Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Конституциялык реформа: Бийликтин буйтаган ыкмасы


Конституцияны өзгөртүүгө каршылардын митинги, 22-ноябрь, 2020-жыл
Конституцияны өзгөртүүгө каршылардын митинги, 22-ноябрь, 2020-жыл

Ошентип Кыргызстандын жаңы бийлиги мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү үчүн экинчи ыкмага өткөнү калды. Мында алгач референдумда эл президенттик жана парламенттик форманын өзүн гана тандап алат.

Конституция ошонун жыйынтыгына карап өзгөртүлөт же ордунда калат. Бул идеяны мурдараак өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунуштаган эле. Бул жол да коомчулукта талаш жаратууда.

Кайрадан чыгарылган мыйзам

Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу жаңы демилге бул ирет да Жогорку Кеңеш аркылуу чыкты. Тагыраагы азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлү кезде сунуштаган мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров автор катары кайрадан парламентке киргизди.

Бул документте да референдумду 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталууда. Болгону анда Конституциянын жаңы долбоору сунушталбайт, бир гана суроо коюлат. Ал «Сиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?» деген суроо. Ага жооп катары «президенттик» жана «парламенттик» деген эки вариант сунушталат.

«Азаттыкка» берген комментарийинде депутат Акылбек Жапаров муну элге берилген тандоо деп түшүндүрдү:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Мен автор эмес болчумун, бирок мен Курманкул Токторалиевичти ошондо эле колдоп жүргөм. Бүгүн да эң чоң маселе ушул экенин көрдүм. Анан сунуш кылып көрсөм кызматташтарымдын көбү дээрлик колдочудай. Ошондуктан ушул мыйзамды алып чыгууну туура көрдүм. Эл өзү тандап, чечип алышы керек. Буга чейин сегиз жолу Конституция алмашкан. Сегиз жолу тең мындай эле бүтүрүп коюшкан. Биз биринчи жолу элге кайрылып жатабыз. Бийликтин булагы - эл дегенден кийин эл өзү тандап алсын. Биз мындан ары кайсы жол менен кетебиз, өлкө президенттик болсунбу же парламенттикпи, эл өзү айтсын. Ошого жараша Конституция жазылышы керек. Анан жаңы Конституция өзүнчө референдум аркылуу кабыл алынып, парламенттик шайлоо ошондон кийин өтүшү зарыл».

Маалым болгондой, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам долбоору быйыл 1-апрелде коомдук талкууга коюлган.

Бул мыйзам өтсө 3-июлда күчүнө кирмек жана 4-октябрда парламенттик шайлоо менен чогуу референдум өтмөк. Бирок кезинде коомчулуктагы сын-пикирлерден улам документ кабыл алынбай калган.

Долбоор 3-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда кайра каралып, аны Акылбек Жапаров өзү коргоду. Анын жүрүшүндө бир нече талаш-тартыштар орун алды. Айрым эл өкүлдөрү автор алмашкандан кийин мыйзам өзүнчө коомдук талкуудан өтүшү керектигин айтышса, башкалары долбоор комитетте каралбай, регламентти бузуу менен чыгарылганын белгилешти.

Депутат Айнуру Алтыбаева болсо мындай формада референдум өткөрүүдө үгүтчүлөр жана ага каршы топтор жок болуп каларын сынга алды:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

«Референдумга акча бар экен дейли, бирок түшүндүрүү иштерине акча каралганбы? Анткени президенттик форма менен парламенттик форманын кандай айырмасы бар, анда кимдердин ыйгарым укуктары кандай болот, деген маалыматтарды бериш керек да. Муну көп жарандар так билбейт. Айрым адамдар керек болсо айырмасын да билбейт. Мисалы, биз парламенттик формада жашаган жокпуз, Кыргызстанда классикалык парламенттик башкаруу жок. Парламенттикте партиялар шайланып, алар президентти шайлайт. Мына ушул парламенттик башкаруунун классикалык үлгүсү. Добуш бергенде мына ушуну түшүнүп, анан добуш бериш керек».

Депутат Акылбек Жапаров болсо «президенттин» жана «парламенттик» башкаруулар боюнча үгүт иштерин шайлоого аттанган талапкерлер жүргүзөрүн, кошумча ишти Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алып барарын маалымдады. Алтыбаева кайра буга БШКнын ыйгарым укуктары жол бербей турганын жана талапкерлер бир жактуу билдирүү жасай турганын айтып, жооп берди.

Кантсе да, мыйзам долбоору бул күнү кворум жоктугунан добуш берүүгө киргизилбей калды. Документ келерки шаршембиде биринчи окуудан кайрадан добушка коюлмакчы.

Арийне, 17-ноябрда 80 депутаттын колу менен сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген.

Ошондой эле депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлмөкчү.

Бул долбоордо да референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталган. Бирок мындан көп өтпөй бир нече депутат референдум боюнча мыйзам долбооруна кол койбогонун жарыялап, авторлуктан чыгып кетишкен. Долбоор коомчулуктун да кескин сынына кабылган.

Буга байланыштуу премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров 23-ноябрда кенен билдирүү жасаган. Жапаров анда куду ушул жаңы мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан нерсени айткан эле.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Муну эч ким зордоп, эртең-бүрсүгүнү эле кабыл ал деген эч ким жок, элдин талкуусуна койгула деп жатабыз. Элден сунуш түшсө, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келбесе алардын баарын кабыл алгыла дедик. Ушул жерден мен парламентке башка сунуш айтайын деп жатам. Парламентте бүгүнкү күндө мыйзам долбоору турат, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз киргизген. «Президенттик башкарууну каалайсыңбы же, парламенттик башкарууну каалайсыңбы?» деген суроону референдумга чыгаралы деген сунуш койгон. Ошол мыйзамды депутаттар кайрадан алып чыгып, президенттик шайлоодо ошону референдумга койсо деп, суранып кетет элем. Көчөгө чыгып алып, бир тарабы президенттикти, экинчи тарабы парламенттикти коргоп жатат. Жалпы элден сурап алалы, пикирин угалы. Андан кийин бүгүн талкуу кылып жаткан жаңы Конституцияны кабыл алалы», - деген Садыр Жапаров «7-каналдагы» маегинде.

Акылбек Жапаров бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Коомчулуктун сынынан соң кызматтан кайра бошотулган. Бирок айрым маалыматтарда депутат дагы деле Садыр Жапаровго консультациялык көмөк көрсөтүп келери айтылат.

Сындан кийинки буйтоо

Кезинде 80 депутат сунуштаган мыйзам долбоорун сынга алган бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, алардын ичинде экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев жана башкалар Конституциянын редакциясын сунуш кылууга азыркы легитимсиз парламенттин укугу жок экенин белгилешкен. Алар долбоорду «ханституция» деп атап, ал кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын эскертишкен.

Эми эгер Акылбек Жапаров алып чыккан экинчи мыйзам долбоору өтсө, Конституциянын редакциясы кошо сунушталган биринчи долбоор убактылуу асылган абалда калат. Башкача айтканда, Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдум өткөндөн кийин кайрадан сунушталышы мүмкүн.

Муну адистер жаңы бийликтин коомчулуктун сынынан буйтап өтүү аракети катары сыпаттап жатышат. Ошол эле кезде жоопкерчиликти элдин мойнуна илүү деп баалагандар болду.

Көз карандысыз юрист Сания Токтогазиева мындайча кепке кошулду:

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Демократия толук орнобогон өлкөлөрдө референдум бул жоопкерчиликтен качуу ыкмасы катары колдонулат. Муну көпчүлүк убакта коркок, бейкапар жана кесипкөй эмес бийлик пайдаланат. Бул түрдүү илимий изилдөөлөрдө белгиленген. Азыркы бийлик өзү жоопкерчиликтен качып, элге жамынгысы келип жатат. Бирок биз билебиз да, референдум эл-эл деп коюп эле, көпчүлүк убакта бир ууч топтун эле кызыкчылыгы үчүн куралга айланып калат, тилекке каршы. Эгерде алар чындап эле элдин үнүн угабыз дешсе, аны мыйзам бузуу менен чыгарышмак эмес. Бул чакырылыштын ыйгарым укуктары расмий түрдө 28-октябрда бүттү, биз ушуну жакшы түшүнүшүбүз керек. Андан кийин алар мындай фундаменталдык чараларга өз ыйгарым укуктарын колдоно албайт. Азыркы бийлик тактикасын кырдаалга байланыштуу улам өзгөртүп жатат. Анткени алар башынан баштап эле мыйзамдын жана Конституциянын негизинде иш жүргүзгөн эмес. Ошон үчүн алар бир планы ишке ашпаса, артынан кайра экинчи планын чыгарууда. Бул жолу Курманкул Зулушевдин мыйзам долбоорун кайрадан реабилитациялап, алып чыга калышты. Мында процессуалдык жактан көптөгөн катачылыктар кетип жатат, аны тармактык комитеттин мүчөлөрү да айтып чыгышты. Башынан эле ушундай мыйзам бузуулар болуп жатса, референдумдун жыйынтыгы кандай болбосун аны элдин чечими деп атай албайбыз. Бул таңууланган чечим болуп эсептелет».

Мурда Курманкул Зулушев, азыр Акылбек Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорунун көрүнүшү. Жанарбек Акаев жарыялаган сүрөт.
Мурда Курманкул Зулушев, азыр Акылбек Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорунун көрүнүшү. Жанарбек Акаев жарыялаган сүрөт.

Эксперт Токтогазиева ошол эле убакта референдумда коюлат делип жаткан суроонун өзү юридикалык жактан туура эмес экенин белгилейт.

«Бизде референдум жөнүндө да мыйзам бар да, ал жерде так жазылган. Ар бир референдумга коюлган маселенин жөндөлүшү (формулировкасы) көп чечмелөөгө жол бербегендей болуп түзүлүшү керек. Ал жерде шайлоочу бир беткей гана жооп бергендей болушу шарт. Мында түшүнүксүз болуп жатат. Биз башкаруу формасы катары монархия жана республика деп билебиз. Ал эми президенттик жана парламенттик деген бул, ошол республиканын ичиндеги түрү. Булар «мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?» деп, президенттик жана парламенттик деп киргизип алышкан. Ага да экөөнө тең «ооба» жана «жок» деген жоопторду коюп коюшкан. Муну киши түрдүүчө түшүнүп, бир нече жагдайда чечмелесе болот. Анан бул жерде референдумга каршы деген да топ түзүлүшү керек да. Мында биринчиден ал жок, экинчиден каршы топ болсо, алар парламенттикке каршыбы же, президенттикке каршыбы, анын да аягы жок. Баары туура эмес. Андан да, эл аралык практиканы карасак, мамлекеттик башкарууну тандоо боюнча суроону эч бир өлкө референдумга койгон эмес», - деди Сания Токтогазиева.

Бул арада «Адилет» укуктук клиникасы депутаттар тобу сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясын талдап чыгып, андагы толтура кемчиликтерди таап чыкты. Уюм бул долбоор укуктук тактыктын жана укуктук үстөмдүктүн принциптерин бузарын белгилеп, ал кошумча иштелип чыгышы керектигин кабарлады. Ошол себептүү мекеме алгач мамлекеттик башкаруунун формасын аныктап алуунун референдумга чыгарылышын кубаттап жатат.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова буларга токтолду:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Менимче бул туура нерсе. Анткени өлкөнүн негизги мыйзамын мынчалык кыска убакытта иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Биз муну башынан бери эле айтып келатабыз. Шашпай, жакшылап иштеп чыгыш керек. Мунун баары коомчулук, журналисттер жана саясатчылардын сынынан улам болду. Ошондуктан менимче булар кадам-кадам менен бара тургандай болушту окшойт. Иш жүзүндө үлгүрбөй каларын да түшүнүштү. Алгач эл эмнени каалай турганын аныктап алышып, ошонун негизинде анан иш жасашат. Эгер эл парламенттикти тандаса булар Конституцияга өзгөртүү киргизет, эгер президенттикти тандаса толугу менен кайрадан жаңы Конституцияны чыгарышат. Бирок ага баары бир убакыт керек».

Чолпон Жакупова өзү жана анын командасы азыркы Констуциянын да, жаңы сунушталып жаткан редакциянын да тарапкери эмес экенин тактап, негизги мыйзамды тыкыр иштеп чыгуу керектигин эскертти.

«Биз, «Адилет» укуктук клиникасы, эксперт-юрист катары мурдараак депутаттар тобу сунуштаган жаңы Конституциянын редакциясындагы чала нерселер көп экенин аныктап чыкты. Кийин жөн эле курук сөз менен айтып жатышат дебесин деп, сын-пикирибизди жана сунуштарыбызды жазуу түрүндө беренелери менен көрсөтүп бердик. Аны Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, Акыйкатчы институтуна, Конституциялык палатага, Юстиция министрлигине жана башка тараптарга жөнөттүк. Алар ошол биринчи мыйзам долбоорун токтотуп, кабыл алышпайт деп үмүттөнөм. Анткени анда эл аралык стандарттарга каршы келген, түшүнүксүз, акылга сыйбаган жоболор бар. Баш мыйзамда карама-каршылыктар болуп калса, биздин өлкө мындан ары жалаң бейстабилдүүлүктүн үстүндө кала берет. Биз азыркы Конституция боюнча деле парламентаризмде жашаган жокпуз, анда президенттин ыйгарым укуктары көбөйтүлүп калган, бирок жоопкерчилиги жок. Бирок реалдуулукта баарын президент чечип келди да. Ушул каршылыктар бизди революциялык жагдайлардан чыгарган жок. Биз президенттикке да каршы эмеспиз, бирок Конституцияны толук бышырып, жакшылап жазып, анан кабыл алууну жактайбыз», - деди ал.

Ооба, бир катар сын-пикирлерден улам 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн. Алгач, анын иши 15-20 күнгө созулары айтылган жана алар азыр да иштеп жатат.

Бирок бир нече депутат эгер Баш мыйзамдын долбоору жок референдум өтсө, бул кеңешменин ишин токтотуп туруу зарылдыгын айтып чыгышты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG