Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Конституциялык реформа: Тараптардын тиреши


Кыргызстандын Конституциясы.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешменин курамына дагы он киши кошулду. Ушуну менен анын мүчөлөрүнүн саны 100 адамга чукулдады.

Ошол эле учурда Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон бир катар саясатчылар, юристтер жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү сөз болуп жаткан кеңешмени тааный элек. Алар кеңешменин иши мыйзамсыз экенин айтып, коомдук келишимге ээ болбогон Баш мыйзам көпкө иштебесин эскертишүүдө.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 25-ноябрдагы токтому менен парламент депутаты Канат Керезбеков конституциялык кеңешменин курамынан чыгарылды.

Ушул эле күнү кайра он киши кеңешменин курамына киргизилди. Алардын арасында юристтер, эксперттер жана Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов менен конституциялык реформаны колдоп жаткан жазуучу Чолпонбек Абыкеев бар.

Конституциялык кеңешме 20-ноябрда түзүлүп, ага илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер болуп баш-аягы 89 киши киргени кабарланган. Сөз болуп жаткан кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулай баштаганына бир жумага жакындап калды.

Бирок жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, саясатчылар кеңешменин өзү жана ал кабыл алган чечимдер мыйзамсыз деп билдиришүүдө. Ал эми Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев сын-пикир айткан тараптарды да кеңешмеге чакырды:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Конституция коомдук өтө чоң саясий документ болгондон кийин сөзсүз ар кандай пикирлер айтылат. Ошого да пикирибизди билдирбесек болбойт. Ушул иш-чараны колдогондор бар, долбоорду сындагандар бар. Биздин долбоорду сындагандарды да угалы. Эшигибиз ачык, келип оюңарды айтыңыздар. Сыртка туруп алып куру кыйкыргандын кереги жок. Сунуш бериңиздер».

Бекбосун Бөрүбашев конституциялык реформаны сындаган экс-президент Роза Отунбаевага, депутаттар Өмүрбек Текебаевге, Каныбек Иманалиевге, Дастан Бекешевге жана юрист Сания Токтагазиевага кайрылып, долбоорго сунуш берүүнү үндөдү. Бирок кеңешмеге мүчө кылып кошууга президенттин милдетин аткаруучунун гана укугу бар экенин айтты.


Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов кеңешменин ишине сын айткандарга минтип кайрылды:

«Кеңешмеге кирбей калып, таарынып жаткандарга айтат элем. Мен иштегенден бери белгилүү Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев мага күнүнө эки жолу жарым сааттан телефон чалып кеңешин берип атат. Ал гана эмес, кагаз түрүндө сунуш берди. Эмне үчүн ушинтип иштесе болбойт?».

Дегеле конституциялык кеңешме түзүлгөндөн бери анын иши сындан арыла элек. Кыргызстандын юристтер коому конституциялык кеңешме чакырып, анын курамын бекиткен жарлыкты Баш мыйзамга жана эл аралык укукка каршы келет деп жыйынтык чыгарган.

Анын курамы бир жактуу көз караштагы адистерден куралып калганы боюнча да маселе көтөрүлдү. Айрыкча кеңешмеге буга чейин президенттик бийликти күчөтүүгө салым кошкон адамдардын кирип калганы сынга алынып жатат.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева конституциялык кеңешме башынан эле мыйзамсыз түзүлгөн деп эсептейт. Анын сөзүнө караганда, президенттин милдетин аткаруучу Баш мыйзамды өзгөртүү жараянына кийлигише албайт. Андыктан анын кеңешме түзүү жөнүндө жарлыгы да мыйзамсыз. Ошондой эле юристтин түшүндүрүүсүндө, биринчи кеңешме түзүлүп анан ал Конституциянын жаңы долбоорун жазышы керек. Кыргызстанда болсо тескерисинче буга чейин даяр турган кеңешме долбоорду талкуулап жатат.

«Бул Конституциялык кеңешме эмес. Бизге окшогон гана профессионалдык топ. Бир жамаат. Анын жыйынын КТРК түз эфирде берип, мамлекеттик деңгээлге алып чыгышканы мыйзамды бузуу. Бул кылмыш».

Буга чейин конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева конституциялык кеңешмеге мүчө болуудан баш тарткан. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да кеңешмеге кирүүнүн мааниси жок деген көз карашты кармангандардын бири:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Ооба, негизи сүйлөшүш керек. Биз сөзгө келбей туруп алсак да туура эмес. Бирок алар биздин сунуштарды жөн гана угуп койбостон, бир чечим кабыл ала алабы? Маселе ушунда. Ошондуктан мен кеңешмеге мүчө болуудан баш тарттым. Себеби, барып сунуштарды айтасың, аны угушат. Андан жыйынтык чыгабы? Кийин «биз алардын оюн уктук. Көпчүлүк колдогон жок» деп коюшат».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. Демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Башында Конституциянын жаңы долбоору 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен чогуу референдумга чыгарылары айтылган. Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров акыркы интервьюсында 10-январда элдин алдына «президенттик же парламенттик башкарууну колдойсузбу?» деген эки гана суроону коюуну сунуштады. Ал эми долбоорду шашпай талкуулай бериш керек деп эсептейт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев азыркы долбоордо бардык тараптардын пикири эске алынбаганын айтып, мындай Конституция көпкө иштебесин эскертип жатат:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Бул Конституциянын тагдыры начар болот. Биз андай окуялардын далайын көргөнбүз. Курманбек Бакиевдин тушунда чабышып жатып кабыл алынган Конституция бир айдан кийин өзгөртүлгөн. Азыр да так эле ошол кайталанат. Укуктук талаадан чыгып, мыйзам бузуу менен кетип баратканыбызды баары эле түшүнүп турат. Эртеби-кечпи кабыл алынган чечимдер өзгөртүлүп, мыйзамдын чегинде иштер болот. Конституция – биздин жашоо-турмушубуздун мыйзамы. Ал жарандардын бардыгынын оюн эске алуу менен жазылышы керек. Баш мыйзам деген – коомдук келишим да. Бир ууч топ бийликти күч менен басып алып, өз оюн таңуулаган туура эмес».

Конституцияны өзгөртүүгө каршы болуп жаткан саясатчылар, эксперттер менен жарандык коомдун бир бөлүгү долбоорду өлкөнү туңгуюкка түртө турган мыйзам катары баалашып, кайра артка кайтарууну талап кылышууда.

Жарыяланган долбоордо президенттин укуктары кеңейип, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилери, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG