Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Бийлик жемкорлукка каршы жаңыча күрөшөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда антикоррупциялык жаңы стратегия бекитилди. Документ он күн мурда Коопсуздук кеңешинде каралып, кабыл алынган эле. Жемкорлукту жок кылууну максат кылган башкы план алдыңкы төрт жылга багытталган.

Стратегиянын Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү ортологон учурда ишке кириши жана анын коррупцияга каршы күрөшү боюнча пикирлер бир кылка эмес.

Эки-үч жыл жазылган документ

«2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны» бекиткен жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда кол койду.

Быйыл май айында иштелип чыккан документ Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору Максат Оморов Коомдук телерадио корпорациясындагы (КТРК) атайын маегинде стратегия тууралуу буларды айтты.

Максат Оморов.
Максат Оморов.

«Бул стратегиянын мурдагылардан өзгөчөлүгү - коррупциянын кесепеттери менен күрөшүүдөн мурда, анын түпкү себептерин жоюуга багытталган. Жаңы стратегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын негизги принциптерин жана жоболорун өзүнө камтыйт. Жаңы стратегиянын ишке ашыруу санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлмөкчү»,-деди ал.

Антикоррупциялык мамлекеттик стратегиянын жаңы редакциясы 44 беттен, 11 бөлүмдөн турат.

Биринчи бөлүмдө документтин преамбуласы жазылса, экинчи бөлүмдө учурдагы коррупцияга байланыштуу кырдаал, себептери, аны менен күрөшүү чаралары, мыйзамдар, изилдөөлөр талданган. Кийинки баптарда стратегиянын принциптери, максаттары, багыттары, милдеттери жана эл аралык кызматташтык чаралары келтирилсе, соңку бөлүмдөрдө тобокелдиктер, механизмдер жана баалоо ыкмалары көрсөтүлгөн.

Дагы 17 беттен турган кошумча тиркемеде стратегияны ишке ашыруу боюнча пландар деталдаштырылган. Анда 82 иш-чара коюлган.

Коррупцияга каршы мамлекеттик жаңы стратегиянын мазмуну. Ворд версиясынын скриншоту.
Коррупцияга каршы мамлекеттик жаңы стратегиянын мазмуну. Ворд версиясынын скриншоту.

Документти иштеп чыгууга катышкан эксперт Искендер Шаршеевдин айтымында, стратегияда коррупциянын тамыры катары кайсы бир органдагы бийликтин, тагыраагы ыйгарым укуктардын чексиздиги жана айлык-маяналардын аздыгы деп табылган. Башкача айтканда мамлекет алдыңкы жылдары мына ушунун үстүнөн иштеши керек.

Мындан сырткары жаңы стратегияда «саясий коррупция» деген өзүнчө бөлүк кирди. Буга өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерде көп суммадагы акча каражаттын жүгүртүлүшү, айрым топтордун жана адамдардын мамлекеттик процесстерге тийгизип жаткан саясий таасири жана партиялардын киреше-чыгашасы тууралуу маалыматтын жабыктыгы сыяктуу көрүнүштөр кирери белгиленген.

Жаңы стратегияда Кыргызстандагы саясий жемкорлук тууралуу эл аралык антикоррупциялык уюмдар да айтып жатканы жана бул тууралуу изилдөөлөрү да бар экени жазылды.

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

«Мисалы, партиялык тизмелердеги орундардын сатылышын ачык билебиз да. Ким көп акча берсе, ошол тизменин башына коюлуп жатат, туурабы? Бул дагы «саясий коррупция». Анан шайлоодон кийин утуп келген партиялар өкмөттү курайт. Ошол процесстин жүрүшүндө квота бөлүштүрүшөт, анда кызматтарды кантип бөлүштүрүшөт, министрлик кызматтарды алганда, квотага акча менен киреби, же убада менен киреби, ушунун баары ошол түшүнүккө кирет. Мындан башка эл билген, укук коргоо органдары билген, бирок артында кайсы бир күчтөр турган нерселер бар. Өзү кайсы бир иштерге тиешеси бар, бирок артында бир айылы, тууган-туушкандары турат дейли, же кайсы саясий топтор турат, алар «буга тийбегиле» деп айтып коюшат. Мына ушундай көрүнүштөр да ушуга кошулуп, «саясий коррупция» деп бааланган. Стратегияда муну менен күрөшүү үчүн коомчулукка таянуу сыяктуу ыкмалар жана башка инструменттер каралган»,-деди Искендер Шаршеев.

Жаңы стратегияны иштеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырганын президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирген. Бирок «Азаттыкка» жеткен маалыматтарга ылайык, документ соңку эки-үч жылдан бери, башкача айтканда Жээнбеков өзү бийликке келгенден тартып жазылып келген.

Ошол эле кезде өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коом арасында стратегияны иштеп чыгууда адистердин кеңири чөйрөсүнүн сунуш-пикирлери эске алынган жок деген пикирлер арбын.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова кепке кошулду.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Бул стратегияны «жазып жатабыз» дегенден баштап эле, биз «документти коомчулукка бергиле, талкуу жүрсүн, ой-пикирлерди айталы» деп талап кылганбыз. «Макул» деп коюшуп, мына бекитилгенге чейин жарыялашкан жок. Сунуштарыбызды деле алышкан жок. «Эксперттер менен жаздык» дейт, алар кимдер экенин деле билген жокпуз. Ал жашыруун документ эмес, ачык коюп коюшса болмок. Башка жагдай, бул стратегияны кабыл алуудан мурда, баштагы стратегиядагы пландардын канчасы ишке ашты, кандай жыйынтыктар болду дегенди талкуулап алыш керек эле. Мурдагы стратегиянын ишке ашкан-ашпаганын билбесек, анда бул ишке ашарын кантип, эмне менен аныктамак элек».

Стратегия демекчи, анда жемкорлукка, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга, паракорлукка каршы күрөштү жана алардын алдын алуу боюнча жалпы мамлекеттик саясаттын багыты жазылган. Ал укук коргоо органдарына жана мамлекеттик кызматтарга орбитр катары кызмат кылат.​

Күрөштүн жемиши тууралуу кайчы ойлор көп

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ал бийликке келген 2017-2018-жылдан бери «коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат» деп байма-бай айтып келет. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы стратегия талкууланган соңку жыйынында мамлекет башчы бул жааттагы аракеттер күчөтүлөрүн маалымдаган.

«Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюлду. Ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашканы далилденсе эртеби-кечпи эң катуу жоопкерчиликке тартылат. Мамлекеттин, элдин эсебинен байыгысы келгендерди жазалоо бул – элдин талабы»,-деген президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрдагы жыйында.

Мамлекет башчы ал күнү 2018-жылдан бери коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 млрд. сомду түзгөнүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына беш млрд. 827 млн. сом өндүрүлгөндүгүн кабарлаган.

Прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 факты катталган. Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктап, сотко 965 гана иш өткөн.

Бул иштердин жыйынтыгы аз болуп жатканын айткан Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов коррупцияга каршы жаңы стратегиянын жемиш беришинен да күмөн санап жатат.

Мурадыл Мадеминов.
Мурадыл Мадеминов.

«Коррупция бул мамлекеттик казынага кол салып, элдин байлыгын уурдаган жердеги кылмыш. Биринчиден, 2017-жылы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишинин акыркы жылында коррупцияга каршы күрөштөн 8 млрд. сом акча түшкөн. Бул бир эле жылдагы көрсөткүч. А азыр үч жылдын жыйынтыгы бириктиргенде да ушуга жетпей жатат. Экинчиден, Ак үйдө, президенттин администрациясында, өкмөттө, токтомбу, жарлыкпы же стратегиябы, кыскасы канча документ кабыл алынбасын, анын жыйынтыгы болбосо алар кагаз бойдон кала берет. Үчүнчүдөн, азыр элдин бардыгы Кыргызстанда үй-бүлөлүк кландык режим орноду деп айтып жатышат. Мындай режимдер Акаевдин, Бакиевдин убагында да болгон. Ошол үй-бүлөлүк-кландык режим орноп турганда коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Мындай шартта стратегиядан майнап чыкпайт, «өз» жана «өзгө» деген девиз менен кете берет»,-деди эл өкүлү.

Коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу орто же узак мөөнөттүү мамлекеттик документти кабыл алуу маселеси алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда көтөрүлгөн. Маселе Коопсуздук кеңешинин 2003-жылдын март айындагы жыйынында талкууланып, стратегиянын негизи иштелип чыккан. Анда стратегия өзү кабыл алынган эмес, бирок коррупцияга каршы мыйзамдар иштей баштаган.

Өлкөдөгү биринчи төңкөрүштөн кийин, 2005-жылдын июнь айында президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик биринчи стратегияга кол койгон. Бакиев 2009-жылы документти «улуттук» деген макам менен экинчи жолу кабыл алган.

Андан кийин «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясы» аттуу документти төртүнчү президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 2-февралындагы (№26) жарлыгы менен бекиткен. Ошондон бери, жети-сегиз жыл ичинде анын жаңы редакциясы каралган эмес.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG