Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

Президент чечип, премьер жооп берген Баш мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эгемендик алганы өлкөнүн Баш мыйзамы бир канча жолу өзгөрүүгө учурап, бул көрүнүш өнөкөткө айланчудай жаман жолго түшүп алдык.

Тарыхый сабактар баш мыйзамдын бат-баттан өзгөрүшү өлкөнү артка тартарын жана бул адатты ооздуктоо оор болорун көргөздү. Анткени улам кийин келген бийлик «түбөлүк башкаруу» же «бийлигин бекемдөө» сыяктуу азгырыгыктарга кабылып, Баш мыйзам будамайланып келди.

Ошентсе да учурдагы пайдасы аз Конституцияга жармаша берүүнүн мааниси калган жок. Анын эң негизги кемчилиги - өтө жоопкерчиликсиз жана мафиялык бийлик түзүмүнүн күч алышына жол бергени болду.

Азыркы Баш мыйзамда президент УКМК баштаган күч түзүмүндөрүн башкарат. Парламент менен бирге сотторду жана БШК өкүлдөрүн тандайт. Жогорку Кеңештин мыйзамдарын жактырат же четке кагат. Ошол эле кезде өлкө экономикасына келгенде жоопкерчилиги жок. Ал эми парламент өкмөттү түзүү жана экономикалык реформаларды жүргүзүү укугуна ээ болгону менен кылчактап президентти карап, өз алдынча иштөөгө дарамети жок. Анысы аз келгенсип ар бир министрлик же мекеме жетекчилиги өз партиясынын лидерин угуп, өкмөттүн реформа кылмак тургай ансыз да араң жан экономиканы кармоого чамасы жетпей келатат.

Жазалоочу түзүмдөрдү, бардык курал-жарактарды көзөмөлдөгөн президент каалаган депутатын же министрин каматып коё алат. Мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун камакта отурганы буга күбө. Өмүрбек Текебаевди деле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каматып койбоду беле. Эми А.Атамбаев өзү жетелеп бийликке алып келген азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чабышып, акырында түрмөгө түшүп тынды.

Кыскача айтканда, азыркы Конституция боюнча президенттик кызматты - үй-бүлөсүн кантип багууну эч ойлобогон, бирок аракка тоюп алса бала-чакасын өкүртө сабаган зөөкүр атага салыштырса болот.

Анын айынан өкмөттү түзүү жараяны «аймак бөлүштүрүү жана жең ичинен баюу» сыяктуу мафиялык мүнөзгө ээ болуп калды. Майлуу орундарды партия лөктөрү өз ара соодалап, мамлекеттик жооптуу кызматтар мафиялык схемалар сыяктуу тандалып калды. Кылмыштуу топтор ар кыл аймактарды бөлүштүрүп алып, ар бир «авторитет» өз аймагында кылмыштуу иштерин кылгандай эле, ар бир министр эң оболу өз партиясындагы төбөлдөрдү карайт. «Урматтуу Паланчаевич» демиш болгону менен өкмөт башчысын деле тоготушпайт. Анткени алар партия лидерлеринин кол алышуусунун, атайын сүйлөшүлгөн «гарантиянын» негизинде министрликке келишкен. Ал тургай криминалдык дүйнөнүн батасын алган чоң муштумдар деле ар кыл партиянын тизмесине кирип, оңой-олтоң бийликке аралашып кетишти.

Кечээ эле жөө жүргөн айрым саясатчылар деле майлуу орундарга ушундай жол аркылуу келип, капысынан эле ишкерлик таланттары ойгонуп, байый баштаганы ошондон. Мамлекеттик жооптуу кызмат - «бармак басты, көз кысты» принциби аркылуу байуунун амалына айланса, айрым ишкерлер өз бизнесин коргоо үчүн депутат болуп жүрүшөт. Өз күчү, таланты, акыл-дарамети, билими бар таза депутаттар болсо деле мындай башкаруу системасында алар эч нерсе кыла албайт.

Парламенттик система болгондон кийин өкмөт башчы күчтүү болушу керек эле. Кыргыздын премьери болсо Англиянын ханышасынан да төмөн, конок тосуп, кол булгагандан башкага жарабаган байкуш, бечел, алсыз кызмат. Бирок президент да, парламент да экономикадагы кыйынчылыктарды өкмөт башчыга шылтап, «реформатор эмес экен» деп, өздөрү суудан кургак чыгышат. Ошондуктан премьер-министрлик - Кыргызстандагы эң эле кооптуу кызмат. Эгосу чоң, акылы аз эле адам бул кызматка барбаса, капкандагы быштакты жемекчи болгон чычкандай болууну ким эле кааласын?

Мурда деле президенттер экономиканы кантип көтөрүүгө мээси жетпей, премьерди садага чаба коюуну жакшы өздөштүрүшкөн эле. Азыр андан да жаман. Азыркы бийлик түзүмүнүн алсыз жана жоопкерчиликсиз экенинен пайдаланып, криминалдык топтор акчаны кенен чачып, өз «азаматтарын» ар кайсы партиянын тизмесине кошконду жакшы өздөштүрүштү. Андыктан бул мажирөө Конституция турганда эрежесиз, ыплас ойногон күчтөр үстөмдүк кылып, жаңы парламент келсе деле майлуу кызмат талашкан саясаттан өйдө көтөрүлө албайт.

Мындай абалдан чыгууну кааласак Конституцияны кайрадан оңдоо жараянын баштап, жок дегенде улуттук деңгээлде диалог жүргүзүү абзел. Парламенттик өлкө болобуз десек толук түрдө парламенттик башкарууга өтүп, өкмөт башчыга экономикадан тартып күч түзүмдөрүнө чейин берүү, чоң жоопкерчиликти мойнуна артуу керек. Англия же Жапония сыяктуу өлкөлөр буга мисал.

Болбосо АКШ сыяктуу президентке бардык жоопкерчиликти тагып, азыркыдай бечел премьер-министрге баарын шылтап кутулган абалдан чыкпаса болбойт.

Илим Жанузаков, ишкер, публицист, Миннеаполис, АКШ

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG