Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Евробиримдик Бондаренконун өлүмүнөн улам Беларуска кошумча санкция салууга даяр


Минскиде бейшембиде миңдеген адам  Бондаренкону эскерди жана анда күч органдарынын зомбулугу айыпталды.
Минскиде бейшембиде миңдеген адам  Бондаренкону эскерди жана анда күч органдарынын зомбулугу айыпталды.

Европа Биримдиги күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал деген 31 жаштагы Роман Бондаренконун окуясынан улам беларус бийлигине кошумча санкция салууга даяр.

Бул тууралуу уюмдун билдирүүсүн Шаркеттин тышкы саясат кызматынын өкүлү Петер Стано жарыялады. Еврошаркет буга чейин Беларустун 55 жаранын кара тизмеге киргизген. Соңку билдирүүдө "Европа Биримдиги беларус бийлигинин тынч демонстранттарга, демократиялык кыймылдардын катышуучуларына, көз карандысыз медиага жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө, ошондой эле жайкын тургундарга жасаган зомбулугун чечкиндүү айыптайт", - деп айтылат.

Минскиде бейшембиде миңдеген адам Бондаренкону эскерди жана анда күч органдарынын зомбулугу айыпталды.

Күбөлөрдүн айтымында, 11-ноябрда беткап тагынган жөнөкөй кийимчен адамдар шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды алып салып жатканда Роман Бондаренко жандарына барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Аны ошол жактан кармап кетишкен. Кийин токмоктон оор жараат алып ооруканага түшкөн, бирок өзүнө келбей жан берген.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкевичус Бондаренконун өлүмү аны дендароо кылганын "Твиттерге" жазып, окуяны “Элдин өзгөрүүлөргө умтулуусун көз жаздымда калтырып келаткан режимдин ырайымсыздыгы", - деп мүнөздөдү.

Оппозициянын лидери, президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш чыгып, кийин чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгон Светлана Тихановская Бондаренкону Беларустун баатыры деп атады.

Ички иштер министрлиги милициянын Бондаренконун өлүмүнө тиешеси жоктугун, ак-кызыл ленталарды илип жана аларды алып салууга каршы болгон адамдар ортосунда мушташ чыкканын, маркум ошондо жараат алганын билдирди. Тергөө комитети ал окуянын чоо-жайын териштирүүгө киришти.

Беларуста соңку президенттик шайлоо 9-августта өткөн жана анда азыркы президент Александр Лукашено жеңүүчү деп табылган. Бирок миңдеген адам добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп, кайра жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып нааразылык акцияларга чыгып жатат. Анда күч органдарынын демонстранттарга карата зордук-зомбулугу боюнча доомат-сын күчөдү.

XS
SM
MD
LG