Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

БШК: «Реформа» партиясы ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Реформа» саясий партиясы парламенттик шайлоого карата катталган ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-августтагы отурумда партиянын арызы каралды.

Натыйжада буга чейин расмий өкүл катары катталган Жибек Качиеванын ордуна Данияр Сүйүндүк уулу каттоого алынды. Ага партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү экенин тастыктаган күбөлүк тапшырылат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жетектеген «Реформа» партиясы негизделгенин жакында жарыялаган. Курамында #RЕакция кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.

Мыйзам боюнча, Боршайком алардын документтерин текшерип, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттайт.

Каттоого алынган партиялар шайлоо фондун ачып, күрөө коё башташы керек болот. Кийинки жараян - жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүү.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтышкан. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG