Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Судья Клара Сооронкулова БУУга кайрылат


Парламент тарабынан бүгүн 83 добуш менен кызматтан алынган Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова мындан ары БУУга, эл аралык коомчулукка кайрылып, күрөштү уланта берерин билдирди.

Ал өзүнүн кызматтан кетүүсү биометрикалык маалымат боюнча маселеге гана байланыштуу экенин белгилеп, бийлик мындан ары маселе жаратпасын деген кыязда аны кызматтан четтеткенин билдирди. Ал бийлик шайлоолордо биометрикалык маалыматка байланыштуу мыйзам бузууларга барышы мүмкүндүгүн айтууда.

Бүгүн парламент Клара Сооронкулованы 83 добуш менен кызматтан алды. Айрым депутаттар маселе эки ирет добушка коюлуп, мыйзам бузууга жол берилди деп сындап чыгышты. Парламент спикери Асылбек Жээнбеков добуш берүү мыйзам чегинде туура эле өткөрүлгөнүн билдирүүдө.

Ал арада укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров парламенттин аракетин сындап, Ак үй алдына нааразылык акциясына чыкканы белгилүү болду.

Сооронкулова жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн парламенттин сунушунун негизинде Соттор кеңеши аны 18-июнда мөөнөтүнөн мурда иштен алган болчу.(AzK)

XS
SM
MD
LG