Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Талаш жараткан талапкерлик макамы


Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров. коллаж.
Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров. коллаж.

Башкы прокуратуранын "шайлоо алдында үгүт эрежесин бузду" деген доомат менен саясатчы Адахан Мадумаровдун үстүнөн БШКга кайрылганы кызуу талашка түштү.

Тараптар мөөнөтүнөн мурда үгүткө тыюу салган талап камтылган шайлоо мыйзамындагы «талапкер» жана «катталган талапкер» түшүнүгү боюнча талашып жатышат.

Бир тарабы жаран президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн тарта ага аталган мыйзамдын талаптары жайылтыла турганын айтса, экинчи тарабы анын катталган талапкерге гана тиешеси бар экенин жүйө келтирүүдө.

Адис-эксперттер маселени мыйзамдагы укуктук чалкештиктен улам келип чыккан талаш катары карап, буга БШК жана сот органы гана чекит коюп, мыйзамдык кемтикти толуктап, чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгилешти.

Прокурордук сунуштама

Башкы прокуратура президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчы Адахан Мадумаровдун 7-ноябрда Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү жөнүндө материалды кароону Борбордук шайлоо комиссиясына багыттаган.

Анда Адахан Мадумаровдун жолугушуусундагы тымызын үгүттүн элементтерин аныктоо үчүн 19-ноябрда Интернетке чыккан тасманы териштирип, шайлоо мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Дагы бир талапкер Имамидин Ташовдун журналисттер менен жолугушууда өзүнүн планын жарыялаганы тартылган тасма да БШКнын кароосуна жиберилген.

Бул видео материалдарды БШКнын жумушчу тобу кароого кабыл алды.

Мадумаров мыйзамды буздубу?

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамда талапкерликке көрсөтүлгөн күндөн баштап, аларды талапкер катары каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин ар кандай мүнөздөгү үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Анда талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктап, шайлоого бир күн калганга чейинки аралыкта гана үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө уруксат бериле турганы көрсөтүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамдагы бул талап президенттикке талапкерлигин көрсөткөн жарандардын иш-аракеттерине карата жайылтыла турганын минтип чечмеледи:

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жаран талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн баштап, талапкер деген макам алат. Анан кол топтоп, тиешелүү документтерин тапшырып, шайлоо күрөөсүн коюп, мыйзамдагы бардык талаптарды аткаргандан кийин БШК аны расмий түрдө талапкер катары каттайт. Анда ал катталган талапкер катары макамга ээ болот. Бирок бул жерде талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн баштап, ал кол топтоого уруксат алган талапкер болуп саналат. Анан ал шайлоого карата үгүткө байланыштуу жолугушууларды өткөрүүгө, өзүнө добуш чогултуу максатында чакырык, ураан таштап, билдирүүлөрдү жасабашы керек. Мыйзамдын тиешелүү талабы анын мындай иш-аракеттерин чектейт».

Адахан Мадумаров 30-октябрда өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин коё турганын жарыялаган.

Ал 7-ноябрда Москвадагы кыргызстандыктар менен жолугушууга катышкан. БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун шайлоо мыйзамын чечмелөөсүнө таянсак, Адахан Мадумаров президенттикке талапкерлигин көрсөткөн макамда. Ошондуктан Башкы көзөмөл органы мында шайлоо мыйзамынын талабынын бузулганына ишарат келтирген. Бул жерде шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталганга чейин ачык же тымызын үгүт жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдын талабы талапкерликке үмүткөргө карата колдонулабы же расмий түрдө катталган талапкерге каратабы деген талаш жаралды.

Мадумаровдун тарабы чечмелеген ченем

Бирок Адахан Мадумаровдун шайлоо штабы ага макул эмес. Мадумаровдун билдирүүсүндө эгерде анын Москвадагы жолугушуусу тымызын үгүт деп каралса, анда Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу макамын пайдалануу менен аймактарды кыдырганын дагы үгүт эрежесин бузуу катары териштирүү керек экени көрсөтүлгөн.

Мадумаровдун шайлоо штабынын башчысы Ишенбай Кадырбеков шайлоо мыйзамынын башкы глоссарийин жетекчиликке алып, талапкер деген макам ал катталганда гана ыйгарыларын айтып, бул тууралуу түшүндүрмө берди:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Шайлоо мыйзамынын глоссарийинде "талапкер" деп каттоодон өтүп, "катталган талапкерди" талапкер катары таануу керек деген түшүндүрмө жазылып турат. Ал эми жанагы президенттик шайлоого талапкер катары катышууга ниетин билдирүү бардык укук-милдеттерди алган талапкер болду дегендикке жатпайт. Анда талапкерликке ниетин билдирген жаран деп мыйзамда көрсөтүлүп турат. Анан каттоодон кийинки иш-аракеттерди караган беренелерде "катталган талапкер" деп берилип жатат. Ошондо бул макам талапкерлер каттоодон өткөндө гана, демек, азыркы биздин учурда 14-декабрга чейинки мөөнөттө каралат. Ошондуктан президенттин милдетин аткаруучу катары өткөндө Садыр Жапаровдун аймактарды кыдырганы жана Адахан Мадумаровдун Москвадагы жолугушууга катышкан учурларын талапкерлердин үгүтү катары кароого болбойт. Бирок биз "эгерде Мадумаров ал жолугушууга талапкер катары катышкан" деп карасаңар, "анда Жапаровдун аймактарды кыдырганын да ошентип карагыла" деген маселени көтөрүп жатабыз»​.​

Ал эми президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арыз берип, БШКга тиешелүү документтерин тапшырган.

Мыйзамдагы чалкештик

Шайлоо мыйзамынын 49-беренесинин экинчи бөлүмүндө президенттикке талапкер көрсөтүүнүн тартиби берилген. Анда өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип, арыз берүү же анын талапкерлигин көрсөткөн партиялык жыйындын чечими ага негиз боло турганы белгиленген.

Бирок мыйзамда президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип, арыз берген талапкерликке үмүткөр менен расмий катталган талапкердин макамынын ортосундагы айырмачылыктар жана аларга коюлчу талаптар даана көрсөтүлгөн эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов мына ушундай укуктук чалкештиктен улам, мыйзамдагы бул кемтик ар башкача чечмеленип жатканын айтты:

«​Биздин мыйзам чыгаруучулар мыйзамдарды мына ушинтип, соттордун колуна "ойноп" бере тургандай кемтик кылып, түшүнүксүз, туюк жылчыктарды калтырып салышкан. Биздин бул мыйзамда "шайлоо жарыяланган күндөн баштап, каттоо иши бүткөнгө чейин үгүт иштери жүргүзүлбөсүн" дейт. Бирок мыйзамдын мына ошол талабы кимдерге карата жана кандайча колдонулушу керектигин караган укуктук ченемдер аныкталбай калган. Бул жерде азыр эки тараптын тең мыйзамдын талабына таянып, айтып жаткан жүйөлөрү негиздүү. Ошондуктан маселени чечүү БШК мүчөлөрүнүн же болбосо соттун гана колунда турат. Алар кантип чечмелеп, кандай чечсе, ошондой болот»​.​


Быйыл 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү боюнча токтом кабыл алып, шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына дайындалган.

Ага катышууга башында алтымыштан ашуун жаран арыз берип, алардын арасынан учурда 47 си президенттикке талапкерлигин көрсөткөнү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG