Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Исфанадагы аэропортко Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды


«Исфана» аэропорту.
«Исфана» аэропорту.

Баткен облусунун Исфана шаарындагы аэропортко белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 7-декабрда Баткен облусундагы жумуш сапарында аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылышында билдирди.

«Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экенин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөнү колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учак каттап жатат жана бул багыттагы иштер улантылат», - деди Новиков.

Ал Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине да барды.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген. Комиссия аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтерди аныктаган, аэродромдун мурдагы сертификаты жокко чыгарылган. Буга байланыштуу 2019-жылдын апрель айында Бишкек - Исфана - Бишкек каттамындагы каттамдар токтотулган.

Ички каттамдарга ылайыкташкан «Исфана» аэропортун реконструкциялоо иштери 2019-жылы башталып, быйыл июль айында аяктаган. Реконструкция иштери Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында башталганы айтылган.

«Исфана» аэропорту СССР убагында, 1974-жылы пайдаланууга берилген. 1980-жылы техникалык маселелерге байланыштуу жабылып, иштебей калган. Аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жүргүзүлүп, күндүзгү ички каттамдар үчүн кайра иштей баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG