Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:51

Кумтөрдө геологиялык чалгындоого келерки жылы 20 млн. доллар бөлүнөт


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенинде.

Кумтөр алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө келерки жылга 20 миллион доллар жумшоо пландалууда.

Бул тууралуу 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кенди иштеткен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын президенти Скотт Перри билдирди.

Жолугушууда айтылгандай, былтыр компания геологиялык чалгындоо боюнча эки жылдык иш башталганын жарыялаган. 2018-жылы 6,5 млн. доллар бөлүнгөн, быйылкы жылы жалпысынан дагы 24 млн. жумшоо каралууда. 2020-жылы 20 млн. доллар жумшалат.

Өкмөт башчы Абылгазиев Кумтөр кенине жумуш сапары менен барган.

Ысык-Көлдөгү ири ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып жаткан премьер-министр «Кумтөрдүн» алтын куюучу фабрикасы, Петров көлүнүн жана дамбанын абалы, карьердин иши менен таанышты. Ошондой эле ал Кумтөрдө иштеген жумушчулар менен жолугушту.

Быйыл август айында кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк» ишканасынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим күчүнө кирген. Канадалык компания эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жарыялаган. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG