Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Кайыңды шаарындагы металл заводдун ачылышы кийинкиге калтырылды


«Металл-Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводу.
«Металл-Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводу.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапарында Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводдун иши менен таанышты.

«Бүгүнкү күндө ишкана ачылууга толугу менен даяр, бирок коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аны ишке киргизүү кийинкиге калтырылды. Быйыл өндүрүштү ишке киргизүү пландалып, бирок COVID-19 пандемиясы өзгөртүүлөрдү киргизгенин билемин. Ишкана 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп ишенем. Кытай Эл Республикасынан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканыңыздардан кабарым бар. Кыргызстандын өкмөтү бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет», - деди Артем Новиков.

Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук өндүрүштүк циклге ээ жана арматуранын бардык түрлөрүн жана сапаттуу металл буюмдарын чыгарат.

Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдарды түзөт.

Заводдо 500гө жакын адам иштейт, анын ичинен 200дөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары. (ErN)

XS
SM
MD
LG