Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Шайлоо сайын багын сынаган «Бүтүн Кыргызстан»


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери соттун алдында. 7-сентябрь, 2020-жыл.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери соттун алдында. 7-сентябрь, 2020-жыл.

Тизме түзүүдөгү чырдан улам «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) эң акыркы болуп каттоодон өттү.

Партияны соңку он жылда президенттик жана парламенттик ири төрт шайлоого катышып ийгилик жарата албай келаткан Адахан Мадумаров баштап баратат. Саясий уюм Боршайкомго 120 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 70тен көбү жумушсуз. Арасында иши сотто каралып жаткан адамдар, мурдагы бийликтин тушунда «капчык» деген атка конгон Мурат Малабаевдин уулу жана башка кишилер бар.

Эски-жаңы партиялаштардын тиреши

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы бул жолку шайлоо өнөктүгүн ызы-чуу менен баштады. Буга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун тизме боюнча партияга каршы жазган арызы жана саясий уюмдун аппарат жетекчисинин билдирүүсү себеп болду.

Бакир уулу партиянын курултайында шайлоого талапкер болуп бекитилип, алдыңкы 20 орундукка киргенин, кийин артка жылдырылып, андан соң такыр эле чыгып калганын айтып арызданган. Ал муну акчасы барлар алдыңкы катарга туруп алганы менен байланыштырып, БШКдан бекитилген тизмени бузганы үчүн партияны шайлоодон четтетүүнү суранган. Анын арызы колдоо тапкан эмес.

Бирок Боршайком 3-сентябрдагы отурумунда «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деген негиз менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого каттоодон баш тарткан. Партия муну «саясий чечим» катары баалап, Бишкектин административдик сотуна арыз берип 9-сентябрда БШКны утуп алды.

19-августта партиянын жыйынынан кийин Адахан Мадумаров шайлоого карата чыныгы оппозициялык күч болуп барышарын, катарына тажрыйбалуу саясатчылар кошулганын жарыялаган. Алардын арасында «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого катышууну чечип, кийин «Бүтүн Кыргызстанды» тандап кеткен экс-премьер-министр Темир Сариев да бар болчу. Көп өтпөй Сариев бул партиядан да чыгып, шайлоого такыр эле катышпасын билдирди, бирок анын себептерин ачык айткан эмес.

Ага удаа эле «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого бараткан КСДПчылар Мурадыл Мадеминов менен Абдыманап Кутушев да оюнан кайтканы белгилүү болду. Алардын артынан эле партиянын жаштар канатынын лидери Мырзахит Мырзаев партиядан өз каалоосу менен чыкканын билдирди.

Шайлоо алдында мындай биригүүлөр жана ажырашуулар мыйзам ченемдүү эле көрүнүш катары бааланып жаткан. Бирок 10 жылдан бери «Бүтүн Кыргызстандын» катарында жүрүп, акыркы үч жылдан бери партиянын аппаратын башкарып келаткан Динмухаммед Ыбрайымовдун партиядан чыгып кетиши талкуу жаратты.

«Партияны Мадумаров башкарбай калды»

Ал депутаттыкка талапкердин тизмесин түзүүдөгү кайчы пикирлер жана партиянын эски мүчөлөрү менен шайлоо алдында кошулган саясатчылардын ортосундагы тиреш тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен маектешип, партиянын ичиндеги бир топ сырды ачты.

«Тизме түзүүдө Адахан Кимсанбаевич менен пикирибиз келишпей калды. Башка эле адамдар келип, партияга таза эмес кишилерди киргизе башташты. Биз башынан эле «тазалык, актык» деп келген партиянын кармаган багыты өзгөрүп кетти. Ушундан улам пикирибиз келишпей, партиядан чыгууга аргасыз болдум. Лидерибиз ар дайым «биздин тизмени эл курайт» деп айтып келген. Тилекке каршы, партияга кошулган эки генерал (Өмүрбек Суваналиев, Курсан Асанов) өздөрүнүн адамдарын киргизишти. Алдыңкы катарда партияга тиешеси жок эле адамдар турат. Мен ал кишини (Адахан Мадумаров) сыйлайм. Баласындай эле чогуу жүрүп калдым. «Биз - элдик партиябыз» деп келгенбиз. Тилекке каршы, арты таза эмес адамдар кошулуп алып элдик партия деле болбой калдык. Азыр өзү партияны (Адахан Мадумаров) башкара албай калды. Сырттан келген адамдардын таасири күчтүү».

«Бүтүн Кыргызстан» сот иштерине байланыштуу үгүт иштерин шайлоого бараткан дагы 15 партияга салыштырмалуу беш күн кеч баштады. Партияны каттоодон баш тартуу боюнча чечимге каршы болгон БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованы жана партиянын пайдасына чечим чыгарган Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиеваны «Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери Кызсайкалга теңеп жиберишти. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо алдында болгон бул окуяларды атайын уюштурулган иш катары баалап, БШКнын жыйынында тизме тууралуу буларга токтолгон.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Съезд бүткөндөн кийин ар кандай себептер менен тизмеден бир канча киши чыкты. Бул трагедия эмес. Ал киши (Динмухаммед Ыбрайымов) баарын таштап алып кеткен. Тизмени да ал түзгөн. Техникалык себептерден улам Турсунбай Бакир уулу тизмеге кирбей калган болсо БШК уруксат берсе биз аны киргизип коёбуз. Бул жерде маселе жок».

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тизме Боршайкомго тапшырылгандан кийин ал өзгөртүлбөй турганын, Бакир уулун тизмеге кошууга мүмкүн эмес экенин эскерткен.

Мадумаровдун шайлоодогу 10 жылы

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Адахан Мадумаровдун жетекчилиги астында акыркы он жылда эки парламенттик шайлоого катышты. Экөөндө тең босого чекти өтө албай парламентке келе алган жок. 2010-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо 139 миң добуш алып, жалпы добуштардын 4,6% жакынын түзгөн. 2015-жылы парламенттик шайлоого «Эмгек» партиясы менен биригип «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» болуп катышкан. Анда шайлоого катышкандардын 6,15% добушун алган. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтып, аны тааныбай турганын кайталап келет.

Мадумаров ушул эле убакыт ичинде эки жолу президенттик шайлоодо күч сынашып көрдү. 2011-жылы Алмазбек Атамбаевге уттуруп жиберсе, 2017-жылкы шайлоодо 110 284 добуш алып, бирок марага Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдон кийин келген.

«Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн буга чейинки чыгарылыштарынын биринде Адахан Мадумаров саясий пиар адис Азим Азимовду «шайлоону жон териси менен сезип көрбөгөн эскперт» деп айткан. Шайлоо темасы талкууланган ал берүүдө Азимов мындайча жооп берген эле.

«13 жылдан бери шайлоого катышып келаткан тажрыйбам бар. Албетте, Адахан Кимсанбаевич өтө тажрыйбалуу саясатчы, бирок жеңүү тажрыйбасы азыраак. Акыркы 10 жылдан бери шайлоону жеңе элек. Акыркы үч циклды жеңилүү менен өткөргөн саясатчынын стратегиясында ката бар. Ушундай маанилүү шайлоолордо биздин саясатчылар аны мойнуна алып, кандай саясий талаада иштеп жатканын түшүнүп, жыйынтык чыгарышы керек. Себеби, шайлоо сайын эле 10 миңдей добуш жетпей калып жатса бир нерсе туура эмес жасалып жатат да».

«Эмгек» партиясынын нрегиздөөчүсү, ишкер Аскар Салымбеков (солдо) жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (оң тарапта). 2015-жылдагы парламенттик шайлоо.
«Эмгек» партиясынын нрегиздөөчүсү, ишкер Аскар Салымбеков (солдо) жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (оң тарапта). 2015-жылдагы парламенттик шайлоо.

«Комиссар Каттанинин» кайтып келиши

Партиянын тизмесинде Адахан Мадумаровдон кийин эле экинчи болуп Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев турат. Коомчулукта 90-жылдардан бери «Комиссар Каттани» деген лакап ат менен белгилүү Суваналиев бул кызматка былтыр февраль айында дайындалган. Ал көп жерде иштегени менен дээрлик бардык кызматтарында бир-эки жылдан ашык кармалган эмес.

Өмүрбек Суваналиев 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1997-1998-жылдары Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 1999-2002-жылдары «Ар-Намыс» партиясында фондду, 2003-жылы Акыйкатчынын аппаратында саясатчылардын жана соттолгондордун укуктары боюнча департаментти кыска убакыт башкарган.

Ички иштер органдарына кайра 2003-жылы кайткан жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, эки жылдай иштеген. 2005-2007-жылдары Бишкек милициясын кыска убакыт башкарган, ички иштер министринин орун басары, ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган. 2007-2008-жылдары президенттин администрациясында коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдү жетектеген.

Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы июнь коогасынын убагында Ош милициясын кыска убакыт башкарган. Ошол жылы ал кезде Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бири болгон Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестиги ачыкка чыгып, оппозицияга кеткен. 2011-жылы президенттикке ат салышкан.

Ал «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров менен буга чейин эле мамилеси жакшы экени белгилүү. 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында алар кеңири саясий альянс түзүүгө да аракет кылышкан.

Коопсуздук кеңешине ишке орношкондон кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында, кеңештин жыйындарында деле көзгө урунган жок. Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» менен барары белгилүү болгондон кийин бийликтин саясатын сындап чыкты. Ал президент Сооронбай Жээнбеков айланасындагы күчтөрдүн туткунунда калганын, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор Жогорку Кеңешке келатканын айтып коңгуроо какты.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

«Мен «мафиягы уттурдук» деп айтпадымбы. Чечим кабыл алууда ошолордун таасири күчтүү. Ошол эле Райымбек Матраимов боюнча айтсак. Биздин күч тармагындагы чоңдордун өмүр баянын карасаңар бардыгы тең Райым менен Ошто чогуу иштеген. Алар шеринелештер, достор. Баары тең Сооронбай Жээнбеков Ошко губернатор болгонго чейин иштешкен. Жээнбеков «факты бергиле» деп эмне үчүн айтып жатат? Себеби, ага бурмаланган фактылар берилип жатат».

Асановдун «байлыгы менен баштыгы»

«Бүтүн Кыргызстан» партиясында дагы бир генерал Курсан Асанов бар. Кой-Таш окуясы боюнча сотто иши каралып жаткан Асанов милицияга жумушка 1990-жылы орношкон жана эмгек жолун Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 6-ротасында баштаган. 1994-жылы ушул ротанын командиринин кызматына чейин көтөрүлүп, үч жыл жетектеген. Андан кийин милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнө которулган.

1997-2005-жылдары ал Ош менен Жалал-Абад облустарында ички иштер бөлүмдөрүндө ыкчам иштер боюнча бөлүм башчы, милиция башчысынын орун басары сыяктуу кызматтарда турган.

Курсан Асанов 2005-2008-жылдардын аралыгында Ош облусундагы эң ири Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүн башкарган. 2008-жылы Ош шаардык милициясынын 9-бөлүмүн кыска убакыт жетектеп турган. Ал 2010-жылы апрель окуяларына чейин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош шаардык милициянын жетекчисинин орун басары өңдүү кызматтарда иштеген.

Асанов 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. Июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон.

2010-жылы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмеси менен катышып, мандат алган. Бирок парламентте көпкө кармалган эмес. 2011-жылы март айында ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев Курсан Асановду ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары кылып дайындаган.

Былтыр Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларынан кийин «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан алынган. Ал бул кызматта сегиз жылдан бери отурган эле. Башкы прокуратура ага каршы үч кылмыш ишин козгоп, ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат.

Ал «Алмазбек Атамбаевдин хан сарайынан көтөрүп чыгып Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп берген» деген кочкул кызыл баштыкта эмне болгон жана ал кайда кеткени азыркыга чейин табышмак. Башкы прокуратура баштыкта далил буюмдар жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтер бар болгонун кабарлаган. Бул ишке байланыштуу Асановдун уулу Мухамедали Асанов издөөдө жүрөт.

Жакында эле социалдык тармактарга "Курсан Асановдун байлыгы" делген видео тарады. Анда Асановдун Бишкекте жана Ошто хан сарайлары, бизнеси бар экени айтылат. Байлыгынын жалпы баасы 5 млн. 500 миң доллар деп бааланып, «айлыгына мындай мүлктү кантип сатып алган?» деген суроо берилген. Тасмада мүлктү жакындарына жаздырып койгону тууралуу сөз болот.

«Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсү 17/2 дарегинде пентхаусу бар экен. Жалпы аянты 250 чарчы метр. Анын азыркы базар баасы 300 миң долларга туура келет. Ош шаарынын «Резиденция» аттуу турак жай массивиндеги элиталык тамы бар. Жалпы аянты 347 чарчы метр. Базар баасы 200 миң доллар турат. Бишкектин Орто-Сай районунда курулуп жаткан жалпы аянты 320 чарчы метр там бар. Базар баасы 400 миң доллар турат экен. «BELLAGIO» деген элиталык имараттар тармагы анын колунда. Бул бизнестин жалпы наркы 2 миллион АКШ долларына барабар. Бишкектин Баялинов көчөсү 142 дарегиндеги «Чай-Хан» аттуу чайкана да аныкы. Бул бизнестин жалпы наркы 600 миң АКШ доллары турат».

Курсан Асанов үгүт иштеринин биринде Интернетке чыккан тасмага жооп берди:

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

«Досторум «Ошто, Бишкекте хан сарайларың, чайкана, дүкөндөрүң бар экен» деп жазып атышат. Булар эки нерсени жазбай калыптыр. Ак үйдү да, Өкмөт үйүн да мен ижарага бергем. Өкмөттүн үйүнө бир ай, Ак үйгө эки-үч жыл калды. Жакында мен кайтарып алам. Азыркы бийликтин колунан келсе калган тапкандарын жетим балдарга өткөрүп берсин. Бир жылдан бери классташтарымды, туугандарымды, айылдаштарымды текшерип бир да нерсе тапкан жок. Себеби, эч нерсе жок».

Ушул жерден дагы бир талапкер тууралуу сөз кыла кетели. Курсан Асановдун өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбеков да «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого баратат. Ал өкүл атасы менен чогуу мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталып, иши сотто каралууда.

Жумушсуздар жана депутаттар

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКга жалпы 120 талапкердин тизмесин тапшырган. Анын ичинен Адахан Мадумаров баш болуп 70тен ашык киши жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан үчүнчү катар менен шайлоого баратат. Ал бул чакырылыштын мөөнөтү бүтүп баратканда мандатын тапшырган. Муну ал парламентте көтөргөн демилгелери колдоо таппай жатканы менен түшүндүрүп, Жогорку Кеңеште отуруунун мааниси жок экенин айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев да «Бүтүн Кыргызстанга» кошулду. Ал буга чейин парламенттин аппараттын жетектеген. Анын уулу Болгарияда кармалды. Баштапкы маалыматтар боюнча, ал Кыргызстанда ири алдамчылыкка шек саналып жатат.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясы менен IV чакырылышта депутат болгон Зиядин Жамалдинов «Бүтүн Кыргызстанга» кирди. Жамалдинов да парламенттин VI чакырылышынын иши мына-мына бүтөт деп жатканда мандатын тапшырган экстердин бири.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков да ушул партия менен шайлоого аттанды.

Акыркы кездерде бийликтин саясатын кескин сындап келаткан журналист Айданбек Акматов 15-катарга жазылган. Акматов «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү үчүн ИИМде сурак берип жатат.

8-орун Орозайым Нарматова тийген. Ал буга чейин «Мекенчил» партиясында экени, шайлоодо «Бүтүн Кыргызстанга» кошулганы айтылды. КТРКда өткөн теледебаттарда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын атынан партияга киргенин айтты.

Партиянын тизмесинде 27-болуп бараткан Малик Осмонов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Парламентке келгенге чейин бажы тармагына иштегени, бизнес менен алектенгени айтылат.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер, «Аман эйр» авиакомпаниясынын президентинин кеңешчиси Бегалы Наргозуев тизмеде 51-орунда. Ал учурда "Kyrgyztoday.kg" сайтынын ээси катары да айтылып келе жатат.

Чыр ээрчигендер менен чыгармачылдар

10-тизмеде туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда Бажы кызматын башкарган, «Акаевдин капчыгы» деген лакап атка конгон Муратбек Малабаевдин уулу Медербек Малабаев бар. Ал 2015-жылы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен катышкан.

2010-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон Олег Домшенко бул жолу шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен баратат. Тизмеде 13-болуп турган Домшенко бир канча жыл курулуш тармагында иштеген. 2013-жылы ал депутат кезинде иниси жер сатууга байланышкан чуулгандуу ишке аралашканы тууралуу кабарлар чыккан. Ал эми өзү болсо электр энергиясына төлөбөгөн карызы 107 миң сомго жетип кеткени аныкталып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы беттеринен орун алган.

Партиянын тизмесинде Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаев 17-орунда. Ал Мамлекеттик каттоо кызматына 2012-жылы парламенттеги «Ар-намыс» фракциясынын атынан сунушталган. Кримтөбөл Азиз Батукаевге тез арада паспорт жасалып, Кыргызстандан чыгып кеткен учурда ал ушул мекемени жетектеп турган. Эрлан Сапарбаев Батукаевге паспорт берүүдө мыйзамдар бузулбаганын билдирген.

Партиянын тизмесиндеги маданият өкүлдөрү тууралуу да айта кетели. Маселен, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрынын директору Темирлан Сманбеков тизмеде 5-орунда. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков театр жана кино артисти, алып баруучу жана устат катары белгилүү.

Куудул, «Бешилик» деген куудулдардын тобун түзгөн Рахманжан Разыков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында. Ал эми ырчы жана обончу Абыдин Темиров тизмеде 29-болуп турат.

«Азаттык» радиосу парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоодо. Редакция макалада аты аталган адамдарга да микрофон сунууга даяр.

XS
SM
MD
LG