Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Жаштар кураган, жардам сураган «Реформа»


Фейсбуктан алынган сүрөт

Катарында беделдүү саясатчылар, депутаттар, калың капчыктуу, төбөсү көрүнгөн ишкерлер, криминал аралаш, чуулгандуу иштерде аты аталган же азыр-мурда мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген талапкерлер жок болгону менен «Реформа» партиясы маалымат айдыңында көп партиялардын бири болуп келатат.

Жарандык активисттер өзөгүн түзгөн партия өзгөрүүлөрдү самаган, прогрессивдүү жаштардан куралганын, реформаларды ишке ашыра турганын айтып келет. Бирок айрым байкоочулар идеясы бар, бирок акчасы жок жаштарды эл азыр колдоого даяр эмес дешет.

"Сырдуу" жолугушуу

Клара Сооронкулова, архивдик сүрөт
Клара Сооронкулова, архивдик сүрөт

Шайлоого саналуу күн калганда “Реформа” партиясын баштап бараткан Клара Сооронкулова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, чуулуу окуяларда аты аталган Райымбек Матраимов менен жолукканын айтып, талаш-талкууга жем таштады.

Социалдык тармактарда “реформачылардын” төрайымын сындагандар көп болду.

Сооронкулова 28-сентябрда Коомдук биринчи каналдагы дебатта Матраимов менен Бишкектеги кафелердин биринде жолукканын айткан, бирок чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Бир күндөн кийин түшүндүрмө таратып, Райымбек Матраимов менен ошол кездеги журналист Элнура Алканова аркылуу таанышканын айткан. Сооронкулованын айтымында, былтыр «ResPublica» интернет-басылмасынын «Говорим» аттуу берүүсүн алып барып жүргөндө Райымбек Матраимовдон интервью алуу үчүн Алканова аркылуу сүйлөшкөн.

Сооронкулова анда Матраимов парламенттик шайлоого чогуу барууну сунуштаганын, бирок ал баш тартканын билдирди.

«Мен өзүмдүн репутацияма чоң маани берем, андай репутациялык жоготууларга бара албайм, силерге кошула албайм. Сиз жөнүндө канча маалымат кетип жатат, “Азаттыктын” иликтөөсү болду. Ошол иликтөөдөн кийин шайлоого кантип чыгасыңар” десем, ал “мен тазамын” деди [Райымбек Матраимов]. Аягында “таза болсоңор элге ошону далилдеп бербейсизби?” деген суроо менен ал жолугушуу бүткөн».

Элден акча чогулткан партия

Өзүн оппозициялык деп жарыялаган “Реформа” - парламенттеги мандаттар үчүн ат салышып жаткан 16 партиянын арасынан аял лидер жетектеген жападан жалгыз партия. Партияны 2012-жылы Азамат Акелеев негиздеген.

Ошол жылы “Тоскоолдуксуз жашоо үчүн” деген аталыш менен Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышкан партия кийин аталышын “Реформа” деп өзгөрткөн. Атүгүл 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан болчу.

Бул жылы дал ушул партия толугу менен курамын өзгөртүп, парламенттик шайлоого катышып жатат.

Жайында парламентке ат салышарын жарыялаган партия чуу дегенде эле шайлоо күрөөсүнө төгүлчү акчаны элден же фандрайзинг аркылуу чогултууга аракет көрө турганын билдирген. Ошондо булардын идеясына ишенбей, "кыргыз коомчулугу партияны каржылоого даяр эмес" дегендер да болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев партия үчүн элдин акча чогултарынан күмөн санап, шайлоо көп акчаны талап кыларын айткан.

«Шайлоого барыш үчүн үч нерсе керек – акча, экинчиси - адамдын имиджи, эл арасында кадыр-баркы жана электораты. Ушул үч нерсе менен шайлоого барса болот. Бирок кээ бирөөнүн акчасы бар, бирок эл арасында кадыр-баркы да, электораты да жок», - деген анда Молдобаев.

Бирок “Реформа” мыйзамда белгиленген мөөнөттө керектүү каражатты чогултууга үлгүрүп, БШКдан каттоодон өткөн. Демөөрчүлөрдүн тизмеси партиянын сайтында ачык жарыяланып, анда жүз сомдон баштап он миң сомго чейин акча которгондорду көрүүгө болот.

Айтмакчы, партия азыр да үгүт ишине жумшалчу акчаны билерик, шапка, брелок, футболка, баштык өңдүү майда-чүйдө буюмдарды сатуу аркылуу чогултуп жатат.

Коррупциялык көрүнүштөргө каршы акция. Бишкек, 25-ноябрь, 2019-жыл.
Коррупциялык көрүнүштөргө каршы акция. Бишкек, 25-ноябрь, 2019-жыл.

#RЕакция кыймылы

Дагы бир жаңы саамалык - партия талапкерлердин тизмесин Интернетте ачык добуш берүү аркылуу аныктаган. Интернеттеги атайын платформада партия мүчөлөрүнүн сүрөтү, аты-жөнү жазылган. Каалоочуларга түз эле ошол жерде добуш берип же добушун кайра алууга шарт түзүлгөн.

Партиянын курамында коррупцияга каршы пикирин айтып, митингге чыккан #RЕакция кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер, ишкерлер, мугалимдер бар.

Тизмеге #RЕакция кыймылынын Урмат Жаңыбаев, Азият Жекшеев, Эсен Рысбеков, Елена Воронина өңдүү уюштуручулары, активдүү мүчөлөрү киргендиктен социалдык тармактарда “Реформа” ошол кыймылды менчиктеп алды, кыймылдын атынан чыгууга укугу жок болчу деген сын азыркыга чейин айтылып келет.

«#RЕакция» акциясы 2019-жылы башталып, алгачкысы былтыр 25-ноябрда өтүп, анда чогулгандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюуну, реалдуу реформаны талап кылышкан.

Жүздөгөн адамдын Ак үй алдына чыгышына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган журналисттик иликтөө себеп болгон.

Виртуалдык үгүт, ишенгендер жана ишенбегендер

Реформаларды талап кылган, өзгөрүүлөрдү самаган жаштарды өзүнө тартууну максат кылган, партия шайлоо кампаниясын, үгүт иштерин Интернетте активдүү жүргүзүп келет.

Алсак, Бишкектеги чоң көчөлөрдүн боюндагы билборддорду ижарага алуу кымбат болгондуктан, аларды виртуалдык түрдө өзгөртүп, өз талапкерлеринин сүрөттөрүн, ураандарын жайгаштырышты.

Бирок айрым талдоочулар «Реформа» өз программасын, платформасын айыл жергесиндеги шайлоочуларга жеткире албай жатат деген пикирде.

Алардын бири - жарандык активист Адил Турдукулов:

«Алар (“Реформа) бийликчил партия эмес. Оппозициялык жана либералдык партия деп атасак болот. Акча жагынан да, саясий тажрыйбасы жагынан да анча жетишпей жатканын көрүп келатабыз. Алар сунуш кылган программа элге жетпей жатабы деген ойдомун. Көбүнесе Бишкекте, шаарларда гана ишмердигин жүргүзүп, элетке программасын жеткирүүгө күчү жетпей жаткандай. Менимче, алар парламентке өтпөйт. Дагы бир терс жагы бар, “Реформага” окшогон жаңы чыккан партияларга берилген добуштар өткөн партиялар ортосунда бөлүштүрүлүп калышы мүмкүн. Либералдык, оңчул партиялар бир блок болуп чыкса, жакшы болмок. Ошондо парламентке өтүүгө шанстары да жогору болмок».

Ошентсе да жаңы, жаш күчтөрдүн потенциалына ишенгендер, саясий айдыңда “Реформадай” жаңы күчтөрдүн пайда болушун колдоого үндөгөндөр аз эмес.

«​Азыркы учурда шайлоого аттанган бир топ партиянын арасынан жаштарга ишеним көргөзүүнү суранат элем. Албетте кемчиликтер, терс нерселер бар. Бирок жалпысынан жаңы муунга ишенип, аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Алар саясий кредитке ээ болгондон кийин, жоопкерчилик менен иштейт деген үмүт бар. Мисалы, “Реформа” партиясы»​, - деген АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетинин профессору Бакыт Бешимов.

Бардыгы болуп реформа партиясынан шайлоого 84 талапкер көрсөтүлгөн, 29у аялдар.

Клара Сооронкулова

Партия лидери Клара Сооронкулова коомчулукка Конституциялык соттун судьясы болуп турган кезинде, айрыкча 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоо алдында кеңири таанылган.

Ошондо өкмөт "шайлоого биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар катыша албайт" деген чечим чыгарып, Сооронкулова бейөкмөт уюмдардын “бийликтин жарандарды күчтөп биометрикалык маалымат топтоо аракетине” мыйзамдуу баа берүүсүн өтүнгөн доо арызын карап, бул жарандардын Конституциялык укугун бузарын билдирген. Ошондон кийин Соттор кеңеши “Сооронкулова палатада каралып жаткан иш боюнча журналисттерге билдирүү жасап, төрага жана судьяларга сын айтып, судьянын абийир кодексинин талаптарын бузганы үчүн” аны иштен алууну сунуш кылган.

Жарандык коомдун мүчөлөрү Сооронкулованы коргоп, Ак үйдүн алдына чейин акцияга чыгып, социалдык тармактарда аны колдогон кол топтоо акциясы жүргөн.

Сооронкулова өзүнүн мыйзамсыз иштен алынганын белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмуна жана эл аралык коомчулукка кайрыларын айткан.

Сооронкулова «Реформа» партиясына келгенге чейин Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген «Улуттар Биримдиги» партиясына жооптуу катчы болуп барган. Лидери кылмыш иши козголгон соң Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин дымып калган «Улуттар Биримдигинин» ишин жандантарын жарыялаган Сооронкулованын бул аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Рита Карасартова

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова партиянын тизмесинде парламенттик шайлоого бешинчи сапта баратат.

Көп жылдан бери күч түзүмдөрүнүн, сот системасынын реформасы үчүн күрөшүп келген Карасартова былтыр Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалып, июль айынын башында өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Карасартова кызматка дайындалганда Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова аны «бүлдүргүч» деп атап, «Кайсы жакта туруксуздук болсо, Карасартова ошол жерде» деп сындаган.

Карасартова ага «билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын» деп жооп берген.

«Азаттыкка» курган маегинде бул кызматка барууга кандайча макул болгонун да айтып берген.

«Баарыбыз өзгөрүүлөрдү күтөбүз, бийликти сынга алабыз, бирок бизге кызмат сунуш кылышканда эмне үчүн барбайбыз? "Барбасак, анда сындагандын эмне кажети бар?" деп кыйкырганды билесиң, эми ишти жасаганда көрөлү деген маселе чыгат».

Ал тармакты жетектеп турган кезде социалдык түйүндөр аркылуу кесиптик окуу жайларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери тууралуу маалымдап, сунуш-пикирлерин жазып турган. Карасартова ушул жылдын 8-мартында «Аялдардын тилектештик жүрүшүнө» чогулуп, милиция кармап кеткендердин арасында болчу. Белгисиз кишилер чагым салып, акцияны үзгүлтүккө учураткандан кийин тартип коргоочулар аларды эмес, активист, катышуучуларды кармап кеткен.

Чолпон Абдырахманова

Карасартовадан айырмаланып, Чолпон Абдырахманова активист катары жаңы эле таанылып келатат. Былтыр Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дубай шаарында журтташтар менен жолукканда Чолпон «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү тууралуу суроону тайманбай берген.

Акылбек Сариев

Партиянын тизмесинде көбүнесе жаштардан айырмаланып, буга чейин кыргыз саясатына аралашып жүргөн Акылбек Сариев бар.

58 жаштагы Сариев 2010-2012-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген. Кийин бул кызматтан кеткенден кийин шайлоо, Баш мыйзамга байланыштуу талкуулар боюнча эксперттик пикирин айтып келген Сариев “Электорат” аттуу коомдук фондду жетектейт. Ал “Реформанын” тизмесинде 16-орунда турганы менен үгүт иштери, телетаймаштарда көп байкалган жок.

Манас Саматов

Манас Саматов
Манас Саматов

Партиядагы талапкерлердин эң сакалдуусу Манас Саматов. 66 жаштагы Саматов айыл чарба тармагында ишкерлик менен алектенет. Агрардык секторду толугу менен реформалоого үндөп, бул жаатта Батыш өлкөлөрүнөн үлгү алууну сунуштап келет. Саматов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушуна каршы чыккандардын бири болгон.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG