Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

«Кыргызмунайгаз» «Газпромго» өткөнү калды


«Кыргызмунайгаз» ишканасы.
«Кыргызмунайгаз» ишканасы.

Кыргыз өкмөтү орусиялык «Газпром» ишканасына «Кыргызмунайгаз» компаниясын сатуунун шарттарын караган Жол картасына кол койду.

Эки тараптын президенттеринин катышуусундагы кол коюуда бул документ мунай-газ тармагына инвестиция тартуу боюнча Жол картасы катары көрсөтүлдү.

Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коомунун айрым акционерлери өкмөт келечектүү жана ири киреше берип жаткан ишкананы эмнеге сатууга ниеттенип жатканына түшүнбөй, анын бул аракетине каршы чыгарын билдиришти.

Жол ачкан «Жол картасы»

Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестиялар боюнча жол картасы» бекитилди. Анда «Кыргызмунайгаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» берүү шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон. Бирок өкмөт «Кыргызмунайгаздын» активдери орусиялык «Газпромго» кандай шарттар менен берилип жатканын азырынча түшүндүрө элек.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев «Кыргызмунайгазды» өнүктүрүш үчүн аны «Газпромго» берүү зарыл деп эсептей турганын айтты:

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

«Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаздын» абалы абдан начар. Жабдууларынын баары эски. Алар азыр Кытайдан калган бургулоочу жабдыктар менен эптеп күн көрүп жатышат. Заводдун жабдуусу да жарытарлык эмес. Жаңы кендерди чалгындап, иштетип, мунай өндүрүүгө анын шарты жок. Ага чоң акча керек. «Газпром» буга 1 млрд. долларга чейин инвестиция саларын билдирип жатат. Ал мунайды кайра иштетүүчү заводду толук жаңылап, мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана газ кендерин чалгындап, өлкөнүн түштүк аймагын толугу менен газдаштыруу долбоорун ишке ашырганы жатат. Ушундай жакшы шарттарды сунуш кылган тарапка аны бериш керек. Бизге салык түшөт, жаңы жумуш орундары пайда болот, экономика көтөрүлөт, өзүбүздүн газ болот. Ошондуктан бул бизге абдан ыңгайлуу сунуш болду».

«Кыргызмунайгаз» компаниясы жылына орточо 80-90 миң тоннанын айланасында мунай казып, аны Кочкор-Атадагы заводунда солярка, бензин жана мазут кылып кайра иштетип чыгарат.

Кыргызстандагы бирден-бир мунай бургулоочу жана газ өндүрүүчү бул ишкана өндүргөн солярка менен бензиндин кайсы бир бөлүгү Тажикстан менен Ооганстанга экспорттолот. Бул компания 2016-2017-жылдары 95 миң тоннага жакын мунай, 28 миллион метр кубдан ашуун жаратылыш газын өндүрүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени белгиленген. «Кыргызмунайгаз» өндүргөн жаратылыш газын жергиликтүү калк пайдаланат. Кийинки жылдары анын өндүрүштүк кубаты артып, жылдык кирешеси 934 миллион сомдон ашкан. «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коомунун 85 пайыз акциясы мамлекетке таандык. Анын калган акциялары эмгек жамаатына бөлүнгөн.

Жеке акцияларды сатып алууга «аңчылык»

Акционерлердин дагы бири Абдыманап Жолборсов учурда жеке акцияларды сатууга үндөгөн аракеттер жүрүп жатканын айтып, ага көпчүлүгү каршы экенин эске салды:

««Кыргызмунайгаздын» мындан аркы тагдыры боюнча аябай сөз көп болуп жатат. Айрымдары ачык эле «акцияңарды саткыла, болбосо кийин аларды эч ким албай коюп, күйүп кетесиңер» деп үгүттөп жатышат. Бул ишкана кирешелүү болсо, өзүн-өзү актап жатса, өндүрүштүк кубаттуулугу жогору болуп жатса, эмнеге анын келечеги бүдөмүк болушу керек? Аны атайын сатыш үчүн жасалма жол менен бууганы жатышат. Көп жылдан бери ушул ишканада иштеген жумушчулар буга каршыбыз».

Анткен менен Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги «Кыргызмунайгазды» жаңыланууга муктаж ишкана деп эсептейт. Себеби анын өндүргөн күйүүчү майы төмөнкү сапатта болуп, талапка жооп бербегени белгилүү болгон. Ошондой эле жетекчилик жаңы мунай жана газ кендерин чалгындоого компаниянын өзүнүн чамасы чак экенин жүйө келтирди. Ошондуктан ага ири инвестиция тартуу зарылдыгы пайда болгон экен.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Жыргал Сагынбаев «Газпромго» бериле турган компаниянын үлүшү азырынча чечиле элек экенин билдирди:

«Ал маселени аныктап, чечкенге жете элекпиз. Биз азыр инвестицияларды тартуу боюнча жол картасына гана кол койдук. Калган шарттары кийин түзүлө турган келишимде белгилүү болот. Бизге газ керек, сапаттуу күйүүчү май чыгаруу зарыл. «Газпром» ошого инвестиция салганы жатат. Анын бардыгы кийин келишимде көрсөтүлөт».

«Кыргымунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG