Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Биринчи Баш мыйзамга кайтуу сунушталды


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн «Комитет 93» саясий кыймылы 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтууну сунуш кылды.

Анын мүчөлөрү Баш мыйзамга байланыштуу коомчулукта мунаса табылбай турганда бул абалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп эсептешет.

«Комитет 93» кыймылынын сунушу

«Комитет 93» кыймылы конституциялык реформа боюнча өздөрүнүн альтернативалуу көз карашын сунуш кылып чыгышты. Юристтерден жана саясатчылардан түзүлгөн топ 30-ноябрда Бишкекте жыйын өткөрүп, Кыргызстанда 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Баш мыйзамдын артыкчылыктарын айтып беришти. Алар өлкөнүн биринчи Конституциясына кайтуу ушул күндөрү Баш мыйзамга байланыштуу коомчулуктагы карама-каршылыкты жолго салат деп ишенишет.

Кыймылдын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновдун сөзүнө караганда, буга чейин Кыргызстанда болгон конституциялык референдумдун баары мыйзамдарды бузуу менен өткөн. Бул жолу да өлкөнүн негизги документин өзгөртүүнүн легимтимдүүлүгү суроо жаратууда.

Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

«Эң таза жазылган, элдин талкуусуна коюлуп юридикалык жактан да туура болгон бул - 1993-жылы кабыл алынган Конституция экен. Андан кийинки өзгөртүүлөрдө мыйзам бузулган. Ошондуктан биз 1993-жылда кабыл алынган Конституцияны жаңы өзгөртүүлөр менен кайра калыбына келтирели деп сунуш кылып жатабыз», - деди ал.

Кунакунов 2019-жылы Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн шарттуу бошотулган. Ал 2015-жылы жай айында «террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактаган» деген айыптар менен камакка алынган. Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал ошол кезде өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай, УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирип келген. Атайын кызмат бул билдирүүнү четке каккан.

Жалпысынан 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтуу боюнча демилге биринчи ирет көтөрүлүп жаткан жок. Бир нече жыл мурун саясатчы Бегиш Аматов жана журналист Турат Акимов да ушундай эле демилге көтөрүп, тиешелүү аталыш менен кыймыл түзгөн. Ага эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясын жактаган бир нече саясатчы киргени белгилүү.

Советтик мезгилде шайланган Жогорку Кеңеш 1993-жылы 5-майда эгемен Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган. Ошондон бери 5-май Кыргызстанда жылнаамада кызыл түс менен белгиленип, майрам болуп саналат.

Конституциялык соттун мурдагы төрайымы, 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды жазууга активдүү аралашкан Чолпон Баекова өлкөнүн негизги документин шашып кабыл алууга болбой турганын айтты:

«Биз Конституциянын ар бир тамгасы, сөзү кыргызчасы менен орусчасында бири-бирине айкалышкыдай кылып жазганбыз. Аны бир эле күндө кабыл алган эмеспиз. Депутаттар өз округдарына барып үч жыл долбоорду түшүндүрүшкөн. Азыр болсо депутаттар «мен автормун» деп эле басып жүрүшөт. Ал эми мурда «мен» деген сөз жок болчу. Жоопкерчиликти баарыбыз моюнга алганбыз. Эл менен акылдашып, эл аралык коомчулуктун пикирин угуп, алардын корутундусунан кийин Конституцияны кабыл алганбыз».

Чолпон Баекова 1993-2007-жылдары Конституциялык соттун төрайымы болгон. 2007-жылы «Ак жол» партиясы менен Жогорку Кеңешке шайланып келип, вице-спикерлик кызматты аркалаган. Аны айрымдар мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин күчөтүүгө жана президенттердин укугун кеңейткен референдумдарды мыйзамдаштырууга салым кошкон деп сындап келишет. 73 жаштагы Баекова Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин коомдук иштерге аралашпай калган.

«Комитет 93» кыймылынын жыйыны. 30-ноябрь, 2020-жыл.
«Комитет 93» кыймылынын жыйыны. 30-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргыз Конституциясы көргөн сыноо

Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин Конституцияны алмаштырат. Айрым президенттер бир нече жолу референдум кылган учурлар болду.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды биринчи жолу 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Акаевдин тушунда Баш мыйзам андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлдү. Алардын баары тең өлкө башчынын укуругун узартты.

2005-жылы бийликтен кулатылган Акаевден кийин президент болгон Курманбек Бакиев да Конституцияны өзгөрттү. Алгач оппозициянын талабы менен 2006-жылы референдум болгон. Бир жыл өтүп-өтпөй Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кайра референдум жарыяланып, Бакиев өз бийлигин бекемдеген.

2010-жылы апрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып кетип, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам «2020-жылга чейин өзгөртүлбөй» тургандыгы белгиленген.

Ошого карабай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Ошентип кыргыз Конституциясы 90 алекеттен өтүп, тогуз жолу өзгөртүлдү. Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашкан соң эми Баш мыйзамды онунчу жолу өзгөртүү аракети болуп жатат.

Юрист Нурбек Садыков бийликке келгендер шымалана Баш мыйзамды өзгөртүүгө киришерин, Конституцияны ат тезегин кургатпай алмаштыруу экономиканы артка тартып жатканын айтты:

«Мындай боло берсе мыйзамды сыйлаган инвесторлор бизге келбейт. Тескерисинче 10 сом салып 100 сом алып кете турган шылуундар келет. Инвестиция деген туруктуулукту, мыйзамдуулукту жактырат. Келип-келип эле бардык маселени бир барак Конституциядан көрөбүз. Маселе анда эмес. Мейли 1993-жылы, 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам болсун же азыр сунушталган Конституция болсун, маселе анын аткарылышында. Мен азыркы долбоорду окуп чыктым. Бардык укук президентке берилген, бирок жоопкерчилик жок. Садыр Жапаров ушул Конституция менен бийликке келгенде деле эл кайра 1-2 жылда революция жасайт. Башка бирөө келип, ал да Конституцияны өзгөртөт».

Бийлик жана жоопкерчилик

Азыр талкууланып жаткан Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктап, беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн да өзү аныктайт. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Элдик курултай түшүнүгү да киргизилип жатат. Бул орган «коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди» кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат.

Өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаров акыркы интервьюсунда Баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу айтылып жаткан сын-дооматтарга жооп берген:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Жаңы кирип жаткан долбоордо башкарууда бир эле башчы болсун жана парламент калсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Парламенттик башкаруу деп жатабыз. Утуп келген партиялардын үчөө биригип алып мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итибай-чотубайын» деле коюп атат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан болуп атат. Биз ушундай кылбай, мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. Менин сунушум: өкмөт менен президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деп жатабыз. Анан курултай кирсин деп жатабыз».

«Кыргызстан коммунистери» партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев долбоордо бийлик бутактарынын тең салмактуулугу каралбай калганын айтып, Кыргызстандын биринчи Баш мыйзамына кайтуу жөнүндө сунуш тууралуу мындай деди:

«1993-жылдагы Конституцияда башка документтерге салыштырмалуу тең салмактуулук сакталган. Анда күчтүү президент, күчтүү парламент бар болчу. Кандай болгон күндө да иштей бере турган өкмөт да бар эле. Азыр принциптер бузулуп кеткен. Конституция деген оюнчук эмес. Аны жыл сайын өзгөртүү болбойт».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Эски Конституцияга кайтуу демилгеси көтөрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

XS
SM
MD
LG