Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Атамбаевди «актаган» социал-демократтар


"Социал-демократтардын" социалдык тармактардан алынган баннери.
"Социал-демократтардын" социалдык тармактардан алынган баннери.

Абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары жана жан-жөкөрлөрү быйыл “Социал-демократтар” партиясы менен шайлоого аттанышты.

Акыркы эки парламенттик шайлоодо тең фавориттердин катарынан түшпөй келген КСДПнын мураскери саналган бул партия өзүн азыркы бийликтин келишкис оппозициясы катары тааныштырып жатат. Ошентсе да алар Атамбаевдин доорундагы алешемдиктерге байланыштуу ачуу сындан качып кутула алышкан жок. Партиянын тизмесинде кимдер бар? Алардын программасы кандай?

КСДПдан «Социал-демократтарга»...

Адегенде «Социал-демократтардын» таржымалына учкай токтоло кетели. Мыйзам жүзүндө бул партиянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн Кыргызстандын социал-демократиялык партиясына же КСДПга тиешеси жок. Документтер боюнча экөө эки башка партия. Бирок иш жүзүндө «Социал-демократтар» «атамбаевчил күчтөрдүн» партиясы экени талашсыз.

90-жылдардын башында түптөлгөндөн бери ондогон депутаттарды парламентке алып келген КСДП былтыр экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахманов жетектөөгө өткөн. Экинчи тарапта Атамбаев жана ага ыктаган күчтөр калган. Мурдагы президент 2019-жылдын август айында Кой-Ташта кармалгандан бери экинчи тарапты Атамбаевдин бир нече тарапкери башкарып келди.

Эки КСДПнын кайсынысы шайлоого катышары бир топко чейин бүдөмүк болуп турду. Быйыл жазында КСДПнын Атамбаевди колдогон тарабында да ажырым бар экени ачыкка чыккан. Акыры Атамбаевдин уулдары жана жан-жөкөрлөрү КСДП менен эмес, «Социал-демократтар» аттуу жаңы партия менен шайлоого аттанаарын жарыялашты. БШКнын маалыматы боюнча бул партия 2019-жылдын июнь айында юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мурдагы президенттин жек-жааты

«Социал-демократтардын» жүздөн ашуун талапкеринин көбү Атамбаевдин жактоочулары. Аларды мурдагы президенттин тун уулу, 44 жаштагы Сейитбек Атамбаев баштап баратат. Ал буга чейин саясатка ачык түрдө аралашкан эмес. 2003-жылдан бери «Автомаш-Энерго» ишканасын жетектей турганын айтып келген. Бирок ал атасы камакка алынгандан бери маал-маалы менен саясий билдирүүлөрдү жасай баштаган.

2019-жылы Башкы прокуратура Сейитбек Атамбаевдин ишканасы төрт жыл бою текшерилбегенин билдирсе, мурдагы президенттин уулу компаниясын тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыккан.

Сейитбек Атамбаев «Социал-демократтардын» башкы сабында турганы менен партиянын атынан телекайрылуулардын жана телетаймаштардын көбүнө партиянын өкүлү Темирлан Султанбеков жана мурдагы президенттин кичүү уулу Кадыр Атамбаев катышып жатат. 27 жаштагы Кадыр жаңы партиядагы негизги фигураларынын бири катары каралганы менен тизменин 50-сабынан гана орун алган.


Мамлекеттик телеканалдардагы дебаттарда кызыл чеке талаш-тартыштардан улам айрымдардын көңүлүн өзүнө бурган 22 жаштагы Темирлан Султанбеков тизменин 8-катарында турат. Москвадагы Жогорку экономика мектебинен билим алган Султанбеков КСДПнын жаштар канатынын активисти катары таанымал.

Ал былтыр июль айында Бишкектеги Атамбаевди колдогон митингде чыгып сүйлөп, бийликке таарынганын айтып жатып, көзүнө жаш алганы белгилүү. Быйыл жазында Атамбаевдин айрым тарапкерлери КСДПчылардын ортосундагы жаатташууга байланыштуу Султанбековду айыптап чыгышкан.

КСДП демекчи, бул партия аркылуу парламентке өткөн кеминде 38 депутаттын алтоо гана «Социал-демократттардын» катарында шайлоого катышууда. Депутаттар Ирина Карамушкина (2-катарда), Анвар Артыков (3) жана Карамат Орозова (5) тизмеде алгачкы бештиктин ичинен орун алган. Мындан тышкары эл өкүлдөрү Асел Кодуранова (15), Альфия Самигуллина (25), Мухтарбек Айнакулов (35) да «атамбаевчил» партияны сүрөп баратышат.

Жетинчи катарда мурдагы депутат, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков, 10-сапта Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси, «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан турат. Ал июлдун аягында «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен бир нече ирет сурак берип чыккан.

«Супер-Инфонун» жетекчилик менен тил табыша албай калганы үчүн иштен кеткенин айткан үч журналисти – Шаиста Шатманова (22), Бактыгул Сокушева (45) жана Эльвира Караева (57) да «Социал-демократтарга» кошулушкан.

Былтыр Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы тууралуу маалымат тарап, басылма Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан муну четке каккан.


Абактагылар, адвокаттар жана бозгундагы эсепчи

«Социал-демократтардын» тизмесине Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткан бир нече адам кошулган. Алардын бири, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков тизмеде 12-болуп турат. Ал 2019-жылдын 12-декабрында камалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып келет. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, учурда тергөө абагында жаткандардын дагы бири, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов да партиянын тизмесинде 30-сапта турат.

2017-жылдагы шайлоого байланыштуу «Тизмегейт» чуусунда аты аталган, президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы (19) да тизмеге кошулган. Эки жыл мурда укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну «фейк» маалымат деп мүнөздөгөн. Кийин Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы коопсуздугунан чочулап өлкөдөн чыгып кеткенин экс-президент Алмазбек Атамбаев айтып чыккан.

Мындан тышкары «Социал-демократтар» менен Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев (22), Замир Жоошев (36) жана юрист Нурбек Касымбеков (6) да шайлоого баратат. Ошондой эле тизмеде былтыр «2 миң доллар пара алды» деп кармалган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Абдыкалык Рустамов (87), Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Рита Борбукеева (18) жана бир канча ишкерлер да бар. Бирок Атамбаевдин башкы кеңешчисине айланган Кундуз Жолдубаева тизмеге кошулган эмес.

Оппозициячыл риторика

Кантсе да бул шайлоодо «Социал-демократтардын» тизмесинен мурда партия өкүлдөрүнүн кескин билдирүүлөрүнө көңүл бурулууда. Алар телекайрылуу же телетаймаштар учурунда президент Сооронбай Жээнбековдун, Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун дарегине сын айтып келишти.

Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев президенттин атын атабаганы эле болбосо, КТРКдагы кайрылуусун толугу менен анын саясатын сындоого арнаган. Ал «Социал-демократтар» «жападан жалгыз оппозициялык партия экенин» белгилеп, башка партияларда «принципсиздер, коррупция беренеси менен соттолгондор, кошоматчылар» баратат деп билдирген. Бул аптада Кадыр Атамбаев президент Жээнбековдун тууган-туушкандары жана алар ээлеген кызматтар боюнча иликтөөсүн да жарыялады.

Аны улай КТРКдагы дебатта да партиянын талапкери Темирлан Султанбеков да «үй-бүлөлүк, кландык башкаруу» тууралуу сөз кылып, мурдагы президенттин дарегине айтылган сындарды четке кагып жатты.

«Жээнбеков, Матраимовдордун үй-бүлөлүк, кландык режимин, эски чиновниктердин баарын жок кыла турган саясий күч бар. Биздин партия люстрация мыйзамын сунуш кылат. Бир миллиард сом кетирген Жогорку Кеңеш бизге керекпи? Бир жарым миллиард сом кетирген президенттик аппарат бизге керекпи?», - деп суроо салган Султанбеков.

Лидерлер катышкан телетаймаш: урунттуу учурлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:11 0:00

Президент Жээнбеков жакындарын саясатка аралаштырбай турганын кайталап, «үй-бүлөлүк, кландык жана кандайдыр бир топтордун башкаруусу болбойт», - деп билдирип жүрөт. Матраимов үй-бүлөсү да өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет.

«Социал-демократтардын» мындай билдирүүлөрү кайра айланып өздөрүнө тийген учурлар бар. Маселен дээрлик эки апта мурдагы телетаймашка Султанбеков менен чогуу катышкан «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова бажы тармагындагы коррупциянын гүлдөшүнө «Социал-демократтардын» түптөөчүсү болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин таасирин да эске салган.

«Сиз бардык жоопкерчиликти азыркы президентке жүктөп жатасыз. Райымдын схемасы Атамбаевдин учурунда да болгон. Болгону сиздин кумир кызматтан кеткенден кийин ал иштер ачылып калгандыр», - деп билдирген Сооронкулова.

Эски партиянын жаңы убадалары

«Социал-демократтар» шайлоо программасында мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, толугу менен парламенттик башкарууга өтүү керектигин белгилеген. Ошондой эле президенттин аппаратынын түзүмүн кайра карап чыгып, парламент депутаттарынын санын 40ка чейин түшүрүүнү, түз демократиянын механизмдерин ишке киргизүүнү, башкы прокурорду президенттин таасиринен чыгарууну, УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматты жоюуну сунуштап жатат.

Ошондой эле «жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндө эл аралык транспорттук борбор болуу үчүн шарттарды түзүү», «алыскы аймактарга жеңилдетилген салык киргизүү», «электрондук салык киргизүүнү», бажыга электрондук көзөмөл орнотууну» убада кылууда.

Бирок дээрлик он жылдан бери бийликте турган КСДПнын мураскери саналган бул партиянын мындай программаларды эми сунуштап, Атамбаевдин учурунда жасалган иштерди көтөрө чаап жатканы ача пикирлерди жаратпай койгон жок.

«Булар болгон партиялык күчүн, идеологиясын азыркы президентке сокку уруп, Атамбаевди актоого багыттап жатышат. Мен ошондой кабыл алып жатам. Себеби лидерлери дебатка катышканда деле «Атамбаев аябай жакшы иштеп жаткан, азыркы президент ушунун баарын бузду» деп айтышууда. Башкы лейтмотиви эле ушул болуп жатат. Бир эле кишиге каршы чыгып, өзгөчө түрмөдө жаткан, соттолгон, соттолуп жаткан бир кишини эле актап жатышса, идеологиясы ушул эле болсо, анда андай партиянын перспективасы жок. Алар социалдык-демократиялык идеяларды Атамбаевге байлабай эле улантса, анда кандайдыр бир перспектива болушу мүмкүн. Себеби социалдык-демократиянын өзүнүн идеологиясында эч жаман деле нерсе жок», - деп билдирди саясий серепчи Алмазбек Акматалиев.


Учурда Алмазбек Атамбаев баштаган ондон ашуун киши бир офицердин өмүрүн алып, бир нече адамдын жараат алышына себепчи болгон Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жатат. Быйыл июнда мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Атамбаев түптөгөн КСДП партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоого 103 миллион сомдон ашык каражат коротуп, марага биринчи болуп келген. Быйыл «Социал-демократтардын» шайлоо фонду 14 миллион сомго жеткен жок. Узак тарыхы бар социал-демократтар бул шайлоого акыркы күчүн жумшап жатабы же жаңы бурулуштун алдында турабы? Аны 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы көрсөтчүдөй.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG