Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

«Кумтөрдө дагы 300-500 тоннадай алтын калды»


Кумтөрдүн алтыны.

Дүйнөдө алтын арзандагандыктан Кумтөрдөн кен казган «Центерра Голд Инк.» («Centerra Gold Inc») компаниясынын, анын ичинде Кыргызстандын да акциялары кайра түштү. Ушул жайда алтын да, акция да кымбаттаган болчу.

Ал ортодо өлкөдө кендин өзүнө байланыштуу талкуу уланууда. Жаңы бийлик мурдараак Кумтөрдө алтын түгөнүп баратканын билдирген, компания болсо чалгындоону улантарын кабарлаган. Адистердин эсебинде, Кумтөрдө 400 тоннадай алтын казылды, дагы 300-500 тоннадай алтын бар.

Кайра арзандаган акция

Баяныбыз алгач алтындын наркы жана анын Кумтөргө байланышы жөнүндө болмокчу.

Демек, быйыл жайда дүйнөдө алтын кескин кымбаттап, тарыхый максимумга жеткен. Тагыраагы анын бир унцийинин баасы июлдун аягында жана августтун башында Нью-Йорктогу COMEX биржасында 2000-2090 АКШ долларынын тегерегинде кармалып турду. Бул бардык өлкөлөрдө алтын өндүргөн компаниялардын акцияларынын кымбатташына алып келген.

Азыр декабрдын ортолорунда алтындын баасы 1835-1850 долларга түштү. Натыйжада бул тармактагы компаниялардын куну да төмөндөдү.

Кыргызстанда, Түркияда жана Канадада алтын өндүргөн канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясында 26,6% акцияга ээлик кылган «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы соңку жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

«Кыргызалтындын» Тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Сейдалиев «Азаттыкка» мындай деди:

Кумтөр кенинен чыккан алтынды иштетүү учуру.
Кумтөр кенинен чыккан алтынды иштетүү учуру.

«Ошол тарыхый максимум дегенибиз быйыл 5-августта болгон. Ошол учурда бир акция 14 доллар 32 центке жеткен. «Центерра Голддо» Кыргызстандын 77 401 766 акциясы бар. Алтындын баасы эң кымбаттаган учур – 2 089 доллар болгондо, биздин акциябыздын наркы 1 млрд. 108 млн. доллардан ашып кеткен. Ал эми бүгүнкү датага карата бир акция 10 доллар 1 цент болуп жатат, ал эми Кыргызстандын жалпы акциясы 774 млн. 791 миң доллар болуп жатат. Дүйнөлүк рынокто ушинтип өйдө-ылдый болуп турат».

Баса, Кыргызстандын «Центеррадагы» ушул эле акциялары 2019-жылдын башында эле 340 млн. доллар болчу. Башкача айтканда, азыр быйыл жайкыга салыштырмалуу түшүп кетти дегенде да, бир жылда ал үч-төрт эсе өскөнү көрүнүп турат.

Ушул жагдайдан алганда бир катар саясий жана коомдук ишмерлер кымбаттаган учурдан пайдаланып Кыргызстандын акциялар пакетин сатып жиберүүнү сунуш кылышкан. Муну өзгөчө пандемиядан улам бюджетинде 30-35 млрд. сомдук дефицит жаралып, сырттан 700 млн. доллардан ашуун акча сураган быйылкы жыл үчүн маанилүүлүгүн айткандар болгон. Азыр деле ушундай пикирдегилер жок эмес.

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Карыбек Ибраев кепке кошулду:

Карыбек Ибраев.
Карыбек Ибраев.

«Убагында бир акция 20-25 доллар болгон учурлар болгон. Ошондо биздин акцияларыбыз 1,5 млрд. долларга чейин бааланган. Ортодо акциянын наркы 3-5 долларга чейин түшүп кеткен учурлары да болгон. Ошол себептүү азыр минтип кайра көтөрүлүп жаткан чакта өкмөт жана Жогорку Кеңеш ойлонуп, аны сатып жиберсе болмок. Кымбаттап, баасына чыккан учурда сатса эмнеге болбосун? Болгону «азыр биз сатып жиберсек, эртең акциясы өсүп кетсе, бийликтеги адам бизди күнөөлөйт» деп, сатпай келатышат. Эч ким жоопкерчиликти алгысы келбейт».

«Центерра Голд Инк» компаниясындагы активди сатуу-сатпоо маселесин пандемия башталгандан бери өкмөт деле бир сыйра талдап чыккан. Бул боюнча экономика министри өкмөткө сунуш киргизип, бирок ал бир жактуу чечилген эмес.

Албетте, коомчулукта бул идеяга караманча каршы чыккандар бар. Бирок башка маселе, Бишкек «Центерранын» акцияларынын дээрлик үчтөн бирин кармап отурганы менен 2016-жылдан бери алгачкы жолу быйыл 2,2 млн. доллар дивиденд алган. Мындан башка түз пайда албагандыктан да аны сатуу тууралуу демилгелер көтөрүлүп келет.

Финансы жана биржа боюнча эксперт Асланбек Кененбаев Кыргызстан алгач акция саясатына өтүп туура эмес кылган деп эсептейт.

Асланбек Кененбаев.
Асланбек Кененбаев.

«Негизи ири инвесторлорго дивиденддин кереги жок, алар капитализация жасашат, - деди ал. - «Центеррада» да ошондой, алар эптеп акциянын баасын көтөрүп, анан ошол акцияны кымбат сатып пайда көргүсү келет. Ошентип бири-бирине айлантып сатып, пайда табышат. Биз эле сатпай, дивиденд алабыз деп отурабыз. Компаниялар адатта акцияларга көп дивиденд төлөбөйт, себелеп эле берип жүрө беришет. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болуп калууда, биз башынан туура эмес саясатка өтүп алганбыз. Биз Кыргызстанга келген башка кен компанияларына да акциясына отуруп, туура эмес кылып жатабыз. Андан көрө биз өндүрүмдү бөлүүгө макулдашуубуз керек болчу. Маселен, алтын өндүрсөк 30% же дагы ушунча бөлүгү бизге калат деп сүйлөшүш керек. Даяр өндүрүмдү сатабыз, болду, даяр акча алабыз. «Силер акчаны туура эмес коротуп жатасыңар» жана башка деп алар менен урушпай, так пайда көрөбүз. Азыр болсо акциянын кымбаттаганы, арзандаганы бизге баары бир. Биздин бийлик элге жамандык көрүнүп калбаш үчүн, аны саясий чечим кылып сата албайт».

Канадалык «Центерра Голд Инк.» («Centerra Gold Inc») компаниясы Кыргызстандагы туунду ишканасы - «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Кумтөр кенинде 1997-жылдан бери алтын казат. Алгачкы жылдары Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшү же башкача айтканда 67% Кыргызстанга карап турган.

2003-жылы ал 33%, анан 15% чейин түшүп, 2009-жылдагы келишимдерге ылайык кайра 33% жеткен. Кийин «Центерра Голд Инк» кошумча акция чыгаргандан улам Бишкектин үлүшү жогоруда айтылгандай 26,6% түзүп калган.

Кумтөр жана Жапаров

Арийне, Кумтөрдөгү акцияны сатуу-сатпоо маселеси улам чыгып турганы да бекеринен эмес. Кенди иштетүүгө байланыштуу алгачкы келишимдерге ылайык, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мөөнөтү 2025-2026-жылдары бүтмөк. Же андан да тагыраак айтсак, компания андагы алтындын негизги запасын казып бүтөт.

Бирок 2017-жылы кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосунда түзүлгөн Стратегиялык макулдашууларга ылайык, компания иш мөөнөтүн 2042-жылга чейин узартууга мүмкүнчүлүк алган.

Муну чечмелей келсек, компания эгер Кумтөрдөн жеңилирээк казыла турган алтын тапса, ишин дагы улантышы ыктымал. Ошон үчүн да «Центерра» бул келишимдин алкагында 2012-жылдан берип токтоп калган чалгындоо иштерин кайрадан жандантмак болгон.

Кумтөрдүн келечеги жана макулдашуунун алкагында жүрүп жаткан чалгындоо иштеринин жыйынтыгы тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Эмил Осмонбетов маалымат берип турчу.

Жыргалбек Сагынбаев.
Жыргалбек Сагынбаев.

Бирок Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин мекеменин төрагалык кызматына келген Жыргалбек Сагынбаевден бул жөнүндө комментарий алуу мүмкүн болгон жок. «Азаттыктын» кабарчылары мекеменин басма сөз кызматкерлери менен да, Сагынбаевдин өзү менен да байланышып, жыйынтык чыгара албады.

Ошол себептүү биз баяныбызды «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун өкүлүнүн сөзү менен улантып туралы.

«Кыргызалтындын» тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Сейдалиев береги тема анын компетенциясына кирбей турганын белгилеп, ошентсе да кыскача маалымат берди:

«Кумтөр кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз. Биз ал боюнча «Центерра» менен «Кумтөр Голд» менен да сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп жатышат. 2026-жылга чейин иштеп турса, балким анын иш мөөнөтү 2030-2031-жылга чейин узарышы мүмкүн. Ага биз аракет кылып жатабыз».

«Азаттык Медиа» мекемесинин кендин келечегине байланыштуу суроолоруна «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын медиа менежери Марина Гаврилова жооп берип, кендин ишин 2026-жылдан ары узартуу пландары бар экенин тактады. Ал 2020-жылы чалгындоо жана бургулоо иштери Кумтөрдөгү 55 миң чарчы метр жерде жүргөнүн маалымдап, анын баштапкы жыйынтыктары үмүт берип жатканын кошумчалады.

2020-жылдын 5-мартында 24.kg сайтына чыккан маегинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Деон Баденхорст геологиялык чалгындоо жана кендин ишин улантуу жөнүндө буларды айткан эле:

Деон Баденхорст.
Деон Баденхорст.

«Кыргызстандын өкмөтү менен келишпестиктерден улам «Центерра» 2012-жылдан 2017-жылга чейин чалгындоо иштерине каражат бөлгөн эмес. Талаштуу жагдайлар чечилгенден кийин жана 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан кийин кенге жакын аймактарда изилдөө иштери улантыла баштады. 2018-жылы компаниянын директорлор кеңеши эки жылдык чалгындоо программасын бекитип, 24 миллион доллар бөлдү. 2020-жылы 20 миллион доллар каралды. Бул биз үчүн да рекорддук сумма. Геологиялык чалгындоо жумуштары Борбордук жана Түштүк-Батыш карьерлеринин ортолугундагы борбордук бөлүктүн үстүңкү катмарында минералдын потенциалын аныктоо жана кендин мөөнөтүн узартуу үчүн Сарытөр тилкесинде ачык казуу ыкмасы менен ресурстарды өндүрүү максатын көздөйт. Геологиялык чалгындоонун баштапкы жыйынтыктары келечекте «Кумтөр» кенинин мөөнөтүн дагы бир нече жылга узартууга ишеничтүү кароого мүмкүнчүлүк берет».

Кумтөрдүн калган запасы, келерки беш жылдык иши жана анын андан аркы келечеги тууралуу талкуу Кыргызстанда быйыл бийлик алмашкандан кийин курчуган.

Мурдатан Кумтөрдү мамлекеттештирип, толугу менен мамлекетке өткөрүүнү талап кылып келген саясатчы Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрдын башындагы окуялардан кийин өкмөт башчылыкка келген. Кийин президенттин да милдетин аткаруучу болду. Бул убакта коомчулукта да, саясий чөйрөдө да андан ушул боюнча кескин кадамдарды күтүп жатышты. Бирок ал бийликке келгенден кийинки билдирүүлөрүндө Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганын билдирип, аны мамлекетке кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

10-октябрда өкмөт башчыны шайлоо учурунда депутат Талантбек Мамытовдун суроосуна жооп берип жатып Садыр Жапаров мындай деген:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Кумтөр маселесин биз 2012-жылы көтөргөнбүз. Комиссия түзүп, анын төрагалыгына мен шайлангам. Кумтөрдү текшерип келип, Жогорку Кеңешке токтомдун долбоорун чыгарганбыз. Ал Кумтөр толугу менен мамлекетке өтсүн деген долбоор болчу. Бирок тилекке каршы ал парламентте колдоо таппай, 35 депутат макул, калгандары каршы болуп өтпөй калган. Андан кийин биз элге маалымат жеткириш үчүн митинг уюштурганда, башаламандык болуп кетип, Камчыбек Ташиев, сиз жана мен үчөөбүз камакка түшкөнбүз. Тогуз ай жатып, кайра акталып чыкканбыз. Андан кийин мен чет өлкөгө чыгып кетип, 2017-жылы келген учурда кайра камалдым, кечээ жакында чыктым. Мен абакта жаткан учурда адвокатым аркылуу журналисттер «Кумтөр боюнча позицияңыз ошол боюнчабы же өзгөрдүбү?» деген суроо жөнөткөн экен. Мен ошондо «сегиз жыл мурда алыш керек эле, азыр кеч болуп калды, анда алтын казыла берип, калбай деле калды, аны алыштын деле кажети» жок деп жооп бергем. Андан көрө «Центерра» ошону аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтирип, кеткени туура болот. Азыр аны мамлекетке алабыз деген ой жок, бирок сөзсүз түрдө чакырып, кыргыз мамлекетинин пайдасы үчүн иштетебиз. Азыр алыштын кажети жок».

Садыр Жапаров кийин, 21-октябрда BBCнин кыргыз кызматы менен болгон маегинде «Центерра Голд Инк» компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлүккө Кыргызстандын атынан Тенгиз Бөлтүрүктү сунуш кылганын, ал кесипкөй адис катары компания менен келишимдерди изилдеп чыгарын билдирген. Жапаров ошондон кийин шарттар кайра каралып чыгарын айткан.

Тенгиз Бөлтүрүк декабрдын башында кызматка расмий бекилди. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Тенгиз Бөлтүрүктөн сырткары Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев Кыргызстандын атынан иштейт.

Ал эми Садыр Жапаров өзү болсо президенттик милдетти саясий өнөктөшү, парламент төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп, премьер-министрлик кызматты убактылуу токтотуп, президенттик шайлоого аттанды.

«Кумтөрдө алтындын теңи гана казылды»

Расмий маалыматтарга ылайык, «Кумтөр Голд Компани» ишканасы жылына кеминде 9 тонна, болбосо 20 тоннадан ашык алтын өндүргөн учурлары болгон. Орточо эсепте компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат.

Быйылкыга да ушунча көлөмдө башкача эсепте, 520-560 миңдей унций алтын өндүрүүнү мерчемдеген. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча алар 14 тонна 485 кг казып, пландын чегинде баратат.

Эгер 24 жылдан берки өндүрүлгөн алтынды жалпы алсак, канадалык компания Кумтөрдөн 400 тонна алтын чыгарып кетти.

Бирок адистер алгачкы изилдөөлөрдө кенде 700 тоннадан ашык алтын бар экени эсептелгенин белгилешип, болгону теңине жакыны гана казылып бүттү дешет. Ошол себептүү эксперттер «кенде алтын түгөнүп калды» деген билдирүүнү орунсуз деп эсептешет.

Геолог Кубат Осмонбетов кепке кошулду:

Кубат Осмонбетов.
Кубат Осмонбетов.

«Мен союз учурунда Кумтөрдү ачууга катышкан кишилердин биримин. Ошол кездерде жер казынасын иштетүү башкармалыгында мен башкы геолог болуп 16 жыл иштегем. Биздин мекемеде ошондо 13 миңдей киши иштечү. Мен иштеп баштаган кезде СССРдин мамлекеттик планынын алкагында, геологиялык чалгындоого 21 млн. рубль жумшачубуз. 1987-жылдары мен ошол сумманы 65 млн. рублга жеткирип, ошол сумманын 35 млн. рублин 10 жылда Кумтөрдү изилдөөгө жумшаганбыз. Деталдуу изилдөө, чукуу-казуу, изилдөө, кыскасы бардык долбоор камтылган. Кийин ошол даяр оокатты канадалык компания алып кетти. Мен муну эмнеге айтып жатам, биздин ошол изилдөөбүздө Кумтөрдө 716 тонна алтын бар экенин аныктаганбыз. Азыр эгер 2020-жылды кошкондо, 400 тонна алтынды казып алдык десек, демек дагы 300 тоннадан ашык алтын ошол жерде калып жатат деген сөз. Албетте, дагы 100 тоннаны келерки беш жылда казышат дечи, анан калган 200 тоннаны балким тереңирээк жеринде деп жатышы мүмкүн. Анын үстүнө Садыр Жапаровго кеңешчилери «биз «Центерра» менен соттошо албайбыз, эч убакта ута албайбыз» деп айтып, «иштей берсин, ала албайбыз» дешти окшойт. Менин оюмча бул жерде кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүрүп, анан Кумтөрдүн ишин дагы узартышат. Ошо калган 300 тоннадан ашык алтынды дагы казып алышат. Менимче дагы он жылча иштеши мүмкүн. Себеби бул компаниянын башка өлкөлөрдө жакшы кендери жок. Канададагы, Түркиядагы кендери Кумтөрдөй эмес».

«Центерра Голд Инк» компаниясынын расмий сайтында кабарлангандай, «Кумтөр Голд Компани» 2021-жылы 515 миң унций, 2022-жылы 605 миң унций, 2023-жылы 375 миң унций, 2024-жылы 200 миң унций, 2025-жылы 105 миң унций жана 2026-жылы 85 миң унций алтын өндүрүүнү пландаган. Жалпысынан алты жылда 1 млн. 885 миң унций же башкача айтканда 53 тонна алтын алынмакчы.

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары, экс-вице-премьер-министр, өмүр бою Кумтөр маселесин иликтеп келе жаткан Кубанычбек Исабеков да геологдун пикирине кошулат. Ал баштапкы изилдөөлөрдө аныкталган алтындан сырткары 2017-2019-жылдары кошумча берилген 16 миң гектар аянтта да алтындын запастары бар экенин ортого салды:

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

«Кеп болуп жаткан 716 тонна - бул 1992-жылы берилген 10 миң 70 гектар жер, ошол борбордук аянттагы гана карьердеги запас. Анан жердин алдын казып, тереңирээк киргенде дагы 10 тонна алтын көбүрөөк чыккан. Ошондо бери дегенде 726 тонна алтын деп эсептелген. Башкы келишимдерге ылайык, канадалык компания 1997-жылдан 2007-жылга чейин алтын казып, фабриканы Кыргызстанга толук өткөрүп бериш керек болчу. Булар эми 400дү ушуга чейин, дагы 100 тоннаны беш жылда казса, анда калган алтын кайда кетти? Муну изилдеш керек. Мындан сырткары 2010-жылы март айында, ошол учурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөттүн чогулушун өткөрбөй туруп эле, токтом чыгарып 16 миң 330 гектар жерди «Центерра» компаниясына берип салган. Мында коруктун да жерлери кеткен. Ал жерлер үчүн канадалыктар мамлекетке бир тыйын да төлөгөн эмес. Мен бул жашыруун токтомду 2012-жылы билип калып, ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылсам, жооп бербей койгон. Мен айласыздан сотко берсем, Карагулова деген судья «жер мыйзамсыз берилген, тендер өтүш керек» деп чечим чыгарган. Аны өкмөт аткарбай койгон. Мен депутаттарга кайрылып, парламент көтөрүп жатып, Өмүрбек Бабановдун өкмөтү муну жокко чыгарган. Бирок 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошол жерди кайра берип салды. Муну эмнеге айтып жатам? Мына ушул 16 330 гектар жерде, кошумча 200 тоннадай алтын бар, андан башка да кендер бар. Ошондо Кумтөрдө дагы 500 тоннадай алтын калды десек болот».

Кумтөр кени боюнча талкууга түшкөн дагы бир маселе - кенди иштетүүдөгү экологиялык талаптардын аткарылбай калганы.

Кумтөр Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 чарчы чакырымды түзгөн 165 мөңгү бар экени учурунда СССРдин атласына катталган.

Анын ичинен канадалык «Центерра Голд» компаниясына караштуу «Кумтөр Голд компани» кен казууга уруксат алган тилкелер Петров (68,5 чарчы чакырым), Давыдов (11,6 чарчы чакырым), Борду (5,9 чарчы чакырым), Лысый (5,5 чарчы чакырым) жана Сары-Төр (3,3 чарчы чакырым) мөңгүлөрүнүн аймагында жайгашкан.

Бул беш мөңгү Ак-Шыйрак массивинин аянтынын 23,3% түзөт. 2018-жылы парламент Суу кодексине киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, «Кумтөр Голд компани» Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн казууга уруксат алган.

Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

«Мен азыркы бийликтин «муну жөн эле коёлу» деп жатканын түшүнбөйм. Бул деген мамлекеттин, элдин байлыгы. Кумтөр элге таандык, бизге, жарандарга таандык. Кумтөр ачылгандан бери 66 адам өлдү, 129 жаран майып болуп калды. Эсиңиздердеби, өткөн жылы да эки жаранды жер көчкү басып калды. Бир иш козголгон жок. Ата-энелерине анча-мынча тыйын берип, ошо менен жабылып калды. Мен эң жөнөкөй жагын айтып жатам. Экинчиден, экологиянын бузулуп жатканы үчүн, үчүнчүдөн, бул жерде коррупция болуп жатат да. Соңку 16 миң гектар жерди эле айтсак, алар бир тыйын төлөгөн эмес да. Ошол эле маалда «Центерра» Кумтөрдүн эсебинен АКШнын түндүк жагынан 77 тонна запасы бар кенди, 1 млрд. 100 млн. долларга сатып алды. А эмне үчүн Кыргызстанга акча төлөбөйт? Ушундай суроолор бар. Ушунун баарын, андан сырткары келишимдерди кайрадан карап чыгыш керек»,-деди саясатчы Кубанычбек Исабеков.

«Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнө келген учурда саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков да Кумтөр маселесине кайрылып, аны мамлекеттештирүү маселеси туура эмес экенин айткан эле.

«Мен Кумтөрдү мамлекеттештирүү маселеси көтөрүлгөндө Жогорку Кеңеште аны колдобогон депутаттардын бири болгом. Мени бул боюнча, соңку шайлоого байланыштуу «Регион» телеканалынан «Кумтөрдү мамлекеттештиребиз дегенде Равшан Жээнбеков каршы чыккан» деп кайра-кайра көргөзүп жатышат. Менимче азыр Садырда мамлекеттик көз караш пайда болду, мурда популисттик көз караш болчу. Ар бир бийликке келген адам популисттик көз караштан алыс болуш керек. Каалайбызбы-каалабайбызбы, кээ бир адамдарга жагабы, жакпайбы, Кыргызстандын экономикасынын чоң бөлүгүн тарткан компания болуп эсептелет. Ошондуктан Кумтөрдү мамлекеттештирген туура эмес. Экинчиден, Кумтөрдү мамлекеттештирген күндө да биз аны иштете албайбыз. Бизде технологиялык жактан да, менежмент жагынан да чоң кыйынчылыктар бар».

«Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Ал Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10% жакынын жана өнөр жайынын 20% ашык бөлүгүн түзөт.

Компаниянын маалыматы боюнча, долбоор иштей баштагандан бери 2019-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 4 миллиард 141 миң долларга жакын пайда тапкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (35)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG