Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстандыктардын англис тилин билүү деңгээли эл аралык рейтингде начар көрсөткүч алды


Англис тилин билүү деңгээлин аныктаган эл аралык рейтингде Кыргызстан 96-орунду алды.

«EF English Proficiency Index-2020» деп аталган рейтингди чыгарыш үчүн 100 мамлекет изилденип, 18 жаштан ашкан 2,2 киши тест тапшырган. Калктын англис тилин билүүнүн беш даражасы аныкталган - «эң жогорку», «жогорку», «орто», «төмөн», «өтө төмөн».

Кыргызстан англис тилин «өтө төмөн» өздөштүргөн мамлекеттердин катарында.

Эли англис тилин эң мыкты билген өлкөлөрдүн башкы беш сабында Нидерланд, Дания, Финляндия, Швеция, Норвегия турат. Акыркы беш сапта Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Оман, Ирак жана Тажикстан.

Өзбекстандыктардын, казакстандыктардын, ооганстандыктардын тил билүү деңгээли кыргызстандыктарга караганда дурус экени көрсөтүлгөн.

«Education First» уюму өткөргөн изилдөөнүн тыянагында дүйнөдө көп мамлекеттерде англис тилин билүүнүн орточо көрсөткүчү өсүп баратканы белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG