Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Тихановская Байден менен жолугушууга чакыруу алганын кабарлады


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Светлана Тихановская Польшада жайгашкан Belsat телеканалына курган маегинде АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден менен ыктымал жолугушуусу тууралуу суроого жооп берди.

«Жо Байден менен жолугушууну пландап жатабыз, бизде мындай кездешүүгө чакыруу бар», - деди анда Тихановская. Өзүнүн штабы Британияда, Норвегияда жана башка өлкөлөрдө да ири жолугушууларды өткөрө турганын кабарлады.

Ошол эле мезгилде бир катар басылмалар Тихановскаянын жолугушууга чакырылганы Жо Байден тараптан ырастала электигин жазып жатышат. TUT.by порталы Тихановская 11-августта Беларустан Литвага чыгып кеткенден кийин Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Словакиянын президенти Зузана Чапутова жана Болгариянын, Австриянын, Грециянын тышкы иштер министрлери менен жолукканын белгилеген.

Эл аралык француз радиосу (RFI) да Байдендин штабы тараптан Тихановскаянын кабыл алуусу жөнүндө маалымат чыга электигин кабарлады.

АКШда шайлоодон утуп чыккан Жо Байдендин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январына белгиленген. Байден мурдараак Беларуста нааразылыкка чыккандарды колдоп, акцияларды күч менен басууга байланыштуу Александр Лукашенкону айыптаган.

Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозициянын башкы талапкери Светлана Тихановская да, бир катар Батыш өлкөлөрү да шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныган эмес. Андан бери өлкөдө Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой келет.

Александр Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынган соң кызматтан кетерин жарыялаганын 27-ноябрда БелТА маалымат агенттиги жазып чыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG