Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Укук коргоочу Камил Рузиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Укук коргоочу Камил Рузиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Укук коргоочунун адвокаты Чынара Жакупбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Камил Рузиевдин бөгөт чарасы Каракол шаарынан эч жакка чыкпоо шартынан чакырганда келүү шартына алмаштырылды:

«Мындай чечимди бүгүн, 22-октябрь күнү Каракол шаардык соту чыгарды. Прокурорлор буга каршы болушту, бирок сот биздин өтүнүчтү канааттандырды. Мурдагы чечим боюнча ал Караколдон эч жакка чыга албай турган болсо, эми тергөөгө чакырганда сөзсүз барууга милдеттендирилди», - деди адвокат.

Рузиев быйыл 29-майда Караколдо анын УКМК жана прокуратура кызматкерлерине каршы жазган доо арызы каралган сот отурумунан чыгып келе жатканда кармалган. Эки күн изолятордо отургандан кийин алгач үй камагына алынып, кийин жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.

Башында «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери менен айып коюлуп, кийин экинчи берене алынып салынган.

Камиль Рузиев Караколдогу «Вентус» уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG