Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Асановдун сотунда күбөлөр сурак берди


Курсан Асанов Жогорку Кеңеште. 20-июнь, 2019-жыл.
Курсан Асанов Жогорку Кеңеште. 20-июнь, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан эки адамдын ишинде күбөлөр суралууда.

Курсан Асановго, Турсунбек Бейшенбековго жана Дамир Пайзилда уулуна козголгон кылмыш иштери боюнча кезектеги сот отуруму Кой-Таш окуясына бир жыл болгон убакытка туура келди.

Асанов былтыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо боюнча күч түзүмдөрү уюштурган эки операцияга тең катышкан. 7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жоокерлери Атамбаевди колго түшүрө албай койгондон кийин Кой-Ташка милиция кызматкерлерин жетектеп барган жана 8-августта да ошол жерде болгон.

Ал Кой-Таш окуясынан кийин 13-августта «Милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти» деген негизде кызматтан алынган. Андан кийин Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2019-жылдын 27-августунда үй камагына алынган.

Сегиз жыл ички иштер министринин орун басары болуп иштеген Курсан Асанов коюлган айыпка макул эмес экенин бул жолу да кайталады:

Курсан Асанов жана жактоочулары сотто. 7-август, 2020-жыл.
Курсан Асанов жана жактоочулары сотто. 7-август, 2020-жыл.

«Менин адвокаттарымда жана менде мага коюлган күнөөнү мыйзамдуу түрдө жокко чыгарууга жетиштүү күбөлөр да, далил буюмдар да бар. Соттун жакынкы отурумдарында аны көрсөтүп коомчулукка билдирүү кылабыз. Бул иште мен билгенден 70тей күбө суралат. 7-8-августта мени менен чогуу жүргөн кызматкерлер бар. Алардын кээ бирлери Ички иштер министрлигинде (ИИМ) азыр да иштейт, айрымдары кызматтан кеткен. Алар да көрсөтмө берет».

4-августта өткөн жараянда ИИМдин эки өкүлү көрсөтмө бергени белгилүү болду.

Башкы прокуратура Курсан Асановго карата үч иш козголгонун кабарлаган. Биринчиси - ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алып, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деген айып коюлган.

Экинчиси - Асанов өзү жана өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратты деп айыпталууда.

Үчүнчү иш - 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында Асановго «тергөөгө маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Биринчи май райондук соту ушул үч ишти бириктирип карап жатат.

Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова коюлуп жаткан күнөөлөр тергөөдө далилденген жок деп эсептейт.

«Бул иш башынан аягына чейин макулатура деп айтса болот, - деди ал. - Мисалы, Жеңиш Разаковдун арызы - жарандык иш. Экинчиден, «Дамир Пайзилда уулу башка бөлүмдө иштегенине карабастан Курсан Асановдун жанында иштеп мыйзамсыз айлык алып турган» дейт. Ал кызматкерди ички иштер министри гана кызматтан алып же башка кызматка которо алат да. Ошондуктан бул айыптын баары бир тараптуу эле каралоо деп ойлойм».

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 8-августтагы операция учурунда Асанов кызмат ордун таштап, жетекчиликтин уруксаты жок Атамбаевдин үйүнө кирип барып сүйлөшүү жүргүзгөн, коомчулукка көрүнүш үчүн окуянын жүрүшүн тасмага тарттырган жана андагы курал-жарактарды кармалап, тергөө үчүн маанилүү бармак издери өчүп кеткен.

Жеңиш Разаков жана мамалекеттик айыптоо тарап. 7-август, 2020-жыл.
Жеңиш Разаков жана мамалекеттик айыптоо тарап. 7-август, 2020-жыл.

Атамбаевди кармоо учуру тартылган тасмада ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асанов мурдагы президенттин тарапташтары күч кызматкерлеринен тартып алган курал-жарак, ок дарыларды санап өткөрүп алып жатканын көрүүгө болот.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, саясатчы Кубанычбек Кадыров муну кесиптик ката деп баалады:

«Атайын операцияны ички иштер министри өзү жүргүзөт же буйругу менен орун басарларына тапшырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазганына караганда Кой-Таштагы операцияны министр өзү башкарган. Демек, мындай учурда министр ар бир аймакка бекиткен кызматкер өз аймагына жооп бериш керек. Эгерде берилген тапшырманы аткарбай белгиленген аймактан тышкары чыгып кетсе ал туура эмес. Ал эми курал-жарак табылгандан кийин министр, анын орун басары, бөлүм башчы - эч ким ал жерге жолобош керек. Тергөөчүнүн уруксаты менен гана криминалист-эксперттер бармак изин алат. Ал жерден иштөөгө мүмкүн болбосо бармак изи жоголуп кетпеши үчүн мээлей кийип, куралды ошону менен алып кетүү зарыл. Куралга криминалисттен башка бир да киши тийүүгө акысы жок. Ал да тергөөчүнүн уруксаты менен гана болот».

Башкы прокуратура андан тышкары Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамир Пайзилда уулу аркылуу баласына бергенин кабарлаган.

Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзилда уулу камакка алынып, 17-мартта үй камагына чыгарылган. Асановдун 22 жаштагы уулу Мухамедали Асановго өткөн жылдын 27-августунда издөө жарыяланган.

Экс-премьер-министр, генерал Феликс Кулов сөз болуп жаткан кылмыш иши жана Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу пикири менен бөлүштү:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Операция учурунда тартылган видеодо көрүнүп тургандай Курсан Асанов менен Алмазбек Атамбаев үйдөн төмөнкү кабатка түшүп баратып ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жолуктуруп жатат. Тасмаларда Асановду эле көрүүгө болот. Ал курал-жарактын баарын көрсөтүп аларды кабыл алып жатканда министр каякта эле? Ал «Курсан Асанов, сизге рахмат. Өз ишиңизди кыла бериңиз, калганын мен бүтүрөм» деп айтыш керек болчу. Демек, министр буйрук бербей эле мурдагы президентти кармоо операциясын Курсан Асанов жүргүзгөн турбайбы?»

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Курсан Асановго каршы жазган ишине да токтолсок. Былтыр социалдык тармактарга Жеңиш Разаков Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк каты жарыяланган. Асанов өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбековдун жардамы менен менен Разаков тууралуу жалган маалыматтарды тараткан деп шек саналууда. Асанов жана журналист Бейшенбеков бул дооматка да макул эмес.

7-августта өткөн сот отурумунда Жеңиш Разаков кайрадан суракка алынды. Жазык ишине бөлүнгө убакыт бүткөнүнө байланыштуу кийинки соттук отурум 11-августка белгиленди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG