Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Атамбаев тапкан «факты» талкууга түштү


Кадыр Атамбаев, Арстанбек Боромбаев, Сооронбай Жээнбеков (солдон оңго).
Кадыр Атамбаев, Арстанбек Боромбаев, Сооронбай Жээнбеков (солдон оңго).

Башкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбековдун тууган-туушкандары жана алар ээлеген кызматтар боюнча иликтөөсүнө жооп берди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин «Президент, мына сизге факты» деп аталган видеоматериалы 28-сентябрда жарыяланды. Анда ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун туугандары Башкы прокуратурада жана Мамлекеттик бажы кызматында иштеп жатканы айтылат.

Анын сөзүнө караганда, Улуттук тарых музейин реконструкциялоого байланыштуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго козголгон ишти Башкы прокуратуранын ​Арстанбек Боромбаев деген бөлүм башчысы көзөмөлдөгөн. Ал бул ишти иликтеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кат жөнөтүп, «иш президенттин көзөмөлүндө экенин» билдирген. Атамбаевдин айтымында, Боромбаев - президент Сооронбай Жээнбековдун жээни. Прокурордун апасы, Алтынбүбү Жээнбекова - өлкө башчынын бир тууган эжеси, ал эми анын атасы Асан Боромбаев - Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси.

«Сапар Исаковго каршы айыптоону Жээнбековдун эжесинин уулу даярдаган. Арстанбек Боромбаев саясий негизде камалгандардын гана ишин көзөмөлдөбөйт. Ал «Манас» аэропортундагы ишти да караган. Аэропорттогу аткезчилик иши тууралуу 2019-жылы «Respublika» гезити да жазган. Жээнбековго кандайдыр бир фактылардын эмне кереги бар? Фактынын баары Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы - президенттин жээнинде», - деп айтылат видеокайрылууда.

Башкы прокуратура бул дооматтарга жооп берди. Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын маалыматы боюнча, Конституциянын 104-беренесине ылайык, прокуратурага иликтеп-тергөөчү органдардын ишине көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары Кыргызстандын 1999-жылы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодекстин 34-беренесинде прокурор кылмыш ишин иликтөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылууга, кылмыш ишин иликтөөнү тергөөчүгө же тергөө тобуна тапшырууга, тергөөчүгө көрсөтүлгөн ишенбестикке уруксат берүүгө укугу бар экени көрсөтүлгөн.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Жазык-процессуалдык кодекстин 34-4-беренесине ылайык, прокурордун тергөө жана иликтөө органдарына арыздарды кароо, кылмыш жана иликтөө тууралуу билдирүү боюнча берген көрсөтмөсү милдеттүү болуп саналат. 2019-жылы 26-августта Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишин изилдеген. Натыйжада Жазык-процессуалдык кодекстин 34-беренеси боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына кат түрүндө көрсөтмө берилген. Прокурордун көрсөтмөсүн аткаруу ушул эле кодекстин 36-беренесине ылайык, тергөөчүнүн милдети болуп саналат. Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүнө макул болбосо, анын үстүндөгү прокурорго өз жүйөсүн кат түрүндө билдирүүгө укуктуу», - деди Куватова.

Ал Арстанбек Боромбаев прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келатканын, анын басымдуу бөлүгүн жетекчилик кызматтарда иштегенин кошумчалады. Боромбаев 2019-жылы Башкы прокуратуранын бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганын, жакшы кызматы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгонун айтты.

Кадыр Атамбаев Арстанбек Боромбаевдин «Фейсбуктагы» баракчасына жүктөлгөн сүрөттө Теңиз Шарипов аттуу колдонуучу комментарий калтырганын да белгиледи. Анын сөзү боюнча, ал өлкө башчынын бир тууганы Жусупжан Шариповдун уулу.

Теңиз Шарипов «Айыл Банктын» Бишкектеги филиалдарынын бирин башкарары жана «Лабун Козу» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири экени сөз болот. Ал компанияны аны менен бирге негиздеген Жакыпбек Байымбетов УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан июнь айында саламаттыгына байланыштуу бошотулган. Кадыр Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун Мамлекеттик бажы кызматындагы туугандары тууралуу да маалыматтарды чогулткан.

Кадыр Атамбаев.
Кадыр Атамбаев.

«“Азаттыктын” иликтөөсүндө Райымбек Матраимов эмгек жолун баштаган Ош облусундагы Түштүк-Батыш бажысы тууралуу бир нече жолу сөз болот. Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы төрагасы Алтынбек Торутаев 2015-жылы Түштүк-Батыш бажысында Райымбек Матраимовдун орун басары болчу. 2019-жылдын 5-августунда бажынын жетекчиси болуп дайындалган. Азыр Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары кызматында Жээнбековдун дагы бир жээни Рустамбек Боромбаев турат», – деди Атамбаев.

Мамлекеттик бажы кызматынын сайтында Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисинин орун басары катары Боромбаев Р. А. көрсөтүлгөн. Атамбаев анын толук аты-жөнү атайылап жашырылган деп эсептейт. Себеби жетекчинин жана дагы бир орун басардын аты толук эле жазылган.

Атамбаевдин иликтөөсү президенттин жакындарынын бажыдагы чырлуу иштерге жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына козголгон иштерге тиешеси бар-жогу тууралуу талкууга жем таштады. Саясатчы Бектур Асанов мамлекет башчынын дарегине айтылган сын тууралуу ой бөлүштү:

«Арстанбек Боромбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле кызматта турган болсо - маселе деле жок. Эгерде кийин гана бөлүм башчы кызматына дайындалып Сапар Исаковдун ишин көзөмөлдөш үчүн атайын жумушка келсе - анда шек жаралат. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматы боюнча - президенттин жакын тууганы ал жерде мурда иштеген болсо да кызматтан алынышы керек эле. Себеби, мындай көрүнүштөр президентке болгон ишенимди төмөндөтөт. Анткени Кыргызстанда эң коррупцияланышкан орган - Мамлекеттик бажы кызматы, анын ичинде Түштүк-Батыш бажысында жемкорлук күчөгөн».

Ал Кадыр Атамбаевдин иликтөөсүн шайлоо алдында бийликке каршы атайын даярдалган материал катары баалады:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Кадыр Атамбаев айткан сөздөргө, жалпы эле Атамбаевдин командасы таратып жаткан маалыматтарга терс көз караштамын. Алар ичи тардык кылып жатышат. Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын, мафиялык топтордун башында Алмазбек Атамбаев өзү турган. Ушундай сөздөрдү айтып чыкканга алардын моралдык укугу жок. Муну шайлоо алдында Атамбаевдин тарапташтарынын бийликке каршы компроматтары деп эсептесе болот. Шайлоодо, бийлик талашта мындай нерселер, туура же туура эмес маалыматтар чыга берет. Ага бийлик кадр саясатын туура жүргүзүп жооп бериши керек».

Президент жакындарын саясатка аралаштырбай турганын кайталап келет. Буга чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 11 тууган экенин, анын ичинен азыр сегизи калганын айткан. Ал эжелеринин улуусу айылда пенсияда экенин, андан кийинки эжеси Бишкекте ооруканада иштей турганын билдирген. Агасы Жусупбек Шарипов Украинада элчи. Иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты.

«Үй-бүлөлүк, кландык жана кандайдыр бир топтордун башкаруусу болбойт. «Үй-бүлөлүк башкаруу» деп айтса эле эл коркуп жатат. Муну менин каршылаштарым да колдонууда», - деген эле президент.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев бул иликтөөсүндө айтылгандардан башка да толгон-токой факты бар экенин, жакында алар да чыгарын билдирди.

XS
SM
MD
LG