Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Юристтер парламент кабыл алган мыйзамдардан күмөн саноодо


Парламент спикери Талант Мамытов.
Парламент спикери Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мыйзамдуу мөөнөтү 28-октябрда аяктагандыктан парламентте бул датадан кийин кабыл алынып жаткан мыйзамдар жана башка чечимдер келечекте талаш жаратып, териштирүүгө негиз болушу ыктымал.

16-ноябрда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, 28-октябрдан кийинки чечимдердин юридикалык күчү жок экенин эскертти.

Ошону менен катар кайрылууда жарандар мамлекеттик башкарууга, чечимдерди кабыл алууга катышуу укугуна Конституция менен кепилдик берилгенине карабастан мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап турганы, ондогон мыйзамдар коомдук талкууга коюлбастан, мыйзамда көрсөтүлгөн шартта жана мөөнөттө каралбай кабыл алынып жатканы айтылды.

Буга депутат Дастан Бекешевдин «28-октябрда парламент мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алды» деген билдирүүсү далил экени, демократиялык коомдо мыйзамдарды коомчулукту кабардар кылбастан жана анын пикирин эске албастан кабыл алууга жол берилбей турганы белгиленди.

«Адилет» клиникасы Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбоорлорун талкуулоодо жана аларды кабыл алууда белгиленген тартипти сактоого чакырды.

Бирок Жогорку Кеңеш бул дооматка макул эмес. Парламенттин басма сөз кызматы мыйзамдарды жылдыруу өз убагында, регламенттин чегинде коомчулукка маалымдалып жатканы тууралуу 17-ноябрда билдирүү таратты.

«Эл өкүлдөрү тараптан демилгеленген жана парламентте биринчи-экинчи окууда кабыл алынган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңештин расмий сайтында бир ай алдын жайгаштырылып жатат. Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору парламенттин сайтынын тиешелүү бөлүмүнө үч-төрт ай мурда коюлган. Депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу жарандарга маалымат жеткирүү үчүн kenesh.kg сайтынын жаңылыктар бөлүгү улам жаңыланууда. ЖМК менен байланыш, олтурумдарга журналисттерди аккредитациялоо, аудиовидео материалдарды даярдоо жанан таратуу мурдагыдай режимде алып барылууда», - деп айтылат бөлүм тараткан билдирмеде.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү 28-октябрда аяктамак. 4-октябрда жетинчи чакырылышка шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан мурдагы депутаттар азыр ишин улантууда. Кийинки шайлоо качан болору азыр белгисиз.

Мындан улам парламенттин ишмердигинен күмөн санагандар кыргыз коомчулугунда арбын. Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин 28-октябрдан кийинки ишмердигин жана чечимдерин тааныбай турганын билдирген.

« "Элдин талабы" деп канчалык кыйкырышпасын, жарлык менен да, мыйзам менен да парламент ишин улантууга акысы жок. Эч бир өлкөнүн Кыргызстанда азыр бийликтемин деп отургандарды тааныбаганы буга ачыктан ачык далил», - деген ал 7-ноябрда Москвадагы мигранттар менен жолугуп жатып.

Мадумаров бийлик конституциялык реформа жүргүзүүдөн мурда 20-декабрда парламенттик, андан соң президенттик шайлоону өткөрүшү керектигин белгилеген.

Шайлоо: Мадумаровдун талабы, Жапаровдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

22-октябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык депутаттар парламенттин мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узарткан. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин «өмүрүн» узартып алышын мыйзамдуу деп эсептейт.

«Бизде эле эмес, дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүнүн Конституциясында «бийликтин боштугу болбосун» деген принцип кабыл алынган, - деп түшүндүрдү ал. - Жаңысы келгенде мурункусу кетет. Өкмөт кызматтан кетсе да жаңысы келгенче эскиси иштеп турат. Эгерде парламенттик шайлоо кандайдыр бир себептер менен мөөнөтүнөн мурун өтүп калса мурунку парламент эрте кетет. Мүмкүн кеч өтүп калса Жогорку Кеңеш жаңы парламент келгиче иштейт».

Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүндө «Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат» деп белгиленген. Баш мыйзамдын 71-беренесинин 3-бөлүгүндө «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат» деп жазылган.

Ушул жерде кайчы пикирлер жаралды. Анткени, «VI чакырылыштагы парламент ишин жыйынтыкташ керек» деген да, «ишин улантышы зарыл» деген да тараптар ушул эки беренеге таянып жатышат.

Ал эми парламенттин VI чакырылышына 2015-жылы 4-октябрда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 15-октябрда шайлоону өттү деп таап, алты партия Жогорку Кеңешке келген. Ошол жылдын 28-октябрында VI чакырылыштагы парламент алгачкы жыйналышын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

«Азыркы парламент келерки жылдын жарымына чейин иштеши керек» дегендердин бири - «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

«Ооба, биз беш жылга шайланганбыз, - деди ал. - Азыркы кырдаалга жараша айлык албай иштейбиз, ыйгарым укуктарыбыз жаңы парламент шайланганда токтойт. Мисалы, футбол болуп жатат. Оюндун жыйынтыгын чыгарганга 90 мүнөт жетпей калды. Оюн бүтүш үчүн ага кошумча убакыт берилет да. Бирок ошол эле футболдун эрежесинде «оюн 90 мүнөт болот» деп жазылган. Ошондуктан, биз бийликте боштук болуп калбаш үчүн жаңы парламент келгенге чейин иштешибиз керек».

Буга чейин жергиликтүү юристтер жыйын өткөрүп, парламенттин мөөнөтүн узартып алышын Конституцияга каршы келет деп табышкан. Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов да ушундай пикирде. Ал VI чакырылыштын депутаттарынын мындан ары кабыл алган мыйзамдары менен чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес деген ойдо:

«Конституцияда «Жогорку Кеңеш пропорциялык система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат» деп так жазылып турат. Бул императивдик норма. Муну логикалык жактан, юридикалык жактан чечмелесең да беш жыл деген мөөнөт так жазылып турат. Депутаттар эле эмес, башка кызмат адамдары да белгилүү бир мөөнөткө шайланып жатпайбы. Ал мөөнөт бүткөндөн кийин кызматын тапшырат. Мисалы, мен сот болуп иштегем. Соттор да белгилүү бир убакытка чейин шайланат, ал бүткөндө кызматтан кетет. Процессуалдык мыйзамда гана бир артыкчылык бар. Ал сот бир ишти өндүрүшкө алып карап жатканда мөөнөтү бүтсө ошол ишти жыйынтыктап коюп кызматтан кетет».

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган. Ал президенттикке талапкерлигин койгону үчүн кызматын 14-ноябрда тапшырды.

Ал эми мурдагы спикери Дастан Жумабеков арызын жазып кеткенден кийин парламенттин спикери үч жолу алмашкан. Адеп Мыктыбек Абдылдаев, анан Канат Исаев дайындалган. Көп өтпөй анын ордун депутат Талант Мамытов ээледи.

Учурда Садыр Жапаров президенттикке аттанганы үчүн мыйзамга ылайык анын милдетин парламент спикери Талант Мамытов аркалап жатат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

XS
SM
MD
LG