Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

Кыргыз өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу өзбек өкмөт башчысынын орун басары менен сүйлөштү


Артем Новиков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Новиков Умурзаков менен мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өндүрүш чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду түзүү, логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык аймагын куруу маселесин талкуулады.

Новиков Өзбекстанга коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тарап 2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун өткөрүү боюнча макулдашты. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG