Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Тажикстанда белгилүү диниятчы Сирожиддин эшен камалды


Сирожиддин эшен Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал.
Сирожиддин эшен Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал.

Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал белгилүү диниятчы Сирожиддин эшен (Сирожиддин Абдурахманов) камалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы анын тууганына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, диниятчыны Дүйшөмбү шаарынын Зарафшон маалесиндеги үйүнөн күч органдарынын өкүлдөрү кармап кеткен. Анын тууганы Сирожиддиндин компьютери, диний китептери конфискацияланганын кошумчалады.

Анын камалган себеби азырынча белгисиз. Шаардык милиция бул кабарды азырынча бышыктап да, төгүнгө да чыгара элек. "Азаттыктын" тажик кызматы диниятчы менен кошо анын бир канча шакирти кармалганын жазды.

Сирожиддин эшен 2009-жылы камалып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анда ага "улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан" деген айып тагылган. Ал абактан 2013-жылы мунапыс менен бошотулган.

Былтыр апрелде диниятчы видеокайрылуу жасап, бийликтин мобилдик Интернеттин баасын кымбаттатканын кубаттаган жана Интернетти "кылымдын чумасы" деп атаган. Бирок Сирожиддин эшен Интернетти такай колдонот жана соңку кездери "Ютуб" каналы аркылуу колдонуучулардын дин тууралуу суроолоруна жооп берип келген.

XS
SM
MD
LG