Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Диний илимге өмүрүн арнаган аалым


Алауддин Мансур.
Алауддин Мансур.

Диний чөйрөдө Алауддин Мансур деген ат менен таанылган Алауддин Рустамов 2020-жылдын 13-октябрында 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ал радикализмге билим менен каршы турууга чоң салым кошкон инсан катары Борбор Азияга таанылган. Саясаттан алыс, тек гана диний илимге өмүрүн арнаган, көп китеп жазган инсан катары белгилүү.

Алауддин Мансур 1952-жылдын 1-майында Ош облусундагы Кара-Суу шаарында туулган.

Замандаштары эскергендей, кичинекей кезинен баштап мусулманчылык амалдарына берилип, диний таалим-тарбия алып, аброй топтогон. Атактуу аалымдардан илим алган, көп окуган, көптөгөн шакирттерди даярдаган инсан эле.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин Алауддин Мансур Куранды эң алгачкылардан болуп кыргыз, өзбек тилдерине которгон. Кара-Суу шаарында «Курани каримди үйрөнүү илимий борборун» түзгөн. Ошол жерде чоң китепкана ачып, Курандын башка тилдерге которулган нускаларын чогулткан.

Алауддин Мансурдун жердеши, коомдук жана саясий ишмер Турсунбай Бакир уулу аны төмөнкүчө эскерди:

Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

«Алауддин Мансур агабыз Советер Союзунун убагында тыюу салынганына карабастан динди элге жеткиргенге жан үрөгөн. Кыргызстан эгемендик алгандан баштап анын хутбалары, диний сабактары Оштогу телеканалдардан көрсөтүлүп, Кара-Суу шаарындагы мечитине анын сөзүн угуш үчүн эл көп чогулчу. Жакшы мамиледе болгонбуз. Диний аалымдардын байланышын бекемдөө, Кыргызстандын мусулмандарына кандайдыр бир жардам көрсөтүү максатында Алауддин Мансур менен чет өлкөгө көп чыкканбыз. Германияда, Белгияда, Францияда мусулмандарга жолугуп келгенбиз. Устат менен бир бөлмөдө жашап, көп сүйлөшөт элек. Динден, Курандан, хадистерден сүйлөп, өзүнүн өмүр баяны жөнүндө көп нерсени айтып берчү эле. Бардык айткан сөздөрү эсимде».

Алауддин Мансурдун аткаруусундагы Курандын өзбекче котормосу казак, түркмөн, каракалпак жана уйгур тилдерине которулуп, миңдеген нускада басылып чыккан.

Диний илимге өмүрүн арнаган аалым
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:39 0:00
Түз линк

Курандын маанилерин өзбек тилинде чечмелегени Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо «Эң жакшы» деп табылган. 1990-1992-жылдары ал которгон Куран алгач Өзбекстандагы «Шарк юлдузи» журналында, кийин «Гафур Гулам» жана «Чолпон» басмаканаларында миллион нускада чыккан.

Маркум тууралуу Ош облусунун казысы Самидин Атабаев мындайча пикирин билдирди:

«Шейх Алауддин Мансур Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядагы терең илимдин ээси болгон аалымдарыбыздын бири. Өлкөбүздөгү диндин өнүгүшүнө өтө чоң салым кошкон. Айрыкча Куранды өзбек тилине, анан кыргыз тилине которуп, ушул багытта көп эмгектерди жасады. Мен окуп жүргөн кезде «маанисин билип алайын» деп ошол кишинин Куранды чечмелеген эмгектерин карап, жаттаганмын. Алауддин Мансурдун кыргызча которгон Куран китебин дайыма жанымда алып жүргөм. Ошентип Куран жаттагам. Аалымыбыздын Куранды элге түшүндүрүүдөгү эмгеги зор».

Турсунбай Бакир уулу маркумдун жөнөкөй, карапайым мүнөзүн эскерип отурду:

«Жөнөкөйлүгүнө таң калчу элем. Мисалы, Германияда мечитке кирсек Алауддин Мансурду таанып калгандар «Устат, сиз имамдыкка туруңуз» дешкен. Бирок ал киши баш тарткан. Жөнөкөйлүгү ушунда. «Жок. Силер өзүңөр тура бергиле. Мен ыраазымын», - деп катарыбызда намаз окуган. Чет өлкөдөгү мусулмандар менен сүйлөшкөндө анын илимине, билимине таң калгандар көп болор эле. Жашаган үйү да жөнөкөй болчу. Дайыма эл менен жолукканга аракеттенчү. Бир да хутбаны калтырбай, бардык суроолорго жооп берген адаты бар эле. Ушундай ажайып инсандан айрылдык».

Алауддин Мансур динди чүмбөт кылган экстремисттик уюмдарга каршы эл арасында, жергиликтүү телеканалдар, басылмалар аркылуу, мечиттердеги такай сабактарында Курандын аяттарынын, хадистердин негизинде сөз айтып, алардын бетин ачып, элге кеңири түшүндүрүү иштерин жасаган.

Самидин Атабаев маркумдун түрдүү экстремисттик уюмдарга каршы турушун төмөнкүчө баяндады:

Самидин Атабаев.
Самидин Атабаев.

«Биз жаңы илим ала баштаганда «Хизб ут-Тахрир» деген жаамат коомго аралаша баштады. Биз динге чакырабыз» деп шарияттан, исламдан сүйлөшүп, дин жана пайгамбар тууралуу айтып, өз идеологиясын сиңиргенге аракет кылышкан. Ошол кезде бизде агымдар жөнүндө анча түшүнүк жок экен. Ал кезде шейх Алауддин Мансур ар жумада сабактарды уюштуруп, аны кассетага жаздырып тарата баштаган. Аалымдын «хизбуттахрирчилер» тууралуу мисалдар менен сүйлөгөн сөздөрүн угуп, мен ал жамааттын ким экендигин абдан жакшы, терең түшүндүм. Чынында, Алауддин Мансур агайдын сөзүнөн, анын берген илиминен терс агымдар кандай экендигин, максаттарын айырмалап билдим».

Самидин Атабаев Аллаудин Мансур китеп жазуу, которуу, аларды элге жеткирүү, таратуу жаатында көп иштеп, башка дин аалымдарынан айырмаланганын айтты:

«Бул кишинин мени таасирленткен сыпаттарынын бири – убакытка өтө так эле. Убакытты баалай билгендигинен илимин өркүндөтүп, Куранды чечмеледи. Өмүрүнүн акыркы күндөрү мага өз колу менен берген «Курани Азим» тафсирин чечмелеп жүргөн. «Ушуну бүтүрүп алайын, Самидин каары. Кээде чогулушка, жыйындарга чакырсаңыздар, мен ушул тафсирди жазып бүтүрүп алайын деп убакыттан кызганып барбай калам. Эч жаман ойлобогула. Менин көп чогулуштарга, иш-чараларга катышпаганымдын эң негизги себептеринин бири – ушул. Убактымды жеткизип алайын»,- деген болчу».

Алауддин Мансурдун «Имам Аъзам - улуу имамыбыз» аттуу чыгармасы жарык көргөн. Бул китеп кыргыз, өзбек, казак, уйгур жана орус тилдеринде басылган.

Имам Аъзам мазхабындагы улуу аалымдардан болгон Алауддин Касанийдин он томдук «Бадоеус-саноеъ» китебинин «Даарат» жана «Намаз» китептерин дагы араб тилинен которгон. Бул китептер Ош жана Ташкент шаарларында миңдеген нускада басылып чыккан. Аалымдын «Қурани Азим» тафсиринин 17 тому жарык көргөн.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев маркумдун жакындарына көңүл айтып, Алауддин Мансур өз өмүрүн дин тармагында арнаганын, башкаларга өрнөктүү билимин бергенин билдирди.

Алауддин Мансурдун сөөгү 2020-жылдын 14-октябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында жерге берилди.

XS
SM
MD
LG