Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Бийликке каршыларга үмүт арткан «Чоң Казат»


"Чоң Казат".
"Чоң Казат".

Резонанстуу билдирүүлөрү менен талкууга түшкөн «Чоң Казат» партиясынын талапкерлер тизмесинде кимдер бар?

2020-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу жаңыдан түзүлүп, катышып жаткан бир нече партия бар. Алардын ичинен резонанстуу билдирүүлөрү менен талкууга түшүп, өзүн оппозициячыл күч атаган «Чоң Казат» партиясы.

«Манас» эпосундагы душмандарга каршы эпикалык түшүнүктү саясий максатта колдонгусу келген партиянын курамында кимдер бар, программасы эмнени камтыйт деген суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

«Чоң Казат»: Ашканадан шайлоого чейин

«Чоң Казат» партиясынын тарыхына үңүлсөк, Юстиция министрлигинен 2012-жылы каттоодон өткөн. Партиянын түзүүчүсү - журналист, «Деньги и Власть» гезитинин редактору Турат Акимов. 2017-жылкы президенттик шайлоодо партия Акимовдун талапкерлигин көрсөткөн жайы бар.

Ал эми «Чоң Казаттын» азыркы лидери катары УКМКнын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов аталып келет. Партия 2012-жылы түзүлгөнү менен 2020-жылдын башына чейин өтө деле кызуу иш жүргүзгөнү байкалган эмес.

Партиянын аты менен үндөш кыймылды прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев баштап, «Фейсбуктагы» түз эфирлери менен Интернет колдонуучуларга тааныла баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам карантинде эл үйдө отуруп калганда Жапыкеев үйүнүн ашканасынан күн сайын түз эфирге чыгып, эмоционалдуу, талаштуу билдирүүлөрдү жасап турган.

«Ашкана» деп атап алган билдирүүлөрүндө Жапыкеев Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган. Алардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Ал түгүл Жапыкеев тарапкерлерин бул депутаттын үйүнө чогулуп барууга чакырганы талкууга түшкөн эле.

Бул боюнча расмий териштирүү жүрүп, Жапыкеев менен Жумалиевдин үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталган. Тактап айтканда, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Кубанычбек Жумалиевге «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү баштаган. Жыйынтыгында сот Сыймык Жапыкеевди 10 миң сом төлөөнү милдеттендирген.

Ал учурда Жапыкеевдин жанында УКМКнын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов жана адвокат Канат Хасанов чогуу жүрүп, өздөрүн кыймылдын лидерлери деп аташкан. Кийин Хасанов өз эрки менен кыймылдан чыгып кеткенин жарыялаган. Бирок социалдык тармактарда кыймылга жарандар чогулткан каражаттын бир бөлүгү Хасановго берилгени жөнүндө маалымат чыккан эле. «Чоң Казаттын» лидерлери бул маалыматты төгүндөшкөн.

Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев, Канат Хасанов.
Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев, Канат Хасанов.

Коомчулукта «Чоң Казат» менен Жапыкеевдин аркасында ким турушу мүмкүн деген суроонун жообу белгисиз. Айрымдар «чуулгандуу билдирүүсү менен таанылган кыймылдын артында бийлик турат» дешсе, башкалары буга чейин коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов турабы деген шек санашат. Мындай күмөн саноого коррупция менен күрөш тууралуу ураан чакырып чыккан партия лидерлеринин Матраимовдун дарегине эч бир сөз айтпаганы түрткү болгон.

Жапыкеев баштаган кыймылдын мүчөлөрү мындай божомолду четке кагып, «эгемендик алган жылдардан берки коррупционерлерди катары менен атап отуруп, акыры Матраимовдорго да кийинчерээк кезек жетет» деп түшүндүрүшкөн.

Ошентип Сыймык Жапыкеев баштагандар «Чоң Казат» партиясынын тизмеси менен 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого аттанышкан. Ал эми партиянын тизмесинде кимдер бар?

Мурдагы чекист, төлгөчү жана ишкер

Партиянын шайлоо тизмесине көз салсак, «Чоң Казатты» шайлоого УКМКнын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов жетектеп баратат.

49 жаштагы Мамытканов 2007-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенген. Бир учурда атайын кызматттын экономикалык чалгын башкармалыгында жетекчилик кызматта иштегени жөнүндө маалымат бар.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Анын атайын кызматтан эмне себептен кеткени белгисиз. Бирок кийинки жылдары Мамытканов жергиликтүү маалымат каражаттарында экономика жана саясат багытында эксперттик пикирлерин байма-бай айтып, көбүнесе бийликти сындап келет.

Быйыл июнь айынын башында Мамытканов алгачкылардан болуп «Чоң Казат» шайлоого катышарын жарыялап, артында кандайдыр бир күч жок экенине ишендирүүгө аракет кылган:

«Мисалы, «Чоң Казат» саясий партиясы шайлоого даярданып жатат. Мен анын мүчөсүмүн. Башка балдар бизге кошулабы же жокпу, аны өздөрү чечет. Бизди Матраимовдорго жана башкаларга жабыштырып жатышат. Бирок бизде андай кызыкчылык жок, бул туура эмес».

Партиянын тизмесинде экинчи орунда Алмакан Бекова турат. 64 жаштагы айым Юстиция министрлигинин сайтында «Аруузат - Эл куту» деген партиянын төрайымы катары көрсөтүлгөн. Ал өзүн космоэнергетик деп атап, төлгө ачарын, буга чейин өлкө жетекчилери ага кеңешип турганын айткан жайы бар.

«Чоң Казаттын» тизмесинде үчүнчү болуп Улан Эсенкожоев турат. Ишкерлик менен алектенерин айткан Эсенкожоев - «Улуу Кыргызстан» аттуу партиянын лидери. 2015-жылкы парламенттик жана 2016-жылдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого ушул партиянын тизмесин баштап барган. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Улуу Кыргызстандын» үгүт жарнамалары дин аалымы Чубак Жалиловдун сүрөтү менен чыкканы өз маалында кызуу болгон.

«Улуу Кыргызстандын» лидери бул ирет «Чоң Казаттын» тизмеси менен шайлоого аттанды.

Партиянын тизмесинде кийинк жаран - коомчулукка ысымы белгисиз Шамырбек Эрмекбаев. Маалымат каражаттарында ал курулуш ишканасынын жетекчиси экени айтылган.

«Оорулуу эмесмин, полковникмин»

«Чоң Казаттын» тизмесинде бешинчи болуп биз жогоруда сөз кылган Сыймык Жапыкеев катталган. Партиянын атынан телетаймаштарга чыгып жаткан 43 жаштагы Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн. 2000-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин аяктаган соң, 15 жылдан ашык прокуратура органдарында эмгектенген.

Эмгек жолунда Ысык-Көл, Чүй облустарынын прокуратурасында ар кыл кызматтарды ээлеген. Юстициянын полковниги.

2015-жылдан тартып Кумтөр кенине юрист-адвокат болуп үч жылдай эмгектенген. Акыркы маалда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу ар кыл билдирүүлөрдү жасап, өлкөгө терең реформалар зарыл экенин айтып жүргөн.

Биз жогоруда айткандай, Жапыкеевдин билдирүүлөрү быйыл жыл башында күчөп, үйүнүн ашканасынан уюштурган түз эфирлери колдонуучулардын назарын бурду.

Жапыкеев өзүнүн үй-мүлкү тууралуу көп деле кеп кылбайт. Ал прокуратурада иштеп турган жылдары коррупциялык көп схемаларга күбө болгонун, бирок ыйгарым укуктары жетишсиз болгону үчүн аларга каршы тура албаганын бир нече жолу кайталаган.

Жапыкеевдин туугандары колунда бар, бардар адамдар экени белгилүү. Муну Жапыкеев өзү да танбайт. Ал туугандары Бишкектеги ресторан, дарыкана түйүнүнө ээлик кыларын баяндаган жайы бар. Аны кимдир-бирөөлөр коркутуп жатканын утур-утур айтканы менен кимдер экени тууралуу унчукпайт.

Жапыкеев партиянын атынан жолугушууларга жана теледебаттарга катышууда. Айрыкча Жапыкеевдин оргу-баргы жүрүм-туруму, кескин билдирүүлөрү талкууга түшүп келет.

22-сентябрда ЭлТР каналы уюштурган телетаймашта ал башка эки катышуучу менен кайым айтышып, кызыл чеке болгонго чейин жетти.

Анда «Чоң Казаттын» мүчөсү: «Ашкана эле дейсиңер, парламентте туруп чечилбеген маселелерди ашканадан туруп айтып койдум. Мына, баары билип калды. Ашканадан туруп партия ачып койдум, дагы эмне керек?» - деп өз ишмердигин түшүндүрдү.

«Ооган согушунун жана башка чатактардын катышуучуларынын» партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков менен айтышып, бири-бирин «оорулуу» деп айыптаганга чейин жетишти.

«Чоң Казаттан» жарышка журналисттер, юристтер, музыканттар аттанды

«Чоң Казат» партиясы жалпысынан шайлоого 81 талапкер көрсөттү. Алардын арасында 7-орунда Өмүрбек Шаршеналиев аттуу адам турат. Интернетте дал ушундай ысымдагы адам Жалал-Абад шаарынын мэри, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун акими болгону жөнүндө маалыматты көрүүгө болот. Бирок “Чоң казаттын” тизмесине кирген Шаршеналиев буга чейин жергиликтүү бийлик органдарында жетекчилик кызматты ээлебеген, полиграфия жаатында эмгектенген башка адам экенин белгилүү болду. 57 жаштагы талапкер Шаршеналиев “Кыргызполиграфкомбинатта” эмгектенип, аталган мекеменин башкы директорлугун аркалаган. Учурда ишкерлик менен алектенет.

Тизмеин 8-сабында партиянын түзүүчүсү, «Деньги и Власть» гезитинин редактору Турат Акимов турат. Акимов буга чейин бийликти сындаган макалалары менен белгилүү. Ал 1993-жылкы Баш мыйзамды кайтаруу талабын көтөрүп келет.

Тизмеде толугузчу болуп буга чейин Бишкектин «Тез жардам» кызматын жетектеген Жаркынбек Касымбеков турат. Ал буга чейин ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссияга кирген. Касымбеков бул комиссиянын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, андан чыгып кеткен.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Тизмеде 13-орунда буга чейин ЭлТР телеканалынын директору болгон, учурда менчик «Манас жаңырыгы» каналына башчылык кылып жаткан Темирбек Токтогазиев турат.

Ал эми 17-орунда болсо юридика илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин профессору Бекбосун Бөрүбашев бар.

Мындан сырткары «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө айтып жүргөн коомдук ишмер Ахунбай Кошоев 24-талапкер болуп баратат.

«Чоң Казаттын» талапкерлеринин тизмесин музыкант Курмангазы Азыкбаев, ырчы Райкан Абдувалиева жана акын Гүлжамила Шакирова да толуктайт.

Калган талапкерлердын басымдуу көпчүлүгү коомчулукка белгисиз, учурда эч бир жакта иштебеген же жеке ишкерлик менен алектенген жарандар.

«Баш мыйзамды өзгөртөбүз»

«Чоң Казаттын» лидерлери дал ушул талапкерлердин буга чейин жогорку кызматта иштебегенин артыкчылык катары мүнөздөп, коррупцияга каршы күрөштө батыл кадам жасай турганын айтышууда. Мунун жалгыз жолун алар люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алуудан көрүшөт.

Мисалы, партиянын программасында 1991-жылдын 1-сентябрынан тартып бийликте иштеген адамдар коррупцияга аралашса, мыйзамсыз байыса, мыйзамсыз сот чечимин чыгарса, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузса 10 жылга чейин мамлекеттик кызматка аралашуусуна тыюу салынары айтылган.

Ошондой эле партия мыйзамсыз байыган мүлктү конфискациялоону да сунуш кылат.

«Чоң Казаттын» программасында жазылгандай, Конституцияны өзгөртүп, курултай институтун коомдук көзөмөл жүргүзчү орган катары киргизип, өкмөттү президент башкарышы керек.

Ошондой эле Жогорку Кенешти 70 депутатка чейин кыскартуу каралган.

Популизмби же коомдук талаппы?

Айрым адистер партия өз программасында кескин реформалар тууралуу убада кылып, алар популизмге үндөш билдирүүлөр менен коштолгонун белгилешет. Тарыхчы Алмаз Кулматов акыркы жылдары Кыргызстанда популисттик риторика күч алганын белгилейт:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Негизи эле популизм менен шайлоо тутумдуу байланышта болуп келген. Бирок дайым эле популизмге уттулган, ага негизделген ураан, саясат натыйжалуу боло берейт. Британ премьер-министри Черчилл «аң уулап келгенден кийин, анан шайлоонун алдындагыдай жалган көп айтылбайт» деп какшыктап айтканы сымал Кыргызстанда да дал ушундай абал түзүлүүдө. Таптакыр чындыктан алыс, ишке ашуусу мүмкүн болбогон убадаларды берүү менен элге жагып, добушун алууну каалап, бирок жалпы өлкө, саясат, шайлоонун деңгээлине таасирин тийгизип жатат».

Ал эми эл аралык мамилер боюнча адис, дипломат Таалатбек Масадыков «Чоң Казат» сыяктуу партиялардын саясий аренага чыгышын өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы сезилбей, жарандардын көңүлү калганы менен байланыштырды:

Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

«Сыймык Жапыкеев сыяктуу адамдардын чыгышы, аны колдогондор да пайда болушу эл арасындагы талаптардан кабар берет. Анткени 30 жылдан бери өкмөт, бийлик коррупцияга каршы күрөш маселесине эч көңүл бурбай, жыйынтык көрсөтө алган жок. Ошондуктан Жапыкеев сыяктуу жигиттер айтып чыккан маселелер өкмөттүн жумушу болушу керек эле. Анын коомдук уюмдар тарабынан айтылып жатышынын аягы жаман болуп кетиши да мүмкүн. Муну да эске алыш керек».

Жалпысынан «Чоң Казаттын» үгүт өнөктүгү көп каражат коротпой, эл чогулган жерлерге барып, маселен, мал базарларды кыдырып, көчөдө жолугушууларды өткөрүү менен жүрүп жатат. Социалдык медиада тараган видеолордон Сыймык Жапыкеев жолугушууларда карапайым элге жаккан тилде сүйлөп, кызуу чакырыктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Бул партия негизинен бийликке нааразы болгон электоратка үмүт артып жатканын жашырбайт. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, көп учурда кыргыз саясатында бул чоң күч бере турган жагдай болуп келген. Антсе да «Чоң Казат» кийинки убакта учураган тосколдуктар анын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтканын айткандар бар. Саясий пиар боюнча адис Азим Азимов:

«Карантинге чейин «Чоң Казат» сенсация болгон. Бирок лидерлерин суракка чакыруу, маалыматтык чабуул, саясий басым өз жыйынтыгын берди. Партиянын мүчөсү Канат Хасанов катардан чыгып кетти. Азыр ал каракчылык боюнча шек саналган баласынын маселеси менен алек болууда. Ошондуктан партиянын духу сынып, утуп келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктой сезилет», - деп өз божомолу менен бөлүшкөн.

БШКнын расмий маалыматы боюнча, «Чоң Казат» партиясынын банктык эсебине 6 миллион 668 миллион сомдон ашык каражат келип түшкөн. Мунун ичинен 26-сентябрга карата алты миллион 192 миң сомдон ашыгы коротулган. Бул парламенттик шайлоого катышып жаткан 16 партиянын каражаттарын эсептей келгенде, эң аз сумма болуп саналат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG