Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Чубак ажы илимди сүйгөн диниятчы болчу


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Капыстан келген дарттан улам жашоо менен кош айтышкан белгилүү диний ишмер Чубак Жалиловду замандаштары, достору эскерип жатышат.

11-июлга оогон түнү Дүйнөлүк ханафий аалымдар лигасынын мүчөсү, Борбор Азияга таанымал диниятчы, Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов дүйнө салды. Жалпы журтка келген оору дин аалымын 45 жашында алып кетти. Сөөгү кичи мекени Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди.

Чубак ажы ислам менен мамлекеттин өз ара мамилесинин калыптануусуна чоң салым кошту. Дин менен укук коргоо органдарын карама-каршы койгон экстремисттик, радикалдык жана такфиристтик идеологияга колунан келишинче каршы турду.

Ал өзүнүн кыска өмүрүндө жаштарга берген таалими, жер кыдырып айткан насааттары, илимий эмгектери менен башкалардан айырмаланып турчу. Канчалаган мыкты адистерге устаз болуп, илим-билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Эмилбек Ысманов жана Чубак Жалилов.
Эмилбек Ысманов жана Чубак Жалилов.

Чубак ажы менен Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы атайын физика-математика мектебинде чогуу окуган классташы Эмилбек Ысманов буларды айтып берди:

“1988-жылдан баштап Чубак ажы менен чогуу окуп, бир жатаканада жашап калдык. Бардык сабактарды ынтызарлык менен окучу. Ошондо эле кара сөздүн чечени болчу. Өзгөчө кыргыз тилин жана адабиятын жакшы билчү, тарых сабагын мыкты өздөштүргөн. Жатаканада тазалыкка көңүл бурган, ысырапты жактырбаган чыйрак жигит эле”.

Чубак ажынын алгачкы шакирттеринин бири, Мекке шаарындагы “Умм ал-Кура” университетинин докторанты Абдували Акматов буларды айтып берди:

Абдували Акматов.
Абдували Акматов.

"Мени Ислам институтунда, азыркы Кыргызстан Ислам университетинде окутту. Андан кийин өзү Меккеге окууга кетти. Меккеде “Умм ал-Кура” университетинде окуп жүрүп, жыл сайын жайкы эс алууга келгенде документтеримди сурап, “мага берсең мен алып барып тапшырам, анан окууга өтсөң сени чакырат, сен окушуң керек” деп айтчу. Ошентип документтеримди окуу жайга тапшырды. Ушул кишинин арты менен “Умм ал-Кура” университетине өтүп калганмын. Мени бул жактагы устаздар менен тааныштырган, керектүү китептерди кантип тандаш керектигин, кандай китептер зарыл экенин үйрөттү. Эмнеге көңүл бөлүү керек экенине жол көрсөттү. Өзү билим алган окуу жайда кадыр-баркы абдан жогору болчу. Сауд Арабиясында же Мекке шаарында элдин баары эле Кыргызстанды биле бербейт. Бирок “Кыргызстанданмын” десең “Чубактын жериненсиңби?” деп калышат. Бул жактагылар Кыргызстанды Чубак ажы менен таанып калган. Чубак ажынын зиректигин, анын адамдардан башкача, өзгөчө көк жалдыгын, тайманбастыгын көп айтып калышат. Окуу жайдан сырткары да бизге жол көрсөтүп, кошумча сабак ала турган устаздар, шейхтер менен тааныштырган. Алар Чубак ажы каза болгону жөнүндө кабарды өтө оор кабыл алышты”.

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы “Имам” университетинин бүтүрүүчүсү, учурда Бишкек шаарындагы “Абу Бакир” мечитинин имамы Нургазы Халматов буларды айтып берди:

Нургазы Халматов.
Нургазы Халматов.

“Илимге берилген жөнөкөй адам эле. Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн да жүрөгү ооруп, ушунчалык кайгы-капага батып турабыз. Ошол жакта окуп жүргөндө үйүнө барсаң дайыма китептер чачылып, изденип, ушунчалык илимге терең берилген инсан эле. Кийим-кечесине, жеген-ичкенине сарптабай, акча тапса эле китеп сатып алып окучу. Жада калса бир маселени сурасаң жообун китептерден издеп тапчу. "Ошол жооптордон мен ырахат алам" деп айтып калчу. Эми айтып кеткен осуяттарын өзүнүн мультимедиалык “Насаат медиа” каналынан угабыз. Устаз бул дүйнөгө агып турган дарыя сымал илим таштап кетти. Эми кыргыз эли анын айткан сабактарын Интернеттен таап угуп турат. Устаздын аты өчпөйт. Көзү өтсө да таштап кеткен таалим, илимдери дагы эле жайыла берет”.

Чубак ажы тынбай окуган, интеллектуалдык көрөңгөсү менен башкалардан айырмаланып турган. Дин илимин терең билген, дүйнөбий билимден да артта калбаган эрудит киши болгон. Ал нукура сөзмөрдүгү, ойчул-даанышмандыгы, тарбиясы менен миңдеген адамдардын оюн өзгөртө алды. Аялдардын жашоодогу ордун диндин негиздери менен далилдүү көрсөтүп, энелердин баалуулугун дайыма белгилеп турган.

“Бейиш нуру” гезитинин журналисти Айгул Акимбекова буларды айтып берди:

Айгүл Акимбекова.
Айгүл Акимбекова.

“Аалам жана аалым. Экөө бир эле маани. Аалымды жоготуу ааламды жоготуу менен барабар. Өткөндүн аалымы, бүгүнкү биздин аалым, келечектин аалымы Чубак ажы Жалиловду жоготуу жалпы ислам дүйнөсү үчүн орду толгус оор кайгы. Устаз менен замандаш, пикирлеш, санаалаш болдук. Кандай гана маселе, шарт болбосун кеп-кеңешин, акыл–насаатын айтып турду. Кыйын учурларда мага, үй-бүлөмө эле эмес, жалпы кыргыз элине колдоо көрсөтүп, тирек болду. Жараткандын алдында эң бир кооз, эң бир көркөм инсан экендигин көрсөтүп кетти”.

Чубак ажы менен бир канча жыл кызматташып жүргөн, “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы буларды билдирди:

Жамал Фронтбек кызы
Жамал Фронтбек кызы

“Бул да Алланын сыноосу. Кыргызстан үчүн, мусулмандар үчүн Чубак ажынын дүйнө салганы чоң жоготуу. Убагында муфтий болду, Аалымдар кеңешинде иштеди. Сабактарды берип, динди үйрөткөн биздин алдыңкы кыраан, билимдүү кишилерибиздин сап башында болду. Биз үчүн оор кайгы. Анын жасаган иштери, айткан сөздөрү видео тасмаларда калды. Анын артында калган эмгектери Кыргызстандын жарандары үчүн баалуу. Эми ага дуба кылабыз. Баарыбызга сабыр тилеймин”.

Чубак ажы менен көп жылдар бою үзөңгүлөш болуп иштеген Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев буларды айтты:

Абибилла Кадырбердиев.
Абибилла Кадырбердиев.

“Ар бир мөмөнүн өзүнүн даамы болгондой ар бир аалымдын өзүнүн орду бар. Бирок Чубак ажынын орду башкача болчу. Алгач ал киши менен Меккеден окууну бүтүп келгенде бир күн кечке сүйлөшүп, тааныштык. Ошондо мен “Алла Таала периштелерине эмес, адамзатка да ушунча илим берет экен да” деп таң калган элем. Башка аалымдар медреселерде шакирттерди тарбиялаган болсо, ажыкебиз бүтүндөй коомду тарбиялады. Кыргызстан эле эмес, түрк тилдүү башка өлкөлөрдүн мусулмандары бул кишиге ыклас кылчу. Жараткан пендечилик кылып, билип-билбей кетирген күнөө-кемчиликтерин кечирсин. Акыретин абад кылсын. Бүтүндөй кыргыз журтчулугу жаман абалга түшүп калды. Эми Жараткан калган аалымдарыбыздын өмүрүн берсин. Журтчулукка Жараткан жарык жол берип, бүт дүйнөнүн башына балээ болгон вирусту жок кылсын”.

Маркумдун мамлекет менен диндин ортосундагы мамилесин бекемдөөгө, калктын руханий, диний билимин жогорулатууга кошкон салымын Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов мындайча айтып берди:

Зайырбек Эргешов.
Зайырбек Эргешов.

“Чубак ажы элибиздин диний сабаттуулугун көтөрүүдө, адеп-ахлак, тарбия жаатында абдан чоң салым кошту. Ал “Насаат медиа” аркылуу да, өзүнүн күнүмдүк эфирлери аркылуу да жарандарыбызга диний, руханий тараптан азык берип келди. Адам бул дүйнөдөн өтсө да анын жакшы, сооп иштери, эмгектери артында калат” деп бекеринен айтылбаса керек. Чубак ажы бул дүйнөдөн өткөнү менен артында эмгеги, таалим- тарбиясы, жакшы жасаган иштери калды. Биз аны эч качан унутпайбыз. Акыркы жылдары Чубак ажы Жалилов Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен чогуу көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келди. Биринчи кезекте элибиздин руханий, диний билимин жогорулатууга чоң салымын кошту. Өзгөчө ханафий мазхабын жайылтууда абдан чоң эмгек жасады. Чубак ажы Жалиловдун атасына, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Кайгыларын тең бөлүшөбүз”.

Чубак Жалилов орто мектепти алтын медаль, жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен аяктаган. Бишкек шаарындагы “Хазрети Умар” ислам институтун, Сауд Арабиясындагы "Умм ал-Кура" эл аралык университетин аяктаган.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, “теология” боюнча магистрдик даражасына ээ болгон. Кыргызстан эл аралык университетинде илимин өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактоого даярданып жаткан. Бишкек шаарында Хадис академиясын негиздеп, аны жетектеген.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, Аалымдар кеңешинин бир канча чакырылышынын мүчөсү болгон. 2018-жылы Дүйнөлүк ханафий Аалымдар кеңешинин лигасына мүчө болуп тандалган.

Фикх, араб тилинин грамматикасы, тафсир, хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси болгон. Бир нече китептин автору.

Чубак ажы Жалиловдун артында үч уулу, үч кызы калды.

XS
SM
MD
LG