Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Мадумаров кыргызстандыктарды супер-президенттик башкарууга каршы турууга чакырды


Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери.
Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери.

Президенттикке талапкер катары арыз тапшырган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоорун кескин сындаган кайрылуу таратты. Жазуу түрүндө анын кайрылуусу «Бийлик узурпациясына – жок, элге каршы Конституцияга – жок, адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушуна – жок» деп башталат.

Мадумаров өз кайрылуусунда алтынча чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын, бул парламент мыйзам долбоорун элге алып чыгууга укугу жок экенин белгилеп, 2021-жылдын 10-январына референдум дайындоого моралдык да, юридикалык да укугу жок экенин айтты.

Саясатчы Баш мыйзамдын долбоорун сунуш кылгандар бардык мыйзамдарды одоно бузуп жатканын белгилеген.

««Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесиндеги 3-бөлүмүнө ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн референдум жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөндөн бир айдан эрте эмес, үч айдан кеч мөөнөттө, депутаттардын көпчүлүк добушу (жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес) менен кабыл алынышы керек», деп айтылат кайрылууда.

Мадумаров 114-беренеге ылайык, азыркы Конституцияга өзгөртүү гана киргизүүгө мүмкүн экенин айтып, бул эреже улам жаңы келген бийликтин кайра-кайра Баш мыйзамды өзгөртүшүнөн коргош үчүн киргизилгенин айтат. Баш мыйзам мамлекеттик системадагы бардык мыйзамдардын фундаменти экенин белгилеп, ал кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына колдонулбашы керек экени айтылат.

Партия лидери Садыр Жапаровдун 114-беренеге каршы айткан пикирине жооп берип, Конституциянын айынан эмес коркок жана принципке турбаган депутаттар үчүн мурунку президенттер башаламан башкарууга барышканын жүйө кылган.

Саясатчы Баш мыйзамдын сунушталган жаңы долбоорунда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын теңме-тең бөлүштүрүү эмес, президенттин укуктарын абсолюттук кылып көбөйтүү сунушталып жатканын сындады. Муну менен катары президенттин эч кандай жоопкерчилиги каралбай калганын белгилеген. Ошондой эле Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүүдөгү мыйзам долбоорун бардык регламенттерди сактабастан коомдук талкууга алып чыкканына өзгөчө көңүл бурган.

Ал Жапаровдун Баш мыйзамдын долбоору боюнча сын айткан тараптарга кескин жооп берип жатканын мамлекетти башкарам деп жаткан адамдын сапатына туура келбей турганын белгиледи. Мадумаров алар жөн гана сындабастан кеңешчи орган түзүүнү, коомчулукта терең талкуулангандан кийин гана мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына киргизилиш керек экенин сунуш кылып жатканын айтты.

Партия лидери Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолукканын эске салып, анда уюм конституциялык реформаларды гендердик, улуттук кызыкчылык жана майыптардын кызыкчылыгы корголгон шартта колдоого аларын айтканын билдирди. Ал эми сунушталып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда парламентке шайланууда пропорционалдык системадан баш тартуу бар экенин айтып, мында жогорудагы айтылган өкүлдөр эске алынбай каларын билдирди. Мадумаров бул долбоордо президент бардык бийликти бир колго топтоп алат деп эсептейт. Саясатчы кыргызстандыктарды супер президенттик башкарууга каршы турууга чакырды.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү», деп белгилеген.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Бул долбоор жарыяланары менен бир катар жарандык коом өкүлдөрүнүн, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG