Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

«Кендерге лицензия берүүгө мораторий кирди»


Жалал-Абаддагы Бозумчак кени.
Жалал-Абаддагы Бозумчак кени.

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Таластагы Жерүй кени жаңы жылга чейин иштей турганын билдирди.

Ал «Азаттык» менен болгон маегинде кен боюнча лицензия берүүгө мораторий киргизилгенин маалымдады. Сагынбаев өзүнүн кесипкөйлүгү тууралуу дооматтарды четке кагып, «диплому жасалма» деген негизде козголгон кылмыш иши тууралуу суроого да жооп берди.

- Кен тармагында маселе абдан көп экени белгилүү. Ишиңизди эмнеден баштап жатасыз? Кенге байланыштуу бир канча чатак чыккан. Жергиликтүү эл менен бир топ маселелер бар.

- Премьер-министр бизге бир топ тапшырмаларды берди. Алардын бири - биз биринчи иретте Кыргызстандын ичиндеги өндүрүштү көтөрүшүбүз керек. Завод-фабрикаларды көрүп атасыңар, жергиликтүү эл «иштетебиз, иштетпейбиз» дейт, биз мындайдан көп эле жолу өтпөдүкпү.

Өкмөт башчы бардыгы мыйзам чегинде, ачык-айкын болсун деп жатат. Ошонун негизинде бир топ завод-фабрикаларды кыдырып жатабыз. Айрыкча тоо-кен тармагындагы ишканаларга көңүл буруп жатабыз, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар деле «мыйзам чегинде иштесин, мамлекеттин үлүшүн карасаңар жакшы болот эле» деп айтып жатышат. Мамлекет деп айтып жатабыз, бирок «үлүшү жок, жөн эле берилип кеткен» деп жатышат.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен кен тармагына лицензия берүүгө мораторий жарыяланды. Биз азыр алтын, күмүш жана жез кендерине жаңы лицензияларды бергенге тыюу салып жатабыз. Мораторий жарыяланды, биз эми жаңы лицензия бербейбиз. Бул убактылуу. Себеби буга чейин көп лицензиялар берилген. Анын жарымы иштеп жатат, калганы турат. Ошол иштебей турган кендердин лицензиясы жөн гана элдин колунда турат. Кыргызстанга да пайда алып келген жок, жумуш орундары да түзүлгөн жок, салык төлөнбөй жатат. Лицензияны кармап турганы үчүн гана майда-чүйдө акчаны берип кутулуп кетип жатышат. Ошолорду бир сыйра ревизия кылып, карап чыгышыбыз керек. Эгер ал кендер иштебесе, келишимдин шарттары, мыйзамдар бузулса, ал лицензияларды кайтарп алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат, алардын баарын кайра чакыртып алабыз. Ревизия болот. Мурда берилгендер иштеп жатабы, натыйжалуу болуп жатабы, текшеребиз.


Экинчиден, азыр кээ бир компаниялар «Кыргызстанда иштете турган завод жок» деп руда менен концентранттарды сыртка ташып кетип жатпайбы. Биз премьер-министрден тапшырма алдык. Кыргызстандын ичинде шарт түзүлүшү керек, заманбап лабораториялар болушу керек. Жок дегенде сыртка эмне чыгып атат, канча чыгып атат - ошолорду текшериш үчүн заманбап лаборатория ачышыбыз керек. Ошондой эле руда менен концентранттарды иштетүү боюнча Кыргызстанда эки-үч завод ачылышы керек. Биз муну көпкө узартпайбыз. Бул жерде жумуш орундары түзүлүшү керек. Салыктар бизде калышы керек. Сыртка бизде даярдалган гана өндүрүм чыгышы керек.

«Жерүй жаңы жылга чейин иштейт»

- Кыргызстандагы соңку окуялардан улам, дагы бир катар себептердин негизинде бир топ кен иштебей турат, буга чейин иштегендери да тыныгууда турат. Айрым аймактарда жергиликтүү тургундар алардын иштешине ачык эле каршы чыгып келет. Ушул маселелердин чечилишин кандай жолдорун көрүп жатасыз?

- Тоо-кен тармагы болобу, башкасы болобу, ар бир завод-фабрика иштеши керек. Биз облустан облуска урматтуу премьер-министр менен чоң делегация болуп кыдырып жатабыз. Анда тоо-кен тармагын карай турган Экотехинспекция, Салык кызматы, Соцфонд жана башка текшерүүчү органдардын баары биригип, кандай маселелер бар - баарын текшерип жатабыз.

Бизге премьер-министр «ар бир ишканага мыйзам чегинде колдон келишинче жардам бериш керек» деген тапшырма берген. Мына, буюрса Жерүй иштейт. Ал Кумтөрдөн кийинки эле биздин ири тоо-кен ишканабыз. Жаңы жылга чейин буюрса иштетип, биринчи өндүрүм алганга даярдык көрүп жатабыз. Биз мамлекеттен болгон жардамды, болгон кагазды, муктаждыктарды тактап, күнү-түнү сүйлөшүп, жардам берип жатабыз. «Кандай кагаздар жетишпейт?» деп биз күнүгө көзөмөлдөп, тезирээк ишке кирсин деген ойдо турабыз.

- Сиз ушул айдын башында Жалал-Абадга барганда эл менен жолугушууда «кен тармагындагы ишканаларда жумушчулардын 90% жергиликтүү тургундар болот» деп айттыңыз эле. Муну ишке ашыруу мүмкүнбү?

- Жумушчулар жеригиликтүү тургундардан болушу керек деген талап мыйзамдуу. Экинчиден, ал жерде ошол жерде жашагандар гана болушу керек деген жобо жок. 90% кыргызстандыктар болот. Калган 10% чет өлкөдөн келгендер. Бирок мисалы Бозумчакта 10 пайызга да жетпейт, 3-4% гана чет өлкөлүктөр, калгандарынын баары Кыргызстандын жарандары иштеп жатат.

«Тышкы карыздан кутулуунун мүмкүнчүлүктөрү көп»

- Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп жатып, Жетим-Тоо кени боюнча айтты. Кен эч кимге берилбей турганын, Кытайга болгон береседен кутулуунун жолдору бар экенин билдирди. Анын бир жолу катары кендеги чийкизатын берүү жагын көрсөттү. Ушундай сунуштарды, кеңештерди премьер-министрге сиздер берип жатасыздарбы?

- Дегеле тышкы карыздан кутулуу маселеси ар бир министрдин, өкмөт мүчөсүнүн оюнда, жүрөгүндө бар. Биз өз сунуштарыбызды берип жатабыз. Бул жакта варианттар көп. Кыргызстандын карызын өзү жапканга мүмкүнчүлүктөр бар. Жалаң эле чийкизат менен деп айта албайм, бирок тышкы карызды жапканга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Өлкөдө тынчтык болсо, саясий маселелер чыкпаса эле карыз маселесин чече турган мүмкүнчүлүктөрүбүз көп.

- Октябрь окуяларынан келген бийликтин кадр саясаты тууралуу сын-доомат айтыла баштады. Мисалы, сиз тууралуу да «кесипкөйлүгү жетишпейт» деген сөздөр чыкты. Андан сырткары жогорку билим тууралуу дипломуңуз жасалма, буга байланыштуу кылмыш иши да козголгон деген маалымат алдык. Ушуну өз оозуңуздан уксак.

- Мен жалпы кадр саясатына баа бере албайм. Экинчиден, азыр жалаң менежерлер, башкаруучулар келди. Алар ишинин натыйжасын көрсөтөм деген адамдар. Эгер менин мүмкүнчүлүктөрүмдү башкача карай тургандар болсо, соцтармактардан же дагы башка булактардан менин тажрыйбамды карашсын. Эмне иш кылдым, канча завод ачтым, канчасын бутуна тургуздум дегендей. Ал жагынан маселе жок. Менде төрт диплом бар. Мурдагы бийлик мага кысым жасап, эч нерсе таппай, анан диплом деп чыкты. Диплом боюнча азыр териштирүү болуп жатат, бирок бул жерде мен кам санай турган эч нерсе жок. Баары ордунда, мыйзамдын чегинде.

«Жөжөнү келерки күздө санайлы»

- Кайсы университеттерде окугансыз, айтып кетесизби? Мисалы, эмгек жолуңуз тууралуу маалыматтарда «дипломатиялык жана юридикалык билими бар» деп гана көрсөтүлүптүр, жылдары жазылбаптыр...

- Диломатиялык академияны, Юридикалык академияны бүтүрдүм. Биздин КГУСТА деген университетти бүтүрдүм. Эки академия, бир университет, азыр буюрса төртүнчүсүн бүтүргөнү жатам.

- Азыр кен тармагы боюнча адистер «бул татаал тармак, анын ичинен билген, кесипкөй кадрлар келсе болмок» деп айтып жатышат.

- Ушул тармакта иштеген, мага чейинки жетекчилер эмне кылышты? Өзүңүз көрүп жатпайсызбы. Бизде «жөжөнү күздө санайбыз» деген сөз бар. Келгиле, мага да убакыт бергиле, мен да өзүмдүн тажрыйбамды көрсөтөйүн. Ошондо гана салыштыралы. Келерки күздө эле мен эмне кылдым, кандай кылдым - эсептеп койсо болот. Мен өзүмдү мактабайм, бирок азыр ушундай куракка келдик, тажрыйба топтодук, Кыргызстандын экономикасын көтөргөнгө салым кошууга мүмкүнчүлүк бар. Менин азыркы кадамдарым биз жаңыланууга, жаңы шарттар, жаңы нук менен иштегенге баратканыбызды көрсөтүп жатат. Анан адамга тийишем десе, кааласа ага негиз табышат.

- Ошондо дипломуңузга байланыштуу материалдар учурда соттобу?

- Бул жерде мен кам санай турган эч кандай маселе жок. Жакын арада баары билинет, эч кандай маселе болбойт. Териштирүү болуп жатат. Текшерсин, маселе жок, баары мыйзам чегинде. Тескерисинче, биз канчалык таза болсок ошончолук бизге жакшы.

Жумушум тууралуу айта турган болсом, бардык эле жетекчиге өзүн, тажрыйбасын сынай турган учур келет. Жарым жыл болобу, бир жыл болобу, мага мүмкүнчүлүк берилсе, мен ишимди көрсөткөндөн кийин гана баа берсе болот.

Жыргалбек Сагынбаевдин эмгек жолу

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев 49 жашта, ал бул кызматка октябрь окуяларынан кийин дайындалды.

Мекеменин расмий сайтындагы маалымат боюнча, Насирдин Исанов атындагы Транспорт, курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик университетти бүтүргөн. Бирок окуу жайды кайсы жылы аяктаганы жазылган эмес. Сагынбаев дипломатиялык жана юридикалык билимди кайсы убакта алганы да белгиленген эмес. Ал эмгек жолун ички иштер органдарында баштаган жана милицияда 1992-1994-жылы иштеген. Андан кийин бизнеске кеткен жана 1996-жылга чейин “Жибек жолу” биргелешкен ишканада коммерциялык директор кызматында турган.

1996-2002-жылдары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасында катардагы адистен тартып, компаниянын биринчи вице-президенти кызматына чейин көтөрүлгөн. 2002-2009-жылдары өкмөткө караштуу “Кыргызресурстары” мекемесинде башкы директор кызматында турган. Президенттин экспорт боюнча кеңешчиси болгон. Сагынбаев бул аты коомчулуктун калаң катмарына көп белгисиз ишканаларда кызматта турганда жараткан ийгилиги тууралуу коомчулукка беймаалым.

Жыргалбек Сагынбаев андан соң коргоо тармагына аралашкан жана Коргоо министрлигине караштуу, жаңы түзүлгөн “Кыргызкурал” ишканасын 2009-2011-жылдары башкарган. Ал 2011-жылы апрель айында “Азаттык” менен маегинде кыргыз-казак биргелешкен ишкана түзүлгөнүн, Балыкчы шаарында аскер техникаларын оңдоо боюнча “Кыргыз курал” деп аталган завод ошол жылдын май айында ишке кирерин, ондогон адамдар жумуш менен камсыз болорун айткан.

Ишкананын башкы максаты - “инвестиция тартуу, эски, мөөнөтү бүткөн техникаларды оңдоп, кайра Коргоо министрлигине өткөрүп берүү” болорун белгилеген. Бирок анын дээрлик баары ишке ашкан эмес. Сагынбаев 2014-2015-жылдары “Ореми - Тяжелектромаш” деген заводду жетектеген. Бул завод “ири электрмашиналарын чыгарат, “электр кыймылдаткычтарды оңдойт” деп көрсөтүлгөн. 2015-2018-жылдары “Кыргызкурулуш” компаниялар тобунун президенти болгон.

Сагынбаев 2015-2018-жылдары Кыргызстандагы атамекендик өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясында, Кыргыз өнөр жайчылар бирлигинде жетекчилик кызматтарда турган.

2018-2019-жылдары Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болгон жана бул кызматтан өзү жазган арыздын негизинде кеткени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG