Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-октябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Ыплас шайлоо элдин аң-сезимине зыян


Чолпонбек Сыдыкбаев.

Саясий маданият жалпы маданияттын бир бөлүгү болуп саналат.

Саясий тажрыйбанын, саясий аң-сезимдин денгээли, жүрүм-турумдун жана саясий объектилердин функционалдашуусунун, өлкөнүн, класстын, улуттун, саясий топтун, индивиддердин саясий жашоо образынын үлгүлөрүнүн жыйындысы саясий маданияттын мазмунун түзөт.

Учурда элдин саясий маданиятын партиялар, саясий элита, талапкерлер биргелешип кайра оңолгус кылып талкалоого өтүштү. Бир карасаң кадимки шайлоо процесси, бирок ошонун өзү коомдук аң-сезимге (саясий маданиятка) урулган оор сокку болууда.

Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялар, келечекте элита болгусу келгендер, талапкерлер - ар кимиси денгээлине, дараметине жараша бул процесске сүңгүп киришти. Дымагы ай чапчыган алабармандар, ар качан күн тийген жердин күкүгү болгондор, шайлоо сайын партиясын көтөрө чаап саясий шоудан каниет алып каражат жасаган эпчилдер, иллюзияга берилип, жаштык максимализм менен карышкыр саясатчылардын азгырыгына алданып эки жагын элеңдей караган жаштар - кыскасы баары шайлоо айлампасында аралашты да калды. Ак менен кара, адал менен арам, чындык менен калп ылай менен саман жуурулушкандай кошулуп, арасында анда-санда жылт эткен чындыкты ажыратуу кыйын болуп, шайлоочу «койчу көп болсо койдун башы маң болот» дегендей абалга түштү.

Шайлоодо кайсы партиялар марага келери, алардын кайсылары демилгени колго алып коалиция түзүп өкмөттү курай турганы балким экинчи, үчүнчү маселе болуп турат. Башкы маселе - коомдун саясий маданиятынын көз алдыбызда ого бетер талкаланып жатканы.

Ырас, партиялык шайлоо, парламентаризм жакшы тилек, ниет менен киргизилген. Дүйнөдө бир катар өлкөлөр парламентаризмге өткөндөн кийин уруучулуктан, кландашуудан, коррупциядан, аскердик төңкөрүштөрдөн арылып оңолуп кеткен. Бизде болсо жыл өткөн сайын партиялар идеялардын, программалардын күрөшүн жүргүзбөй эле коммерциялашкан акционердик коомдорду элестеткен, олигархиялык-кландык шайкалардын ыплас куралына айланууда. Жаз айында эле жаралып өздөрүн либералдык партия катары жарыялаган КЛДП менен «Ата Мекен» социалисттик партиясы бириккенде саясий уюмдардагы идеологиялык принциптер жөнүндө сөз кылбай эле коюш керек экенине көзүбүз жетти. Андан мурун парламентте бийликтин партиясында эле жүргөн депутаттар, саясатчылар башка партиялардын маскасын тагынып чыга келди. Эң өкүнүчтүүсү - мурда да жалындуу ураандар менен бир-эки ирет парламентке барып бийликтин үч бутагын тең ээлеп, бирок өлкөдөгү абалды ушуга алып келгендер моралдык жоопкерчиликти сезип бул шайлоого барбай коё алган жок.

Эң алгач А.Акаевдин тушунда, тээ 2000-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына 15 орун партияларга берилгенде Ч.Айтматов баштаган «Демократиялык күчтөрдүн биримдиги» деп аталган беш-алты партияны камтыган саясий блок, «Менин өлкөм» (шаардыктардын партиясы), «Ата Мекен», Ооган согушунун ардагерлери партиясы, Кыргызстан аялдарынын партиясы, анан коммунисттер жеңип, 15 орунду бөлүп алышкан. Ошондо партиялардан шайланып келгендер күчтүү чыгып, коомдо партиялык шайлоого оң пикир калыптанган. Кийин К.Бакиевдин бийлигинин тушунда конституциялык өзгөрүүлөрдөн кийин парламент 100% партиялык система менен шайланып, парламент «Ак жол», КСДП, Кыргызстан коммунистер партияларынан куралган шайлоодо да идеялык принциптер аздыр-көптүр сакталган жана парламентке жөнөкөй мугалимдер, дарыгерлер, мектеп директорлору келген учурлар болгон. Анда ыплас технологиялардын ичинен жалаң гана административдик ресурс колдонулуп, капиталдын ролу бүгүнкүдөй болгон эмес.

Кийин, 2010-жылкы чоң саясий окуялардан кийин 2011-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Өмүрбек Текебаев айтмакчы партия чоң бизнеске айданды. Бирок негизги күрөш анда революционерлер менен реваншистердин ортосунда жүрүп, «Ата Журт», КСДП, «Ата Мекен», «Республика», «Ар-Намыс» болуп беш партия парламентке келген. Азыр ойлоп отурсам ал шайлоодо да азыркыга салыштырмалуу идеялардын, программалардын атаандаштыгы бир аз болуптур. Ал эми 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон баштап парламентаризм, партиялык система теңирден тескери жакка кете баштады десек болот. Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да салымы чоң.

Бийликчил жана бийликтин чачпагын көтөрүүгө даяр болгон олигархиялык-кландык партиялардын бүгүнкү ач күсөндөй аракети аң-сезимдүү шайлоочулардын кыжырын келтирип турат. Бир чети ал көпчүлүктүн муктаждыгына дал келип да турат жана «баарын акчага сатса, сатып алса болот» деген түшүнүктү коомдук аң-сезимге кыттай куюп жаткан кези. Эң өкүнүчтүүсү - ушул процесстер эртеңки келечек ээлери болгон жаштардын көз алдында, алардын түздөн-түз катышуусунда болуп жатат. Кыргызда таамай айтылган сөз бар, «уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» дейт. Жаштар эле эмес, 30дан өткөн, 40тын кырындагы биздин муун деле «көргөн-өскөнү жаман» муун болуп калыптандык. Союз тарагандан баштап бардык тармактар деградацияга учураган заман аң-сезимдүү курактан баштап биздин муундун көз алдында өттү.

Ал эми азыркы шайлоого келсек, парламентке олигархтардын басымдуу көпчүлүк менен келишине бийлик өзгөчө ынтызар. Себеби, алардын ар биринин артында ар кандай жолдор (адал, арам) менен топтогон байлыгы бар, шайлоодо каржылык чыгымын өздөрү көтөрөт жана алар байлыгынын тең жарымынан кол жууп калгысы келбейт. Демек, аларды 7-кабаттан каалагандай башкарууга, керек учурда чөгөлөтүүгө да болот.

Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - оппозициянын да жасалма болуп жатканы. Чыныгы оппозицияга окшоп жаткан үч партияны эске албаганда, өздөрүн калп эле оппозиция катары жарыялаган партиялар баратат. Бирок чыныгы оппозициялык көз карашка татыктуу деп ишенгиң келген үч партиянын деле аймактык босогодон өтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп турат. Демек чыныгы оппозиция парламентке келбей калчу коркунуч бар.

Учурда бийликчил жана акчалуу партиялардын үгүт жүргүзүүдө орой мыйзам бузушу, шайлоону базарга, Ормон опузага айланткан аракеттери канча айтылып, көрсөтүлүп жатса да эч нерсе өзгөргөн жок. Бул көрүнүштөрдү ошол эле БШК, башка расмий органдар көрмөксөнгө салып жатканы биздин бийликтин ашмалтай болуп калганынан кабар берет. Керек болсо аты сүрдүү Коопсуздук кенешинин жыйынын президент квартал сайын өткөзсө деле майнап чыкчудай түрү жок. Президент С.Жээнбеков: «Мени укпай билгенинерди кылып жатасыңар» деп сөөмөй кезеп кала берип жатат. Ошол эле учурда коррупциялашкан олигархиялык топ өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигин (андан ары аткаруу бийлигин) мына-мына басып алганы калса - кайда баратканыбыз белгилүү болуп калды.

Өлкөбүз шайлоого чейин криминалдык-мафиялык, олигархиялык-коррупциялашкан топтордун таасирине буга чейин жарым-жартылай кабылган болсо, шайлоодон кийин толук ошолордун барымтасында калуу коркунучу турат.

Мына ушундай шартта, азыркыдай саясий кырдаалда келерки парламенттен жакшылык күтүү балалык баёолук болуп калат. Ал эми бир эмес, эки революциядан үмүт-тилеги таш каап, быйылкы пандемиядан кийин каржалган калктын басымдуу бөлүгү «агитатор» макамына жамынып, көздү жуумп, ошолордун «эрежелери» менен шайлоо процессине бой урду. Ырас, шайлоо күнүмдүк нерседир, бирок улуттун саясий маданияты бир катар жылдарга оңолгус болуп бузулуп жатат. Буга партиялар, саясий топтор, бийлик эле эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз.

Чолпонбек Сыдыкбаев, cаясий илимдердин кандидаты, доцент

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG