Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Депутат Бекешев: Парламент бийликтин нотариусу болуп калды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Бийликтин бардык каалоолорун мыйзамдаштырып берип, Жогорку Кеңеш анын нотариусу болуп алдык. Парламенттик шайлоого акча жок, ал эми президенттик шайлоого акча табылат». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 22-октябрдагы сессияда билдирди. Депутат Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун сынга алып, ага «каршы» добушун берди.

Дагы бир депутат Аида Касымалиева «өлкө тагдырын чечүүчү мыйзам кабыл алынып жаткан соң, ага терең ойлонуп добуш берүүгө» чакырды. Касымалиева парламенттик шайлоо кийин өтө турган болсо Жогорку Кеңештин депутаттарын айлык акы албай иштөөгө үндөдү.

Мыйзам демилгечилеринин бири Акылбек Жапаров депутаттарга маалымат берип, алтынчы чакырылыштагы депутаттар жаңы жылдан тартып, кийинки парламент шайланып келгенге чейин айлык акы албай иштей турганын тастыктады.

Добуш берүү ачык жүрүп, 84 депутаттын 83 добушу менен мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 22-октябрда келип түшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG