Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Кой-Таш окуясы: чуу жараткан аудио


Кой-Таш. 8-август, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынынан жашыруун жаздырып алынган» деген аудиону жарыялады.

Анда комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаевдин үнүнө окшош кишилер «Альфанын» офицери Үсөнбек Ниязбеков кайсы куралдан окко учуп каза болгону тууралуу сүйлөшүүсүн угууга болот. Ага ылайык, Ниязбековго АК-74 автоматынан ок атылганы айтылган. Бирок буга чейин жүргүзүлгөн баллистикалык экспертиза офицер Ниязбеков Атамбаевге таандык СВД куралынан атылган октон каза болгонун көрсөткөн.

«Жашыруун жаздырылган» аудионун чуусу

Кадыр Атамбаев «Альфанын» офицери Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө байланыштуу президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Ал кайрылуусун 12-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасына чыгарып, былтыр Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынынан жаздырылганы айтылган аудиону жарыялады. Аудиодо комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаевдин үнүнө окшош адамдар Ниязбековго кайсы үлгүдөгү куралдан ок атылганын сүйлөшкөн.

Исмаил Исаков: «Силердин колуңардагы курал бронежилетти тешип өтө албайт, туурабы? Кокустан бирөө басып алса чыгарардын алдында. Туурабы? Силерде кайсыл куралыңар (бар эле), автомат АК-74 да, ээ? Ал атканда таптакыр башкача болмок, туурабы? Траекториясынан кетмек, дароо билинет эле. Демек, бул жерден комиссия так элестетип үчүнчү кабаттан атууга мүмкүн болбосо жокко чыгарышы керек. Өзүңөр-өзүңөрдү кокустан басып алып, бул да жокко чыгат деп. Демек, тыянак, ошол жерде турган жарандардын бирөө… Анда жанагы ГСВны (желим октуу курал) эгер ал ичинде жүргөн болсо кантип колуна түшүп калган? Суроо жаралып атпайбы».

Орозбек Опумбаев: «Исмаил Исакович, мен сизге өзүнчө жооп берем. Ким кандай болгонун айтам. Бирок өзүнчө, макулбу?»

Исмаил Исаков: «Азыркы айткандар боюнча, бизде ой-пикир пайда болуп жатат. Биз азыр так билишибиз керек, ошол жигит бир жерде атылды же мындан атканга мүмкүн эмес эле, мына бул менен атканда мындай болушу керек эмес эле дегендей тыянак чыгарышыбыз керек да».

Орозбек Опумбаев: «Тергөө баарын тактайт, трассологиялык экспертиза жасалып жатат. Исмаил Исакович, тергөөгө киришпей эле койсок жакшы болот эле да».

Исмаил Исаков: «Мен киришкен жокмун, мен ой жүгүртүп жатам».

Орозбек Опумбаев: «Сиз айтып жатпайсызбы. Калыс болуш керек да».

Исмаил Исаков: «Мен берген жообуңарга ой жүгүртүп жатам. Мен ойлодум эле, биринчи киргенде ошол жерден СВД менен атып койду деп. СВДнын күчү да жетет, тешип да кетет (бронежилетти)».

Орозбек Опумбаев: «Андай болгон жок, Исмаил Исакович».

Исмаил Исаков: «Андай болгон жок, демек, ал жактан аткан жок, туурабы?»

Орозбек Опумбаев: «Туура, туура».

Исмаил Исаков: «Анда муну адилеттик үчүн эсепке албаш керек. Эгерде бул жакта силерден болсо, силердин огуңар башкача кетмек. Мен да эсепке албашым керек».

Орозбек Опумбаев: «Туура».

Исмаил Исаков: «Туурабы?».

Орозбек Опумбаев: «Туура».

Исмаил Исаков: «Анда экинчи СВД кайдан пайда болду?».

Орозбек Опумбаев: «СВД эмес, АК-74. Ушул автоматтан ата башташкан. Сизге айтып коёюн эми».

Исмаил Исаков: «Ал кимде болгон? Алардабы?».

Орозбек Опумбаев: «Ошол балдардан (күч кызматкерлери) тартып алган бир автоматты (адамдар), ошондон атышкан».

Исмаил Исаков: «Ал силердин эсебиңерде бар да, ээ?»

Орозбек Опумбаев: «Ооба».

Кадыр Атамбаев бул аудиону Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков комиссиянын жабык өткөн жыйындарынын биринде жашыруун жаздырып алып, аларга бергенин айтты.

Кадыр Атамбаев өз кайрылуусунда Садыр Жапаров тарап менен келишим болгонун, өздөрү тараптан ал келишим аткарылганын айтып, бирок кандай мазмундагы макулдашуу жөнүндө кеп болуп атканын тактаган жок.

«Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Касымбеков үндү жаздырганын ырастады. Анын сөзүнө караганда, Ниязбековго ок атылган курал боюнча маселе былтыр 17-сентябрда комиссиянын атайын кызматтын имаратында өткөн жыйынында көтөрүлгөн. Касымбеков жыйынды телефонуна баштан-аяк жаздырып Атамбаевге бергенин билдирди. Бирок «жашыруун жаздырып алынган» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

«Опумбаевдин айткандарын мен тастыктайм, - деди ал. - «Ниязбеков СВД эмес, АК-74 автоматынан чыккан октон каза болду» деген сөздөр - монтаж эмес. Биз «Альфанын» жоокерлерин сураганда да алар «маркум Үсөнбек Ниязбековду биринчи кабаттан тапканбыз» деп айтышкан. Муну комиссиянын баары уккан. Исмаил Исаков да суроо берген. Бирок кийин баллистикалык экспертизанын жыйынтыгына макул болушканына таң калдым».

Атамбаев тараткан аудио тууралуу Исмаил Исаковго бир нече жолу телефон чалып байланыша алган жокпуз. Орозбек Опумбаев да үн ката элек. «Азаттык» аларга микрофон сунууга даяр.

«Ниязбеков Атамбаевге таандык куралдан атылган»

УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбековго ок атылган курал тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. Былтыр 12-декабрда парламентте Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу талкууланган. Анда ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Памир Асанов баллистикалык экспертизанын жыйынтыгына таянып Ниязбеков «Карабин СВД» куралынан курман болгонун айткан.

Ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул маалыматты ырастап, снайпердик курал Алмазбек Атамбаевдики экенин тактаган.

«Азыр эле менин орун басарым «маркум Ниязбековду өлүмгө алып келген ок Атамбаевдин СВД снайпердик винтовкасынан чыккан» деп айтты. Тергөөнүн негизинде аны ким атканы такталган. Бирок тергөө үчүн айта албайбыз».

Мындан көп өтпөй былтыр 18-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») менен айып койгон. Кой-Таштагы кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Тынчтыкбек Шайназаров буга чейин «полковник Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчыларынын огунан курман болгонун» деген:

«"Альфанын" кызматкерлери оор калкандары менен коргонуп, үйдүн (Алмазбек Атамбаевдин) темир торлорун бузуу ишин улантып жатканда Атамбаев жана анын жансакчылары аларды токтотуш үчүн 3-кабатта атайын даярдалган орундан ок атып, үч адамды жарадар кылышкан. Анын ичинде «Альфанын» жетекчисинин орун басары, полковник Ниязбеков октон жарадар болуп, ооруканада жан берген. «Альфа» кызматкерлерине ок атуудан улам алардын үчүнчү кабатка кириши жана Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү боюнча планды ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес».

Сагымбаевдин суроосу

Атамбаевдин камакта отурган жансакчысы Канат Сагымбаев полковник Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевдин СВД куралынан атылган октон курман болгонун четке каккан. Анын билдирүүсүн былтыр КСДП партиясы тараткан.

«СВД куралы үйдүн 3-кабатында болгон. Эмне үчүн 3-кабаттан 2-кабатка чейин бир да тамчы кандын изи жок? 7.62 ЛПС огунан жараат алган адамдын каны кыйла төгүлмөк. Буга чейин жогорудагы адамды «5.45 АК – 74 үлгүсүндөгү куралдан жарадар болгон» деп өзүңөр билдирүү тараткан элеңер, эми таптакыр башкача айтып жатасыңар, эмне үчүн?», - деген эле ал.

Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаев былтыр 8-августта Кой-Таштагы үйүнүн алдында сүйлөп жатып курал өзүндө гана болгонун айтып: «Мен 5-6 жолу өйдө ок аткам. Караңгы болгондуктан тийдиби же кайып кеттиби, билбейм. Мен балдарга тийгизбөөгө аракет кылдым», - деген эле.

«Кайра экспертиза дайындаса болот»

Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева уулу Атамбаевге таандык куралдан атылганын аныктаган документтер жетиштүү экенин айтууда:

«Менде тергөөнүн документтери, баллистикалык, медициналык экспертизанын жыйынтыктары бар. Ок Атамбаевдин снайперлик куралынан атылган. Бирок Атамбаев аткан эмес. Канат Сагымбаев же жанындагы дагы бирөө аткан. Тергөөдө «ок тике турганда атылган» деп жазылган».

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Памир Асановдун былтыр 12-декабрда берген маалыматы боюнча, 7-августта Кой-Таш окуясында 17 Калашников автоматы жоголуп, 11и кайтарылган. 15 тапанча жоголуп, экөө табылган. Андан тышкары Калашников автоматынын 1830 ок-дарысы табылбай жатканы белгилүү болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын мүчөсү, генерал Артур Медетбеков Жаркынбек Касымбеков жаздырып алган аудио тууралуу пикирин билдирди. Анын сөзүнө караганда, 17-сентябрда комиссиянын УКМКдагы жыйыны жабык өткөн жана андагы купуя маалыматты тараткандар жоопко тартылат. Тиешелүү документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон.

Медетбеков Ниязбеков атылган курал боюнча кайрадан экспертиза жүргүзсө болот деген пикирде.

«Эгерде күмөн жаралса адвокаттар арыз берип кайрадан баллистикалык, соттук-медициналык экспертиза кылса болот. Керек болсо сөөктү эксгумация кылса да болот», - деди ал.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Аларга Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин тарапкерлери бар. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген, айрымдары ушу тапта тергөө менен кызматташуудан кайра баш тартууда.

Пикирлерди көрүңүз (36)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG