Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Кыргызстанда жыл башынан бери финансылык уюмдардын кирешеси көбөйдү


Кыргызстандын улуттук валютасы.
Кыргызстандын улуттук валютасы.

Кыргызстандагы финансылык уюмдар 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 41,2 млрд. сом киреше таап, 2019-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн 32% көбөйтүштү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Анда айтылгандай, октябрь-ноябрь айларынын эсеби чыга элек.

Маалыматка ылайык, бул Улуттук банктын, 23 коммерциялык банктын, 583 банктык эмес финансылык-насыялык уюмдардын жана 15 камсыздоо компаниялары бар. Мунун ичинен негизинен банк секторунун кирешеси арбыган.

Жыл башынан бери финансылык уюмдардын чыгашасы 29,2 млрд. сом деп көрсөтүлүп, ал дагы былтыркыга салыштырмалуу 16% өскөнү белгиленди.

Жалпы жонунан финансылык сектордогу мекемелердин 61% иши өзүн-өзү актаган, 20% чыгымга учураган.

Мурдараак Улуттук статистика комитети 2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 457 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4% төмөндөгөнүн кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG