Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Сомдун солкулдаган наркы


Кыргызстанда өткөн эки жумадан бери АКШ долларына карата сомдун наркы түшүп, валюта рыногунда олку-солкулук байкалды.

Сомдун туруктуулугун камсыз кылыш үчүн Улуттук банк үч айдан бери биринчи жолу валюта рыногуна 11 млн. АКШ доллары өлчөмүндө акча чыгарып, интервенция жасады.

Улуттук банк муну орус рубли менен казак теңгеси арзандап кеткен тышкы факторго байланыштырып, учурда жергиликтүү валюта рыногунда абал кайрадан турукташканын билдирди. Финансы жаатындагы аналитиктер улуттук валютанын олку-солку абалын каржы тутумунун сырттан көз карандылыгы жана экономиканын чабалдыгы менен байланыштырышат.

Сомдун куну кайрадан сыналганда

Кыргызстанда өткөн эки жумада валюта рыногу олку-солку болуп, доллар кымбаттап, улуттук сомдун куну кайра түшө баштады. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 21-сентябрда бир АКШ доллары 79 сом 45 тыйынга чыгып, 1,5 сомго чейин кымбаттады.

Ал эми Улуттук банктын сайтында сомдун расмий курсу 79 сом 15 тыйынга бааланып, анын 0,13% кымбаттаганы көрсөтүлгөн. Улуттук банк 23-сентябрь күнү валюта рыногуна интервенция жасаганын жарыялады.

Бирок 25-сентябрга карата валюта рыногунда бир АКШ доллары кайра 79 сом 60 тыйынга чыкты. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу боюнча анын наркы 79 сом 35 тыйынга бааланды.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева валюта рыногундагы соңку олку-солкулуктун себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

«Биз мурдагы күнү интервенция кылганбыз. Валюта рыногуна 11 млн. АКШ доллар өлчөмүндө акча каражаты сатылды. Ошондон кийин сомдун наркынын төмөндөшү басаңдады. Азыркы учурда да валюта рыногундагы кырдаалды карап, талдап турабыз. Буга тышкы факторлор да таасир этип турат. Мисалы өткөндө Орусияда доллар 77 рублден ашып кетти. Албетте, мындай жагдай биздеги валюта рыногуна да таасирин тийгизбей койбойт. Анткени «бизде да сом түшүшү мүмкүн» деген чочулоо болуп, ал курска таасир этиши ыктымал. Бирок биз өз убагында интервенция жасадык. Бул бизде каражат жетиштүү экенин жана ички рынокто канча керектөө болсо, Улуттук банк ошону камсыздай ала турганын, ага кабатыр болуунун кажети жок экенин туюндурат».

Улуттук банк өткөн тогуз айда валюта рыногуна 11 жолу интервенция жасап, коммерциялык банктар аркылуу жалпысынан 240 млн. АКШ долларын сатты. Талдоочулар соңку эки жумада доллардын курсу 79 сомдон ашып кеткени валюта рыногундагы жеңил дүрбөлөңгө негиз болгонун белгилешти.

Системанын туруксуздугу

Финансы тармагын талдоочу Кубан Чороев сомдун наркы чукул түшүшүнө психологиялык фактор таасир этип жатканын айтып, аны финансалык системанын чабалдыгы катары баалады:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

«Сыртта кандайдыр бир өзгөрүү болсо эле анын таасири бизде да автоматтык түрдө байкалып, жүгүртүүдөгү накталай акчасын сом менен кармап тургандар анысын шашылыш түрдө долларга алмаштырган психологиялык фактор үстөмдүк кылып кетүүдө. Ошондо долларга болгон суроо-талап өсүп, анын наркы көтөрүлүп кетип жатат. Бирок мындай жагдай валюта рыногуна таасир этпеш үчүн бизге окшогон өлкөлөр валюталык рынокту башкаруу режимине өтүшү керек болчу. Бизде сомду эркин жүгүртүү режими деген менен Улуттук банк курсту көзөмөлдөп, улам доллар сатып же сатып алып турат. Мындай аралаш режимде дайыма коркунуч боло берет. Ошондуктан сомду долларга байлап, араб өлкөлөрүндөгүдөй туруктуу курсту бекитип койгон натыйжалуу. Ошондо калк да, коммерциялык банктар да тынчсызданбайт эле. Азыр бизде улуттук валютанын жалпы массасы 115 млрд. сомду түзөт. Бул деген болжол менен болгону 1,5 млрд. долларга барабар. Бизде болсо валюта резерви 2,5 млрд. АКШ долларына барабар. Мындай шартта сомдун кунун кармап тура албай, улам кетирип жатканы - бул каржылык системанын туура эместиги».

Эпкинден чайпалган эргежээл экономика

Экономисттер улуттук валюта улам чайпалган жагдайды экономиканын абалы менен байланыштырышты. Улуттук экономиканын көпчүлүк бөлүгүн импорт түзүп, товар алыш үчүн сыртка чет элдик валютаны чыгарган жагдай каржы тутумун алсыратып жатканы белгиленди. Анткени өлкө сыртка валюта чыгарууга мажбур болуп, суроо-талап жогорулап, ал доллардын наркынын өсүшүн шарттаган.

Экономист Мейманбек Абдылдаев мындай шартта валюта рыногуна улам бир миллиондогон доллар өлчөмүндө акча сатып, интервенция жасоо аркылуу сомду кармап туруу пайдасыз деген пикирин билдирди:

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

«Буга чейин деле экономика оор абалда болчу. Азыр болсо пандемиядан кийин андан да тереңдеп кетти. Улуттук валютанын наркы улуттук экономикага байланыштуу. Ошондуктан экономика жанданмайынча, валюта рыногу туруктуу дегенге ишенбейм. Ал эми валюта рыногуна доллар салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасоо - бул аргасыз чара».

Жаңы акча-насыя саясаты

Адатта кыргыз сомунун курсу эркин базар шартындагы валюта жүгүртүү менен аныкталат. Бирок валюта рыногунда олку-солку жагдай болгондо Улуттук банк девальвацияга жол бербеш үчүн сатыкка улам доллар чыгарып, кескин секирикти жөнгө салып турат.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева учурда сомду колдоонун башка чаралары да ишке киргизилип жатканын айтты:

Улуттук банк.
Улуттук банк.

«Бизде азыр жалаң эле интервенция аркылуу эмес, сомду колдоо боюнча башка да соода-сатык каражаттарын колдонобуз. Валюта рыногуна сомду каныктыруу боюнча акча-насыя саясаты иштелип чыккан. Биз сом менен бериле турган насыялык аукциондорду да өткөрөбүз. Бүгүнкү күндө пандемиядан жабыр тарткан биздин ишкерлерди жана жалпы эле жарандарды колдош үчүн коммерциялык банктарга беш пайыздык эсептик чендин алкагында үч млрд. сомдон ашуун насыяларды бердик. Ушуга окшогон аракеттер улантылууда».

2016-жылдан бери 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде сомдун расмий курсу дээрлик 85 сомго чейин жеткен. Мындай көрүнүш эки апта бою уланып, кийин доллардын курсу ылдыйлап, кайра арзандай баштаган. Негизи кыргыз сомунун долларга карата катышы кийинки он жылда бир нече жолу кескин көтөрүлдү. Доллардын наркы 2011-жылы 39 сомдон 46 сомго чыкса, 2014-2016-жылдары 48-50 сомдон 67-69 сомго чейин кымбаттаган.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG