Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Экс-президент Отунбаева жаңы бийликти эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга чакырды


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан жыйында Баш мыйзамдын жаңы сунушталып жаткан долбоору боюнча пикирин айтып жатып, бийликти эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга чакырды. Отунбаева учурда эл аралык коомчулук Кыргызстанга көз салып жатканына эскертип, алардын колдоосунан кур жалак калуу коркунучу бар экенин белгиледи.

«Садыр Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет. Кыргызстандын бюджети эң жакшы дегенде 2 млрд. долларды түзөт. Анын 20% чейинкиси жөн гана сырттан келген гранттык жардам. Азыр ансыз да казынабыз тешилип турганда бизге баары сыртын салып коюу тобокелчилигине барып жатабыз», - деди Отунбаева.

Ошондой эле Отунбаева өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган» деген сынына жооп берди.

«Мен мырза Садыр Жапаровдун «2010-жылы жазылган Конституция бир адамдын жана бир ууч топ үчүн жазылган» деген сөзүн жакшы түшүнгөн жокмун. Баарыбыздын эсибизден чыгып кете элек. Эл аралык баа берилгенин баары жакшы билет. Ал айтылган чындыкка дал келбейт. Мен азыркы бийликти чакырып кетем. Эмнеге ушундай билимдүү, акылдуу коомчулукка таянса болбойт», - деди экс-президент.

Бишкекте 20-ноябрда Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликти узурпациялоого каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өтүп жатат.

Ага экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов, парламенттин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов, депутат Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп белгилеген. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG