Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Акцияда Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартуу талабы жаңырды


Конституцияны өзгөртүүгө каршы акция. 29-ноябрь, 2020-жыл.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы акция. 29-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарында жарандык активисттер Конституцияны реформалоо боюнча мыйзам долбооруна каршылык билдирип, кезектеги нааразылык акциясына чыгышты.

Алар «Референдумга жол жок!», «Хансыз өлкө», «Мыйзамдуу мамлекет» деген ураандарды айтышты. Конституцияны өзгөртүүгө каршы жана аны колдогон тараптардын талашы дагы деле токтой элек. Биринчи тарап бийликти бир колго топтоо аракети жүрүп жатат, мыйзамдар одоно бузулууда деп кайталап келет. Долбоорду жактагандар болсо ага макул эмес.

Конституциялык референдумга каршы болгон жүздөгөн жарандык активисттер жана саясатчылар 29-ноябрда адаттагыдай эле Бишкектеги темир жол бекетинин алдына чогулушту. Алар Эркиндик бульвары менен борбордук Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш менен барышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, келерки жылдын 10-январына дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген Канатбек Исаев да акцияга катышты. Ал Кыргызстан толук парламенттик башкаруу системасын көрбөй жатып бийлик башкаруунун бул формасын чанып жатканы туура эмес деп эсептейт:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Садыр Жапаров эл алдында бир нече жолу «Конституциянын жаңы долбоору жазылып жатат. Мен аны сунуштайм. Президенттик башкарууну жактап атам. Эл да сурап жатат» деген. Бирок кайсы эл сураганы белгисиз. «Депутаттар бир мандаттуу округдан шайланып келиш керек» деп да бир нече жолу кайталаган. Демек, ал бул Конституциянын артында өзү турарын тастыктаган. Депутаттар формалдуу гана автор болушту».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Жарандык активисттер 22-ноябрда да «Баш мыйзам үчүн!» деген тынчтык жүрүшкө чыгып Конституциялык реформага каршы пикирин билдиришкен. Байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышкан. Бул жолку акцияга да 500гө чукул киши чыкканы айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ушуну менен Конституциялык референдумга каршы экинчи жөө жүрүшкө катышып жатат. Ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбой турганын дагы бир жолу кайталады:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Биринчиден, биз эл аралык коомчулуктун үнүн угушубуз керек. Алар «зордук менен тез арада Конституцияны өзгөртүү дүйнөлүк тажрыйбада жок» деп айтышты. Экинчиден, көчөдө кыш, дүйнөдө пандемия, бюджетте кризис. Ушундай учурда шашылып конституциялык реформа кылууга негиз барбы? Үчүнчүдөн, Венеция комиссиясы, Европа комиссиясы «Азыркы парламенттин укуктук, убактылык жана саясий мөөнөтү аяктады. Майда-чүйдө маселелерди караса болот. Бирок фундаменталдуу Конституцияга окшогон негизги маселелерди кароого укугу жок» деп билдиришти. Дүйнөлүк коомчулук каршы, коомдун ичинде ажырым жаралды, парламенттин күчү жок. Баш мыйзамдын долбоору үч жагынан тең мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына жооп бербейт. Мындай зордук менен кабыл алынган Конституция 6-8 айда урайт».

Президенттин укуктары кеңейтилген Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы болгондор ал кабыл алынса, өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда. Алар «бул документ - өлкөдө президенттин бийлиги дээрлик чектелбей калган авторитардык башкаруунун өзгөчө түрүн орнотууга багытталган» деп чочулашат.

Жарандык активист Рита Карасартова Кыргызстанда 2010-жылдан кийин өлкөнү башкарган президенттер бийликти бир колго топтошконун, эми аны мыйзамдаштыруу аракети көрүлүп жатканын айтты:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Өздөрү бийликке келгенден кийин балдарын, бир туугандарын алып келе баштайт. Мына азыр эле көрүп атасыңар достору бүтүп, маанилүү кызматтарга кудаларын коё баштады. Биз мындай жол менен эч качан оңолбойбуз. Садыр Жапаровдун кудасы бир кызматта эмне үчүн жетекчи болуп отурушу керек!? Бизде чет өлкөдөн окуп келген билимдүү жаш балдарыбыз жокпу? Бул эч качан жакшылыкка алып келбейт».

Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциянын катышуучусу. 29-ноябрь, 2020-жыл.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциянын катышуучусу. 29-ноябрь, 2020-жыл.

"Factcheck.kg" сайты өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев өкмөттүк милдетин убактылуу тапшырган Садыр Жапаровдун кудасы болорун аныктап чыкты.

Сайт жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Акат Жапарованын күйөөсү, маркум Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Ал эми Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес. Ал соңку маектеринин биринде Конституциянын жаңы долбоору тууралуу буларга токтолгон:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Бул 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган 20дан ашык автор турат. Жалгыз эле киши эмес, академик, юридика илимдеринин доктору, талапкер жана башка уюмдар да бар».

Коомдо талаш-тартыш курчуп турган чакта президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме президенттик башкарууну шарттаган Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап жатат.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек кеңешменин да иши мыйзамсыз деген пикирде:

«Конституциялык кеңешме эмнени талкуулап жатат? Кандай жыйынтык болот белгисиз. Садыр Жапаров болсо «референдумга башкаруунун формасын тандоону алып чыгалы» деди. Анда кеңешме эмнени талкуулап жатат? Биз бул башаламандыкты токтотушубуз керек».

Садыр Жапаров буга чейин Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан кеңешмеге кайрылып, алар долбоорду шашпай карай бериши керектигин айткан.

Ал эми Жогорку Кеңешке 2021-жылдын 10-январына башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум дайындоо тууралуу сунуш берген. Азырынча бул сунуш тууралуу кандайдыр бир чечим кабыл алына элек.

Эгерде, азыр талкууланып жаткан Конституциянын жаңы долбоору парламентте кабыл алынса, келерки жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG