Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Ошто опуза менен 2,7 миллион сом талап кылган жаран кармалды


Кылмышка шектүү кармалган учурунда тартылган тасмадан алынган сүрөт.
Кылмышка шектүү кармалган учурунда тартылган тасмадан алынган сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 12-ноябрь күнү Ноокат районунун тургунунан 2,7 миллион сом талап кылган жаранды атайын белги коюлган 4800 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милицияга Ноокат районун тургуну Кара-Суу районунун тургуну «Кара-Таш» аттуу май куюучу жайы курула турган жер тилкесин өткөрүп берүүсүн же 2,7 миллион сом берүүсүн талап кылып жатканын айтып 26-сентябрда кайрылган.

Окуя Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 203-береси, 1-бөлүгү («Опузалап акча талап кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмышка шектүү Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда. (DU)

XS
SM
MD
LG