Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Медиа коомчулук: Журналисттерге жасалып жаткан онлайн чабуул өлкөдөгү демократияга доо кетирет


Кыргызстандагы иш-чаралардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бир катар медиа мекемелери жана медиа ишмерлери бириккен кайрылуу таратып, журналисттер менен интернет активисттерди куугунтуктаган жосундарга байланыштуу кабатырлануусун билдирди. Медиа коомчулук «мындай иш-аракеттер өлкөдөгү альтернативдүү пикирлерди айттырбай, демократиянын өзөгүнө доо кетире турганы» белгиленет.

Кайрылууда соӊку бир жыл ичинде Кыргызстандагы журналисттерге, юристтерге жана укук коргоочуларга жапырт уюштурулган зордукчул онлайн опузалар күчөгөнү айтылат. Анын ичинде өзгөчө айым журналисттер саясий жана бийлик түзүмдөрү жалдаган троллдордун жаалаган онлайн баскынчылыгына кабылып жатканы көрсөтүлөт.

«Кыргызстанда 2019-жылы журналисттер бажыкананын ишмердигин иликтегендиги үчүн онлайн чабуулдарга кабылган. Быйыл сентябрда мындай чабуул парламенттик шайлоону утурлай партиялар жана алардын лидерлери жөнүндөгү сын материалдарга байланыштуу уланды. Азыр болсо кыргыз журналисттерине Интернеттен куугунтук ого бетер катуулап, кеӊири жүрүүдө, уруп-сабайбыз, кол салабыз деп опузалагандар көбөйдү. Бул ирет журналисттер опузачылардын жаалап киришине Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы же Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорунун бузулушу жөнүндө коомго кабарлаганы үчүн кабылып жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы үчүн куугунтукка тушуккандардын катарында журналисттер Канышай Мамыркулова, Айзада Касмалиева, Назира Айтбекова, президенттикке талапкерлигин жылдырган Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева жана башкалардын аты-жөнү келтирилген.

Медиа коомчулук айрым саясий ишмерлер журналисттердин Интернетте кысымга алынышына шыкакчы болуп жатканын да белгилеп, саясий лидерлерди өз тарапкерлерин тыюуга чакырат. Ошондой эле укук коргоо органдарын журналисттерге карата жасалып жаткан кол салуулар менен байланышкан иштерди ыкчам териштирүүгө үндөйт.

Кайрылууга «Медиа Полиси Институту», «Журналисттик иликтөөлөр фонду», «Медиа өнүктүрүү борбору», «Журналисттердин көз карандысыз шериктештиги», «Журналисттер» коомдук уюм-бирикмелери, «Апрель» жана «Т-Медиа» телеканалы, «Кактус Медиа» басылмасы, «Интерньюс-Нетуорк» өкүлчүлүгү, «ПолитКлиника» гезити, «ГовориТВ» жана башка медиа мекемелердин өкүлдөрү, көз карандысыз журналисттер кол коюшкан.

Саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон кишилерди анын тарапкерлери «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын билдирген. Ал ушул эле күнү мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бектур Асановду «адамдардын эмоциясы менен ойнобоого» чакырган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG