Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Лампа заводу «Кыргызмунайгазга» өтөт


«Майлуу-Суу лампа заводу»
«Майлуу-Суу лампа заводу»

Майлуу-Суу шаарындагы банкроттук абалга кептелген лампа заводун «Кыргызмунайгаз» ишканасы карамагына алмай болду.

Лампа заводунда өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулардын саны күн санап азайгандыктан, мындай чечимди кыргыз өкмөтү да туура көргөнү айтылууда.

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчилиги лампа заводунда өндүрүштү жандандырып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

1967-жылы ишке кирген лампа заводдо убагында 7-8 миңге чейин кызматкер эмгектенген заводдо азыркы күндө бир жарым миң жумушчу иштеп жатат.

Майлуу-Суудагы лампа заводу.
Майлуу-Суудагы лампа заводу.

Завод жакшы иштеп турган кезинде жылына 400 миллион электр лампасы өндүрүлгөн. Иш солгундап, учурда 90 миллион даана чыгарылууда.

Бул жайдын кызматкерлеринин бир Осмон Кадыркулов заводдун иши ушул нукта улана берсе, жакынкы жылдары толук банкрот болуп калуу коркунучу бар деген ойдо.

«Завод Майлуу-Суулуктардын ишенген кирешелүү булагы. Үй-бүлө багуу жана жумуш менен камсыз кылуу учурда оор болуп жаткандыктан, ишкананы сактап калуу башкы максат болууда. Жыл сайын кызматкерлерди кыскартуу болуп жатат. Көпчүлүгү жумушсуз калууда. Кезинде 10 миңге чейин адам үч нөөмөт менен иштечү».

«Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык директору Мурза Токтобаевдин айтымында, өндүрүштү оор абалдан алып чыгуу аракети жүрүп, айнек чыгаруучу цех ачылып, анын каржылык булагы боюнча долбоор даярдашкан. Бирок каражаттын тартыштыгы, жумушту алга жылдырган жок.

«Кыргыз-орус фондуна кайрылганбыз. Тилекке каршы, башкаруу формабыз аларга туура келбегендиктен, бизге каражат берген жок. Ошол айнек чыгаруучу цехти толук кандуу ишке салуу үчүн эки жыл мурун 4,5 миллион долларлык бизнес-долбоор даярдаганбыз», - деди Токтобаев.

Майлуу-Суудагы лампа заводу.
Майлуу-Суудагы лампа заводу.

Жумушчулар заводду банкрот абалынан чыгаруу боюнча буга чейин көп жолу бийликке кайрылышканы менен абал өзгөргөн эмес.

Акыркы кезде лампа заводду сактап калуу тууралуу өкмөттөгү талкууларда аны “Кыргызмунайгаз” ишканасына берүү сунушу болгон. Аталган ишкана лампа заводун алып иштетүүгө макулдук берген. Учурда документтерди изилдөө жараяны жүрүүдө.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коомунун төрагасы Рашит Бостонов ишкана жыл ичинде миллиард сомдук таза киреше табууга жетип, лампа заводду жандандырып кетүүгө кудурети жетерин белгиледи:

«Буга “Кыргызмунайгаз” ишканасынын күчү жетет. Акыркы жылы биз 1 миллиард сом таза киреше менен чыктык. Лампа заводду дагы өнүктүрүп кетебиз деп турабыз. Заводдун буга чейинки 230 миллион сом карызы бар экен. Эгер завод бизге өтүп калса, биз арзан газ менен камсыз кылабыз. Анын эсебинен лампанын баасы да төмөн болот. Биз азыр лампа заводдун акцияларын мыйзам чегинде “Кыргызмунайгаз” ишканасына өткөрүү жагын карап жатабыз».

“Кыргызмунайгаз” ишканасы Кочкор-Ата шаарына 7 сомдон газ берет. Ал эми лампа завод “Газпром” ишканасынан 15 сомдон газ алып жатат. Азыр мында 40 түр лампа чыгарылат.

26 миңдей адам жашаган Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларынын турмуш-тиричилиги да заводго байланыштуу. Ишкана жылына 50 млн. сомдой салык төлөйт.

Турсунали Агабеков Майлуу-Суу шаарынын тургуну:

«"Кыргызмунайгаз" лампа заводду өнүктүрүп кетишине ишенем. Аталган ишкана өлкөдөгү эң кирешелүү, жакшы иштеп жаткан өндүрүш болуп жатканы маалым. Биздин заводду дагы кармагына алып, өнүктүрүп кетсе, Майлуу-Суу шаары үчүн чоң иш болмок».

Майлуу-Суудагы лампа заводу.
Майлуу-Суудагы лампа заводу.

Майлуу-Суу электр лампа заводу 2003-жылы орус ишкерлерине 3,6 млн. долларга сатылган. Ишкананын мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланып, «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коому болуп уюштурулган. Ошол жылдардан тарта заводду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаменти аркылуу дайындалган атайын администратор башкарып келет.

Заводдун курулушу 1964-жылы башталган. 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен. Быйыл 90 млн. гана лампочка чыгаруу планы бар.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын да аймакта өндүрүлгөн көгүлтүр от менен камсыз кылат.

XS
SM
MD
LG