Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Шаардык сот экс-депутат Кунакуновду 10 жылга кести


Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, экс-депутат Максат Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын жактоочусу Идирис уулу Мирлан “Азаттык” үналгысына билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 4-августта чыккан. Учурда жогорку инстанцияга даттануу боюнча даярдыктар жүрүп жатат.

Экс-депутат Максат Кунакунов 2014-жылы "Жаштар өкмөтү" кыймылын түзүп, Бишкекте курултай өткөргөн. Анда бийликти кескин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

2015-жылы жайында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" өңдүү айыптар менен камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылганын билдирген. Атайын кызмат экс-депутаттын кыйноо тууралуу маалыматтарын четке каккан. (UEz)

XS
SM
MD
LG