Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Тенгиз Бөлтүрүк «Centerra Gold» компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп дайындалды


Канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы иштеткен Кумтөр алтын кени. Ысык-Көл облусу.
Канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы иштеткен Кумтөр алтын кени. Ысык-Көл облусу.

Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан мүчө болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды.

Бул тууралуу компаниянын 4-декабрда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, Тенгиз Бөлтүрүк отставкага кеткен Аскар Өскөмбаевдин ордуна келди.

Теңгиз Бөлтүрүк Кыргызстандан тышкары Канаданын жараны. Компаниянын билдирүүсүндө анын машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени, буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия жана Түштүк Америкада иштеп жүргөнү белгиленген.

Быйыл октябрда Кумтөрдү иштеткен канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан Тенгиз Бөлтүрүк сунушталып жатканын жана ал кыргызстандык үч өкүлдүн бири болорун «Кыргызалтын» ишканасы маалымдаган.

20-октябрда ошол кезде премьер-министр болуп жана президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктүн директорлор кеңешине дайындаганын «Би-Би-Сиге» берген маегинде айтып, аны иш билги адис катары сыпаттаган.

«Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Тенгиз Бөлтүрүктү кошкондо Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев.

Кумтөр кени 2026-жылы жабылары айтылып келген. Бирок акыркы жылдары кенде чалгындоо иштерин жүргүзүп, анын мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга мүмкүн экени, бул үчүн «Centerra Gold Inc» 2020-жылы 20 миллион доллар бөлөрү кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG