Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Factcheck.kg Садыр Жапаров мамлекеттик мекеменин жетекчилигине өз кудасын койгонун аныктап чыкты


Турусбек Түмөнбаев жана Садыр Жапаров.
Турусбек Түмөнбаев жана Садыр Жапаров.

Factcheck.kg сайты өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев өкмөттүк милдетин убактылуу тапшырган Садыр Жапаровдун кудасы болорун аныктап чыкты.

Сайт жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Акат Жапарованын күйөөсү, маркум Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Садыр Жапаровдун 21-октябрдагы буйругуна ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Марат Пирназаров иштен алынып, ушул эле күнү ал кызматка Турусбек Түмөнбаев дайындалган.

Factcheck.kg порталы негизинен Интернетке чыккан күмөндүү кабарлардын так-аныктыгын текшерүү менен алектенет.

Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өкмөт башчылыкка келген Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу тапшырган. Учурда анын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG