбинатты ишке киргизип жиберсе ал карыз, биздин болжол боюнча, жарым жылда төлөнүп бүтүп, ишкана андан ары иштеп кетмек. Биз бул ишкананын тагдырына мамлекет кызыкдар болсо, иштеп кетсин деп аракет кылса, дароо эле мүлкүн сатып жок кылышпаса деп кайрылып жатабыз".

Кат ээлери Кадамжай районуна гана эмес, жалпы Борбор Азияга коркунуч келтирген зыяндуу калдыкты сактоо жайларынын абалы да суроо жаратып келатканын белгилешти. Алар мыйзам бузуу аныкталса, айыптууларды жазага тартыш керек экенин айтышууда.

Мекеме мындан 15 жыл мурда казакстандык компанияга сатылгандан кийин 8 жылдай толук кандуу болбосо да иш жүргүзүп, жумушчулардын маянасын, электр энергиясынын акысын, мамлекетке салыктарын аз-аздан төлөп турган. Кийин иш жүрбөй калгандыктан мүлкү да карызы үчүн четинен сатыла баштаган.

Мекеменин азырынча бошотула элек директору Толкунбек Исаков ишкананы кайрадан жандандыруу жолу каралбай жок кылуу жолуна ыктап жатканын айтууда.

"Ишкананын карыздары мамлекетке жана жумушчулардын маянасы үчүн өтө деле көп эмес. Жүздөй киши тейлөө жана мүлктү кароодо азыркыга чейин иштеп турушту. Мындан тышкары 200дөй киши аргасыз эс алууга чыккандыгы үчүн аларга да ишкана айына 2-3 миң сомдон кенемте төлөп берет. Эми анын баарын жумушсуз калтырып, КМШ өлкөлөрүндөгү уникалдуу өндүрүш ишканасын жок кылууга шарт жаралып калды. Эгер мамлекет ишкананын жандануусуна кызыкдар болсо, кайрадан уюштурууга да укуктук ченемдер каралган. Ишкананын карыздары үчүн инвестор табылса, сатыктан түшкөн акча менен карызын жоюп, ишкананы андан ары жойбой иштетсе болот да. Ошондо аймактын эли, экономикасы үчүн пайда болмок. Азыр эми атайын администратор командасы менен кандай аракет жасашары бизге белгисиз".

Азыр мурда иштеп турган жамааттын бир тобу бошотулуп, аргасыз дем алуудагы жумушчулар биротоло иштен кетирилген.

260 гектардан ашык аянтта ондон ашык ири имараттары, бир топ мүлкү бар. 70 жылдан бери топтолуп турган зыяндуу калдыктар жыйналган көлмөлөр, техникаларды тейлеп карап туруу үчүн да бир топ чыгым керектелет.

Облус жетекчисинин басма сөз кызматынын өкүлү Чолпон Бердикулова буларды айтты:

"Комбинаттын карызы боюнча бир топ каржылык маселелери жаралган. Мекеме аралык жумушчу топ ишкананы банкрот деп табуу боюнча жыйынтыкка келген. Ишкананын тагдыры боюнча да маселе каралып жатат. Комбинаттын ишин жандантуу, инвесторлорду тартуу, жаңы жолдорду кароо үчүн сурьма комбинаттын базасында жоопкерчилиги чектелген коом түзүү да каралып жатат".

КМШ өлкөлөрүндө уникалдуу деп эсептелген Кадамжай сурьма комбинаты сырьенун жоктугунан токтоп турат. Орусиядан сырье тартып келүү аракетинен натыйжа чыккан эмес. Комбинатты иштеткен казакстандык компания Орусиядан кен казуу үчүн лицензия сатып алгандан кийин Кадамжай комбинатында белгисиз себептерден улам иш токтоп калган.

Жарандык активисттер ушу тапта ишкананы андан ары кескилеп жок кылбай, ишин жандантуу, банкрот деп табуудагы аракеттердин мыйзамдуулугу жана атайын администратордун ишин караштыруу боюнча демилге көтөрүп жатышат.

Арызда келтирилген жүйөлөр боюнча Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты бөлүмүнүн башчысы Элдана Сатарова ар бир факт боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди:

«Жумушчулардын укуктары бузулбашы үчүн тийиштүү чара көрөбүз. Комбинатта өндүрүш 2013-жылы токтогон. Район аралык сот атайын администрациялоону ликвидация жолу менен жүргүзүү тууралуу чечим чыгарган. Бирок атайын администратордун соңку маалыматына караганда, кредиторлор жыйыны ликвидация болобу же реструктуризациябы, азырынча аныктай элек. Кандай болгон күндө да өндүрүштү талкалабай, сактап калып, бирдиктүү мүлк комплекси катары сатыкка коюп, таза инвестор табууга аракет кылабыз. Биринчи кезекте алдыбызда жумуш орундарын сактап калыш үчүн өндүрүштү жандандыруу маселеси турат».

Сурьма комбинатын казакстандык ишкерлер 2005-жылы сатып алган. Алар комбинаттын сегиз миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салууга убада беришкен. Бирок комбинаттын карызы көбөйүп, жалпысынан 180 миллион сомдон ашык бересе болуп калганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG