Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Орусияга кайткысы келген мигранттардын убарасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда иш таппай Орусияга кайтууну көздөгөн мигранттар өкмөттөн Орусияга кирүүнү жеңилдетип берүүнү өтүнүштү.

Бул кезде Кыргызстанда жүздөгөн мигранттар Орусияга ишке кайтууну көздөп, анын жолун издеп, ар кандай амалдарга барышууда. Айрымдары мыйзамсыз жол менен документ жасап, чек арадан өтүп кетүү аракетинде.

Атын жашыруун калтырууну өтүнгөн маектешибиз жакында эле бир тууганы Оштон Москвага жасалма медициналык маалымдама менен учуп келгенин айтып берди. Анын сөзүнө караганда бир тарапка учакка билет жана жасалма документ үчүн 50 миң рублдай акча төлөгөн.

«Документ жасатканбыз, бул мыйзамсыз экенин түшүнүп эле турабыз, - деди ал. - Бирок сиңдиме бул жактан бала багууга иш таап, алар күтүп жаткандыктан, чукул чакырууга туура келди. Медициналык тастыктаманы Москвадагы ортомчулардан 15 миң рублга жасатып, 30 миңге авиабилет алып келди. Москвадагы аэропорттон кандай максат менен келгенин, кайсы жакта дарыланарын тактап сурашыптыр».

Орусияга ишке келген же келүүгө камынып жаткан эмгек мигранттары мындай медициналык тастыктамаларды Бишкек менен Оштон, ошондой эле Москвадагы клиникалардан 15-20 миң рублга жасатып алып жатканын жашырышпайт. Мындан тышкары Бишкек менен Ошто «COVID-19 тапшырган тести таза» деген маалымдама да мигранттарга 2-5 миң сомго чейин соодалана баштаганын айткандар болду. Москвага билет акысын - 10-20 миң рублди кошо эсепке алганда бир тарапка 50-60 миң рубль чыгым менен келип жатканына кейигендер бар. Буга кошумча Кыргызстандын аэропортторундагы көзөмөлдө ар кандай себептер менен кызматкерлер пара талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдиришүүдө. Кыргызстанда иш таппай Орусияга кайтууну көздөгөн мигранттар кыргыз өкмөтүнөн Орусияга кирүүнү жеңилдетип берүүнү гана өтүнүшөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын чек аралары марттан бери жабык. Аба каттамдарына да чектөө киргизилип, 1-сентябрдан баштап орус жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туруктуу жашоого уруксаты барларга, орус ооруканаларында дарыланууга муктаж чет өлкөлүктөргө гана Орусияга кирүүгө уруксат берилген.

Кийин өкмөттүк деңгээлде Бишкек менен Оштон Москвага бир жумада эки аба каттамын жүргүзүү макулдашылган. Андан тышкары орус жарандары үчүн өзүнчө чартердик рейстер каттап жатат.

Эдуард Насиров консулдукта мигранттар менен жолугушууда.
Эдуард Насиров консулдукта мигранттар менен жолугушууда.

Айрым мигранттардын «медициналык документтерди Кыргызстандагы аэропорттордо гана талап кылып жатат, Орусияга киргенде аларды эч ким сураган жок» деген арыздары боюнча Москвадагы элчиликке кайрылганыбызда консул Эдуард Насиров чет өлкөлүктөрдүн Орусияга киришине коюлган чектөөлөр дагы эле расмий сакталып турганын белгиледи:

«Бул маселени улам-улам көтөрүп жатабыз. Орус тарап эпидемиологиялык абалга карап, мурда жумасына эки каттам болсо, анын бирөөсүн кыскартып салды. Жалпысынан кыргызстандыктардын Орусияга киришине чектөө жок. Бир гана бул каттамдарга алдын ала билет алып, коронавируска тест тапшырышы керек. Ошондой эле чартердик каттамдар бар, алар менен орус жарандары жана алардын жакындары, дарыланууга муктаж адамдар келе алат. Бирок тастыктоочу документтери колдорунда болушу керек. Бул талаптар дагы эле бар».

Пандемияга чейин Бишкек менен Оштон Москвага бир жума ичинде эле кеминде ондой рейс болуп, эки миңдей жүргүнчү ары-бери каттап турган.

Ошол эле кезде Орусиянын эмгек рыногунда жумушчу күчтүн жетишсиздиги байкалууда. Курулуш тармагында, калкты тейлөө, муниципалдык тазалык кызматтарында жумушчулардын таңкыстыгы 40% чейин жеткен учурлар бар.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов ушундан улам Москва менен атайын аба каттамдары аркылуу мигранттарды ишке алып келүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди:

«1-декабрда Москванын четиндеги Сахарово миграциялык борборунун башчысынын орун басары Олег Нуждин менен жолугушуу болду. Анда Бишкек менен Ошто Сахарово борборунун өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча сунуш талкууланды. Москва шаары азыр муниципалдык тазалык кызматында иштей турган жумушчуларга муктаж болуп турат. Ошондой эле курулушка кол жетишпей жатат. Бери дегенде 10 миңдей адам керек дешет. Бишкектен Москвага жумушчуларды атайын аба каттамдары менен алып келүү жолу да сүйлөшүлдү. Бул бир ай аралыгында ишке ашырылчу нерсе».

Орусияга ишке кайтууну каалагандар Бишкектеги Миграция кызматына кайрылышса болот.

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө быйыл он айда жалпысынан 138 миллион рублдай эмгек акысын албай калган 2,5 миңдей мигранттан арыз түшүп, өкүлчүлүктүн жардамы менен 44,5 миллион рубли өндүрүлгөн.

Орусияда коронавирус жуккандар 2 миллион 300 миңден ашты. Расмий маалымат боюнча 41 миң адамдын өлүмү катталды. Бир күндө оору кеминде 25 миң адамдан табылып, 500дөн ашуун адам илдеттен каза болууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG