Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот 14-декабрда улантылат


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-декабрда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Райондук соттун басма сөз кызматынын билдиргенине караганда бул күнү судья материалдарды изилдөөнү улантып, соттун кийинки отурумун 14-декабрга белгиледи.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна кайтарган. Ал эми түрмөгө кесилген Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду сот 19-августта бошотуп, үй камагына чыгарган.

Эки саясатчы бул кылмыш ишти ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG