Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Талант Мамытов: Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкты арттырууга умтулат


Талант Мамытов жана Вячеслав Володин. 7-декабрь, 2020-жыл. Москва
Талант Мамытов жана Вячеслав Володин. 7-декабрь, 2020-жыл. Москва

Бүгүн, 7-декабрда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар парламент аралык кызматташтыкка жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап байланышты мындан ары да арттырууга умтуларын кошумчалады.

«Жогорку деңгээлдеги иш сапарлары жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча парламент аралык комиссиянын алкагындагы жолугушуулар бул багыттагы алаканы арттыруудагы негизги кадам катары эки элдин достугун бекемдөөдө өтө маанилүү», - деди Талант Мамытов.

Ал COVID-19 пандемиясы Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгиледи. Буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Володиндин бул сунуштарга кандай жооп бергени айтылган эмес.

Мамдуманын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Вячеслав Володин бул жолугушууда миграцияга жана чек арага байланыштуу маселелерди КМШ мамлекеттеринин ишин караган комитетке тапшырган.

Ал Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына Орусияда жумуш табуу жеңил болуп жатканын белгилеп, интеграцияда да туура багыт алуунун зарылдыгы боюнча кеп козгогон:

«Европада төшөлгөн килемдерге карабай ал жакта КМШ жарандарын кучак жайып эч ким күтүп аткан жок. Келечек – интеграцияда. Ар кандай факторлорду эске алып, кайсы мамлекеттер менен биригүү маанилүү экенин түшүнүш керек. Эч кимди таарынткым келбейт. Кээ бир мамлекеттердин айрым саясатчылары интеграция жөнүндө кеп козголгондо дароо АКШ тарапка бурула башташат. Ал эми оорчулук келгенде дароо Орусияга кайрылышат».

Талант Мамытов баштаган делегация Орусияга иш сапары менен 6-декабрда барган. (NT)

XS
SM
MD
LG