Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

«Баш мыйзамдын жаңы долбоору - өлкөгө каршы диверсиялык кадам»


Аскат Дукенбаев

АКШда илимий иш менен алектенип жаткан саясат таануу илиминин доктору Аскат Дукенбаев "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыгына жана президенттик башкаруунун кооптуу жагдайларына токтолду.

- Кыргызстандын жаңы бийлиги Конституциянын жаңы долбоору деген документти таратты. Сиз ал документ менен тааныштыңызбы? Кандай таасир калтырды?

90 депутаттан турган парламентти ары-бери ойнотконго жеңил болот. Президентке эки мөөнөткө шайланып, бийликте 10 жыл калуусуна жол ачат. Биз андан өтпөдүк беле?!

- Коомчулуктун талкуусуна коюлган документти кунт коюп карап чыктым. Аны даярдагандар балким билип-билбей Кыргыз Республикасына, анын демократиялык жетишкендиктерине каршы диверсиялык кадам жасап жатат деген ойдо калдым. Аны ким даярдаса да саясий жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп ойлойм. Анткени демократиялык процесстер бийликти коррупциядан тазалоого мүмкүнчүлүк берет, акылга таянган мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт, анын ичинде экономикалык өнүгүүгө жол ачат. Элдин эң мыкты уул-кызын тарбиялап, жаңы муундагы лидерлерди калыптандырууга өбөлгө болот.

Биринчиден, долбоордун текстиндеги бир катар грамматикалык каталарды эске албаганда, бийлик түзүмү Кыргызстанда бир кишинин диктатурасына жол чабары көрүнүп турат. Мисалы, адегенде парламентти жана сот органдарын күчтөндүрбөй туруп, президент өз бийлигин бекемдейт экен. 90 депутаттан турган парламентти ары-бери ойнотконго жеңил болот. Президентке эки мөөнөткө шайланып, бийликте 10 жыл калуусуна жол ачат. Биз андан өтпөдүк беле?! Ал эмнеге алып келгенин эстен чыгардыкпы? Бул мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигин 15 жылга чейин узартып, анын үй-бүлөсү, жакындары эмне кылганын унуттукпу?

Экинчиден, көмүскөдө ким жазганы белгисиз долбоорду, Жогорку Кеңештин 80 депутаты жактырып, коомчулукка алып чыкты. Бул документтин сапатсыз даярдалганы гана эмес, саясий “элитанын” кылмышка тете жоопкерсиздигин дагы бир жолу элге көрсөттү.

Бул Жогорку Кеңештин чакырылышынын көпчүлүк депутаттары ар-намысын же саясий кадыр-баркын ойлоп деле койбойт. Мына азыр да алар, адаттагыдай, президенттин администрациясынын айтканын кылып, бүтүндөй өлкөнү, улутту сөзгө калтырып, Кыргызстанды дүйнөгө уят кылып жатат.

Үчүнчүдөн, Конституцияны өзгөртүү мыйзам бузуу менен өтө чукул кабыл алынып жатат. Мурдагы президент, кийин диктаторго айланган Курманбек Бакиевдин тушунда Баш мыйзамды төрт ай талкуулап анан өзгөртүшкөн. Азыр эмне мынча шашылыш болуп жатат?

Өлкөнүн негизги юридикалык мыйзамы - коомчулук менен бийликтин ортосундагы келишимди кантип ушинтип кабыл алсын? Президенттер негизги мыйзамды бузгандыктан, үч жолу аларды кууп кетирдик, бирөөнү түрмөгө отургуздук. Эми 10-январда шайлоодо жеңип келе турганына да долбоордун авторлору ор казып жатабы?

Президенттерибиз өз бийлигинен аша чаап пайдаланганда, биздин мекендештер күрөшкө аттанып, өз өмүрүн бербеди беле? 2002-жылы Аксыда, 2005, 2010-жылкы, жакында эле октябрда болгон окуяларды унуттукпу? Азыр сунушталып жаткан долбоор күчкө салып өткөрүлсө, келечекте эмне болорун элестетип көрдүңөрбү? Өлкөдө дагы тополоң-тоздун болушун ким каалайт?

Эмне үчүн конституциялык референдумду сөзсүз президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү керек? Оппозициялык талапкерлерге бут тосуу же шайлоого даярданууга мүмкүнчүлүк бербей коюу үчүнбү? Мына ушундай туура эмес иштерге 14-ноябрга чейин президенттин милдетин аткарган, эми өлкөдөгү эң башкы мамлекеттик кызматка талапкер болгон Садыр Жапаров мырза бирде көз жумса, бирде активдүү катышып жатпайбы? Ал киши азыр президент болуп шайлана электе эле жеке адамдын бийлигине жол чаап баратпайбы.

- Кыргызстанда президент аткаруучу бийлигин өз колуна алып, өкмөттү да башкарат экен. Супер-президенттик башкаруунун эмне артыкчылыгы бар?

Кана, кайсы президенттин тушунда Кыргызстан өсүп-өнүккөн өлкөгө айланды деп айта алабыз? Ошол эле маалда, күчтүү парламенттик партиялары бар Европадагы мурдагы социалисттик блокко кирген өлкөлөр менен бизге жакын Монголия кандай алдыга кетти!

- Кыргызстан сыяктуу бир саясий системадан башка системага өтүп жаткан транзиттик өлкөдө президенттик башкаруунун кооптуу жактары тууралуу бир топ саясат таануучулар, анын ичинде постсоветтик чөлкөмдү жакшы билгендер эбактан бери эле айтып жүрүшөт.

Ал эми Кыргызстандын эли муну китептерден эмес, өзүнүн кайгылуу тажрыйбасы аркылуу жакшы билет. Кана, кайсы президенттин тушунда Кыргызстан өсүп-өнүккөн өлкөгө айланды деп айта алабыз? Ошол эле маалда, күчтүү парламенттик партиялары бар Европадагы мурдагы социалисттик блокко кирген өлкөлөр менен бизге жакын Монголия кандай алдыга кетти!

Конституциялык референдумду жактагандар, Садыр Жапаровдон «жакшы жана боорукер» президент чыгат деп эмнеге таянып, мынчалык ишенип турасыңар? Ал асмандан түшкөн периштеби? Президенттик чексиз бийликтин кумарына азгырылбайт деп ким кепилдик бере алат? Санап отурсак, мындай суроолордун учу көрүнбөйт.

- АКШда президент аткаруу бийлигинин башчысы, Кыргызстанда да ошол моделди киргизебиз деген жүйө айтылууда. Кошмо Штаттардын башкаруу системасына окшош форманы Кыргызстанда түзсө болобу?

- Дүйнөдөгү диктаторлор АКШдагы күчтүү президенттик бийликти өз өлкөлөрүн башкаруунун модели катары көрсөткөндө бурмалап, элге бул өлкөлөрдөгү бийликтин бөлүнүшүн толук айтышпайт. Көп учурда диктаторлорго айланган президенттер Францияны да мисал кылып жүрүшөт. АКШда, Францияда президент гана эмес, Конгресс/парламент жана Жогорку сот да күчтүү. Бул өлкөлөрдө сот бийлиги көз карандысыз, өз алдынча жергиликтүү башкаруу, калыптанган саясий партиялар, бирикмелер жана бекем саясий оппозиция, жарандык бейөкмөт уюмдар, маалымат каражаттары, күчтүү ишкердик чөйрө, мыйзамга таянып гана иштеген укук коргоо органдары, мамлекеттик кызматкерлерден турган система бар. Бул система Кыргызстандагыдай болуп президенттин же тыштан келген таасирдүү топтун көрсөтмөсүнө баш ийбейт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстанга президенттин жана анын айланасындагылардын жоопкерсиздигине, бийлик вертикалын күчтөп, жемкорлукка батырбаш үчүн кармап туруу жана тең салмактуулук (система сдержек и балансов деген) системасы болушу керек. Бул деген күчтүү парламент, көз карандысыз сот бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, саясий партиялар, күчтүү ишкерлердин катмары, күчтүү жарандык коомду түшүндүрөт.

- Сиздей саясат таануучулар АКШнын сот системасы дүйнөгө үлгү экенин белгилеп келесиңер. Кыргызстанда соттун көз карандысыздыгын, мыйзам үстөмдүгүн кантип камсыздоого болот?

Бийликтин тапшырмасын аткарган сотторду кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Соттор корпусунун өздөрүнө ишенимди жоготкон мүчөлөрүн люстрациялоо зарыл.

- Дүйнөдөгү алдыңкы жана экономикалык өнүккөн мамлекеттер президент, өкмөт жана парламент менен катар турган көз карандысыз жана күчтүү сот системасын түптөшкөн. Анткени, эл менен бийликтин, күчтүү менен алсыздын, экономикалык алакаларды жүргүзүүдө адилеттүү система түзүлмөйүнчө, коомдо, мамлекетте тартип жана туруктуулук орнобой турганына ынанышкан. Биз муну Кыргызстандын соңку 100 жылдык тарыхынан эле билсек болот.

Адилеттик моралдык жана нравалык идеяларга гана негизделбестен, башкаруучулар менен карапайым кишилердин ортосундагы юридикалык документтерде жазылып, такталган мыйзамдардын сакталышына таянат. Мамлекеттеги социалдык, маданий, диний жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабай, бардык жарандар мыйзамга баш ийет. Мына ушундан мыйзамдын коргоочусу жана аткаруучусу - соттордун жана сот бийлигинин фундаменталдык ролу келип чыгат. Андыктан өнүккөн өлкөлөр сот системасынын өз алдынчалуулугун көздүн карегиндей сакташат.

Мына азыр Америка Кошмо Штаттарын эле алсак, бул жерде Жогорку соту өлкөнү атургай президент Трамптан коргоп жатпайбы. Мисалы, Америкада соттор мыйзамсыз жүргөн мигранттардын балдарынын укугун коргойт, аларды болсо Трамп депортациялансын деген. Ушу тапта Кошмо Штаттарда Трамптын каршылыгына карабай, соттор бийликтин жаңы шайланган президентке өтүү жараянын камсыздап жатышат.

Ал эми Кыргызстандагы чабал, көз каранды соттор тартип жана адилеттикти садага чаап, бийликтин айтканын кылат. Биз президенттердин бийликти кандай узурпациялаганын Кыргызстандын да жана ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн, башка постсоветтик мамелекеттердин мисалынан да көрүп жатпайбызбы.

Эми, Кыргызстанда күчтүү сот бийлигин кантип түзөбүз? Жолдору көп, эң башкысы бийликтин тапшырмасын аткарган сотторду кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Соттор корпусунун өздөрүнө ишенимди жоготкон мүчөлөрүн люстрациялоо зарыл. Тыкыр жана кесиптик даярдыктан, сынактан өткөн адистер менен жаңылоо керек. Жер-жерлерде татыктуу сотторду шайлоо укугун элдин өзүнө берип көрсө да болот. Ошондой эле ак ниет, өз ишин мыкты аткарган сотторго социалдык коргоо системасын жакшыртуу кажет.

- Кыргызстанда көп партиялуу система өзүн актаган жок, кайра бир мандаттуу шайлоо системасын киргизип, аралаш система түзөбүз деген да сунуш бар. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Бир мандатуу система жалпы улуттук саясий мейкиндикти түзүүгө катуу сокку урат. Соңку жылдары гана түптөлө баштаган перспективдүү жана прогрессивдүү, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясий партиялардын мүчөлөрү, алардын арасында элге таанымалдары деле Жогорку Кеңешке өз алдынча өтүп келе албайт.

- Садыр Жапаров мырза Жогорку Кеңешке шайлоо жөнүндө жаңыртылган мыйзамга кол койду. Анда партиялар үчүн шайлоо босогосу 3% ылдыйлап, күрөөгө коюлчу акчанын суммасы азайды. Андыктан, Конституцияны мынчалык шашылыш бөлүп-жарып, каякка баратабыз деген суроону койгум келет. Биз буга чейин 1995-жылы жана 2005-жылы бир мандаттуу шайлоо округдары оппозициялык жана бийликчил талапкерлердин ортосунда майдан талаасына айланып, регионалдык бөлүнүүнү күчөтүп, жалпы өлкөдө кооптуу жагдай жаралганына күбө болбодук беле.

Бир мандатуу система жалпы улуттук саясий мейкиндикти түзүүгө катуу сокку урат. Соңку жылдары гана түптөлө баштаган перспективдүү жана прогрессивдүү, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясий партиялардын мүчөлөрү, алардын арасында элге таанымалдары деле Жогорку Кеңешке өз алдынча өтүп келе албайт. Жер-жерлерде аларга «капчыгы калың» азаматтар атаандаш болуп чыгары шексиз.

Андыктан шайлоо жана конституциялык реформаларга жазында параламенттик шайлоону партиялык тизме менен өткөрүп, алды-артыбыздын баарын ойлонуп туруп кайрылсак эмнеге болбосун?

Ушу тапта Конституцияны шаша-буша өзгөртүү ордуна элдин турмушу үчүн зарыл жана маанилүү маселелерге көңүл бурбайлыбы. Коронавирустун экинчи толкуну, кыштан кантип чыгабыз, андан аркы жазында болчу экономикалык каатчылыктын кандай болору белгисиз.

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу, сот реформасын өткөрүү, коррупцияга күрөштү күчөтүү, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, ишкерлик чөйрөдөн административдик тоскоолдуктарды алып салып, элдин жашоосун жеңилдетүү деген орчундуу маселелер турбайбы. Муну ойлогон мамлекетчил киши барбы өлкөдө?

Автору жок, катасы көп Конституциянын долбоору
please wait

No media source currently available

0:00 1:08:51 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG